АКШ президенти Дональд Трамп Сауд Арабиясын, Катарды жана Жакынкы Чыгыштагы дагы бир катар өлкөлөрдү Авраам келишимине кошулууга чакырды. Ал бул келишимди аймактагы жалпы тынчтык макулдашуулары менен байланыштырды.
Америка президентинин айтымында, бул жараяндын бир бөлүгү катары Иран менен да келишимдер түзүлүшү керек. Бул тууралуу Трамп Truth Social социалдык тармагына жазды.
Трамптын билдирүүсүнөн ал Авраам келишимине Ирандын өзүнүн да кошулушун колдой турганы байкалат.
Авраам келишими деп 2020-2021-жылдары Израил менен төрт мамлекет - Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Марокко жана Судандын ортосунда түзүлгөн макулдашуу аталат. Ага ылайык, мусулмандар басымдуулук кылган бул өлкөлөр Израилди расмий тааныган.
Кийинчерээк бул келишимге Казакстан да кошулган. Бирок Казакстан Израилди андан мурда эле тааныган болчу.
Трамптын билдирүүсүндө Израил тууралуу түз айтылган эмес. Ошондуктан АКШ президенти азыр талкууланып жаткан Иран менен тынчтык келишими менен Авраам макулдашуусунун эмне байланышы бар экенин тактаган жок.
АКШ президенти ошондой эле Пакистанды, Түркияны, Египетти жана Иорданияны келишимдерге кошулууга чакырды. Бул өлкөлөрдүн ичинен Пакистандан башкасы Израилди буга чейин эле тааныган.
АКШ президенти өзгөчө Катар менен Сауд Арабиясына басым жасады.
Трамп дем алыш күндөрү аталган өлкөлөрдүн лидерлери менен сүйлөшкөнүн жана бул маселени талкуулаганын билдирди.
Бул тууралуу буга чейин Axios басылмасынын журналисти Барак Равид да жазган. Анын маалыматына караганда, Трамп Иран менен макулдашуу түзүлгөн учурда аймактагы мамлекеттерге Авраам келишимдерине кошулууну сунуштаган.
Трамп Тегеран менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр тууралуу айтып жатып алар жакшы нукта бара жатканын белгиледи. Анын айтымында, жыйынтыгында же “маңыздуу келишим” түзүлөт, же болбосо түзүлбөйт. Эгер макулдашуу болбой калса АКШ Иранга мурдагыдан да күчтүү сокку урууну баштайт.
Ортомчулар аркылуу жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин эки тарап тең ырастоодо. Бирок документке жекшемби күнү эле кол коюлат деген алгачкы божомолдор ишке ашкан жок.
Эми Трамптын администрациясындагы булактар келишим жакынкы күндөрү түзүлүшү мүмкүн деп үмүттөнүп турушат.
Шерине