Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:42

Украинада жапырт чабуулдун курмандыктары төрткө, жараат алгандар 100гө жетти

Украина. Киев. Орусиянын соккусунан кийинки көрүнүш. 24-май, 2026-жыл
Украина. Киев. Орусиянын соккусунан кийинки көрүнүш. 24-май, 2026-жыл

Орусиянын Украинага 24-майга караган түнкү жапырт чабуулдарында акыркы маалымат боюнча төрт киши каза таап, 100гө жакын киши түрдүү жараат алды.

Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский билдирди. Анын айтымында, башкалаа Киевде эле 30га жакын имарат талкаланды.

"Элибиздин бири-бирин колдоп жатканы абдан маанилүү. Жабыркагандарга жардам берип жаткан ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем. Өнөктөштөрүбүздүн колдоосу да абдан маанилүү. Колдоосун билдирип жаткандардын баарына ыраазымын. Бирок абадан коргонууну чыңдоо үчүн да конкреттүү кадамдар керек, ракеталарды жеткирүү бир күнгө да токтобоого тийиш", - деп жазды ал соцтармактардагы баракчаларына.

Буга чейин Киевдин мэри Виталий Кличко Украинанын борборунда жапырт чабуулдардан эки адам каза болуп, кеминде 77си жаракат алганын билдирген.

Орусия түндө Украинанын Киев шаарын жана Киев облусун жапырт бутага алган.

Орус Коргоо министрлиги жапырт чабуулда "Кинжал", "Циркон" жана "Орешник", "Искандер" ракеталары, учкучсуз учактар колдонулганын ырастап, муну Орусиянын жарандык объектилерине карата Украинанын чабуулдарына жооп деп атады.

Зеленский 23-майда Орусия "Орешник" ракеталары менен чабуул коюуга даярданып жатканы тууралуу чалгындын маалыматы бар экенин жарыялаган.

Украинанын Аба күчтөрү Орусия тарабынан түнү 549 дрон жана 55 ракета учурулганын билдирген.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG