Франциянын президенти Эммануэл Макрон жекшембиде Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Лукашенконун басма сөз кызматы билдирди. Елисей сарайы бул билдирүүгө азырынча комментарий бере элек, бирок сүйлөшүү болгонун франциялык жалпыга маалымдоо каражаттары ырасташты.
Бул – алардын 2022-жылдын 26-февралынан берки биринчи сүйлөшүүсү. Ал кездеги сүйлөшүү Орусиянын Украинага басып киргенинин үчүнчү күнүндө, Беларуста орус жана украин делегацияларынын ортосунда сүйлөшүүлөрдү уюштуруу аракеттери көрүлүп жаткан маалда болгон. Ал сүйлөшүүлөр өткөнү менен, эч кандай жыйынтык берген эмес.
Лукашенконун басма сөз кызматы билдиргендей, телефондон сүйлөшүү 24-майда франциялык тараптын демилгеси менен өттү. “Мамлекет башчылары аймактык маселелерди, Беларустун Евробиримдик жана өзгөчө Франция менен болгон мамилелерин талкуулашты”, - деп айтылат билдирүүдө. Башка деталдар айтылган жок. Лукашенко өзү бул сүйлөшүү боюнча комментарий бере элек.
Франциянын TF1/LCI телеканалы өз булактарына таянып билдиргендей, Макрон, өзгөчө, “эгер Беларус Орусиянын Украинага каршы агрессивдүү согушуна аралашууга жол берсе, бул өлкө үчүн кандай тобокелдиктерди алып келерин баса белгилеген”. Булактын айтымында, Макрон “Александр Лукашенкону Беларус менен Европанын ортосундагы мамилелерди жакшыртуу үчүн зарыл кадамдарды жасоого чакырган”.
“Радио Свободанын” беларус кызматы дем алыш күнү болгон бул чалуу акыркы окуялардын фонунда “кооптуу белги” катары кабыл алынышы мүмкүн экенин белгиледи. Акыркы убакта украин бийлиги Орусия өзүнүн өнөктөшү Беларусту согушка түз тартууга умтулуп жатканын билдирип келет. Минск өзгөчө согуштун алгачкы этабында Орусияга логистикалык жана башка жардамдарды көрсөткөнү менен ушул күнгө чейин Украинага каршы согуштук аракеттерге түз катышуудан карманып келет.
Жакында эле Беларустун аймагында Орусия менен бирге өлкөгө жайгаштырылган “Искандер” ракеталарын колдонуу боюнча өзөктүк машыгуулар өттү. Акыркы жылдары Беларуста Орусиянын тактикалык өзөктүк куралы жана айтылган маалыматтарга караганда “Орешник” орто аралыкка атуучу ракеталык комплекстери жайгаштырылган. Лукашенко бул машыгуулардын жүрүшүндө Беларус Украина менен согушка өзү агрессияга кабылган учурда гана кирерин билдирди.
Шерине