Былтыр Кыргызстанда 8 миң 442 кишиден гепатиттин А вирусу аныкталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги “Азаттыкка” билдирди.
2024-жылы 21 миң адамдан сарык табылган. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда 3069 киши. Ош облусунда 2002 киши, Баткенде 2024-жылы 4331 киши ооруган.
Баткенде бул көрсөткүч 1 259 кишиге азайган. Калган облустарда жана Ош, Бишкек шаарларында бул вируска чалдыккандардын саны миңден төмөн.
Гепатит – боордун сезгенишине алып келген жугуштуу оору. Анын А, В, С, Е жана D түрлөрү бар. А түрү эл арасында сарык деген ат менен тараган. Калган формалары кан аркылуу жугат.
Гепатитти алдын алуу жана дарылоого мамлекет 2026-жылга 492 млн 460 миң сом бөлгөн.
Сарык 14 жашка чейинки балдардын арасында көбүрөөк тарайт. Негизинен кир кол, тамак-аш азыктары аркылуу жугат жана таза суу тартыш аймактарга көп катталат. Дарыгерлер сарыктын көбөйүшүн ичүүчү суунун сапаты жана санитардык нормалардын сакталбаганы менен байланыштырышат.
Кыргызстанда таза суу маселеси ондогон жылдардан бери чечилбеген көйгөй бойдон калууда. Ушу тапта өлкөдөгү 400дөн ашык калктуу конушта бул маселе курч. Ал эми 700дөй айылда суу тартуу аракети жүрүүдө.
Статистикага караганда Кыргызстанда калктын дээрлик 97% таза сууга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок анын инфраструктурасы түзүлгөн эмес. “Азаттык” ондогон жылдар бою таза сууга зар болгон элдин турмушун Ош облусундагы эки айылдын мисалында көрсөтүп берген.
Шерине