Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:34

Жогорку Кеңеште кымбатчылык боюнча парламенттик угуу өтүп жатат

Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.
Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш 25-майда баалардын өсүшү боюнча парламенттик угуу өткөрүп жатат. Анда парламент "Баа түзүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү" жөнүндө мыйзам долбоорун 2-окуудан карап жатат.

Депутаттарга маалымат берген экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланованын маалыматына ылайык, социалдык мааниге ээ товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин Министрлер кабинети ишкерлик уюмдар менен чогуу иштеп чыгып, бекитүү, ал эми тизмени Жогорку Кеңештин макулдугу менен бекитүү сунушталган. Ошондой эле мыйзам долбоорунда ишкерликтин "рентабелдүүлүгү" деген термин киргизилүүдө.

Парламенттик угууга депутаттар, Министрлер кабинетинин тийиштүү мүчөлөрү жана ишкерлер катышып жатышат.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков атаандаштыкты өнүктүрүү менен бааларды тескөөгө мүмкүн экенин, бул мыйзам тескерисинче атаандаштыкты чектей турганын белгиледи.

"Айлыктардын өсүшүнөн экономикадагы талап көбөйдү, бирок сунуш көбөйгөн жок. Ошондуктан, баалар өсүп жатат. Эгер бааларды кармайбыз десек, түрдүү бюрократияларды жоюп, ишканалар үчүн тоскоолдуктарды алып, атаандаштыкты өнүктүрүшүбүз керек. Ушундай ыкма менен гана биз бааларды жөнгө сала алабыз", - деди Сыдыков.

Ишкерлердин өкүлү жаңы мыйзамды бул редакцияда кабыл алуудан баш тартып, дагы иштеп чыгуу зарылдыгын сунуштады.

Эмгек акылар менен акча которуулардын өсүшүнөн улам калктын керектөө активдүүлүгү ички суроо-талапты көбөйтүп жатканын мурдараак Улуттук банк да маалымдаган.

Улуттук банктын көрсөткүчүнө ылайык, 22-майга карата инфляциянын деңгээли 11,4% болгон. Жыл башында бул көрсөткүч 9,4% болчу.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG