Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:32

Президент Жапаров Кытайдын лидери Си Цзинпинге көңүл айтты

Кырсык болгон аймак. Шаньси, Кытай.
Кырсык болгон аймак. Шаньси, Кытай.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзинпинге Шаньси провинциясында шахтада болгон кырсыктан адамдар каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты.

Мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында:

“Кытайдын Шаньси провинциясындагы көмүр шахтасында газдын жарылышынын кесепетинен адамдар каза болду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм”, - деп жазылган.

22-майдын кечинде Кытайдын Шаньси провинциясындагы көмүр шахтада жарылуу болуп, 90 адам мерт кеткени кабарланган.

Мамлекеттик телеканалдар шахтадагы зыяндуу газдын деңгээли "тиешелүү нормадан ашып түшкөнүн" маалымдашкан.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG