АКШда жашоого жана иштөөгө укук берген грин-карта үчүн арыз берүү тартиби өзгөрдү.
АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматы (USCIS) билдиргендей, эми АКШнын аймагында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандар грин-карта алуу үчүн арызды өз өлкөсүнөн тапшырышы керек.
Американын өзүнөн "өзгөчө абалда" гана тапшырууга уруксат берилет. USCISтин басма сөз катчысы Зак Калер студенттер, убактылуу иштөө үчүн баргандар, туристтер Америкага кыска мөөнөттүк сапарларын грин-карта алуунун жолу катары карабашы керектигин айтты.
Аталган мекеменин мурдагы кызматкери Дуг Рэнд NBC News менен маегинде белгилегендей, жыл сайын болжол менен миллионго чукул адам грин-карта алуу үчүн арыз берет. Алардын жарымы Американын өзүндө туруп тапшыргандар.
Шерине