АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аракетин дагы бир жолу колдоду.
Ал 25-майда Truth Social социалдык тармагына жазган билдирүүсүндө Иран менен түзүлө турган кандай гана келишим болбосун “мыкты жана маңыздуу болот, болбосо такыр келишим түзүлбөйт” деди.
Ошондой эле Трамп Тегеран менен жетишиле турган кандай гана макулдашуу болбосун, мурдагы президент Барак Обаманын тушунда 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимден айырмаланарын баса белгиледи.
Буга чейин Трамптын администрациясынын өкүлдөрү АКШ менен Ирандын ортосунда жакын арада өзөктүк келишим түзүлүп калышы мүмкүн экенин билдиришкен.
Ошол эле учурда жогорку кызматтагы өкүлдөр макулдашууга жетүү үчүн дагы бир нече күн керек экенин жана негизги маселелер али толук чечиле электигин айтышты.
Администрация өкүлдөрүнүн айтымында, Тегеран менен сүйлөшүүлөр болжол менен “90-95%” аяктады. Алар өткөн дем алыш күндөрү сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыш болгонуна карабастан азырынча дароо келишимге кол коюлбай турганын бир нече жолу белгилешти.
“Биз азырынча акыркы чекке жете элекпиз”, — деди жогорку кызматтагы өкүлдөрдүн бири 24-майда.
Негизги жылыштардын бири Ирандын жогорку деңгээлде байытылган уран кору боюнча болушу мүмкүн. Бул маселе көптөн бери сүйлөшүүлөрдөгү башкы тоскоолдуктардын бири болуп келген.
Эл аралык атомдук энергия агенттигинин маалыматына ылайык, учурда Иранда 60% чейин байытылган 440 килограммдан ашык уран бар. Бул деңгээл жарандык энергетика үчүн керектүүдөн кыйла жогору.
АКШ өкүлдөрүнүн айтымында, сунушталып жаткан келишимге ылайык, Иран белгилүү бир шарттарды аткаргандан кийин гана санкциялар акырындык менен жеңилдетилет. Алардын ичинде байытылган уран корлорун жоюу жана Ормуз кысыгы аркылуу өткөн деңиз каттамдарына тоскоол болууну токтотуу талаптары бар.
“Иран биринчи өз милдеттенмелерин аткармайынча эч кандай жеңилдик болбойт”, — деди өкүлдөрдүн бири.
Шерине