Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Орусиянын Украинага чабуулдары Кремлдин мыкаачылыгын жана адам өмүрү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн тоготпой турганын көрсөткөнүн айтты.
"Карапайым адамдарга карата террор - күчтүүлүктүн эмес, айла кетүүнүн белгиси. Биз Украинаны бекем колдойбуз жана абадан коргонуу системасын чыңдоо үчүн кошумча жардам даярдап жатабыз", – деп жазды ал Х түйүнүнө.
Еврошаркеттин тышкы саясат мекемесинин жетекчиси Кая Каллас келаткан аптада Батыш мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери Орусияга эл аралык басымды күчөтүү маселесин талкууларын жазды.
"Орусия майданда туңгуюкка кептелди, ошондуктан Украинаны шаарлардын борборун атайлап бутага алган соккулар менен террор кылып жатат", – деди Каллас.
Алар негизинен соккуларда өзөктүк дүрмөт көтөрө ала турган "Орешник" ракеталык системасынын колдонулганына көңүл бурушту. Литванын Тышкы иштер министрлиги буга байланыштуу Орусияга нааразылык нотасын жолдоду. Канаданын премьери Марк Карни да соккуларды айыптады.
24-майга караган түнү Орусия Украинага жапырт сокку урган. Акыркы маалыматтарга караганда, андан төрт киши каза таап, 100гө чукулу түрдүү жараат алды.
Украин президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, башкалаа Киевдин өзүндө эле 30дай имарат талкаланды. Арасында "Чернобыль" музейи бар. Украинанын Аба күчтөрү Орусия тарабынан түнү 549 дрон жана 55 ракета учурулганын билдирди.
Орус Коргоо министрлиги жапырт чабуулда "Кинжал", "Циркон" жана "Орешник", "Искандер" ракеталары, учкучсуз учактар колдонулганын ырастап, муну Орусиянын жарандык объектилерине карата украин чабуулдарына жооп деп атады.
Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп келет, андан бери миңдеген киши бейкүнөө ажал тапты, жараат алгандар миңдеп саналат. Киев Москванын согушуна жооп иретинде, орусиялык мунай заводдору менен армияны каржылаган башка объектилерге маал-маалы менен чабуул коюп жатат.
- 22-майда орус президенти Владимир Путин Луганск облусунун Орусия көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү Старобельскиде коллеж менен жатаканага сокку урулганын билдирип, муну теракт деп атаган. Москва анда 21 киши, негизинен коллеждин жашы жете элек студенттери өлгөнүн жарыялаган. Путин Коргоо министрлигине буга жооп даярдоону тапшырган.
- Украина ал кезде бутага аскердик объект - Орусиянын "Рубикон" борборунун штабы алынган деген жооп кайтарып, Кремлдин айыптоолорун четке каккан.
Шерине