Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:36

Беларустун оппозиция лидери Тихановская согуш башталгандан бери алгачкы жолу Киевге барды

Беларус оппозициясынын лидери Украинадагы согушта каза болгон беларус ыктыярчысы Мария Зайцеванын мүрзөсүнө барды. 25-май, Киев.
Беларус оппозициясынын лидери Украинадагы согушта каза болгон беларус ыктыярчысы Мария Зайцеванын мүрзөсүнө барды. 25-май, Киев.

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская 25-май күнү эртең менен Киевге сапар менен барды. Бул анын согуш башталганы Украина борборуна расмий макамда алгачкы сапары.

Тихановскаянын тарапкерлери аны Беларустун шайланган президенти деп эсептешет. Батыш өлкөлөрү болсо аны беларус демократиялык күчтөрүнүн лидери катары кабыл алып, байланыш жүргүзүп келет.

Тихановская Киевге орус армиясынын ири соккусунан бир күн өткөндөн кийин барды. Украин темир жол кызматы оппозиция лидерине “эркин Минскиге” чейинки символикалык билет тапшырды.

Ал сапарын согушта каза болгон беларус ыктыярчысы Мария Зайцеванын мүрзөсүнө баруу менен баштады.

Маалыматтарга караганда, Светлана Тихановская Украина президенти Владимир Зеленский жана башка украин жетекчилери менен жолугушат.

Бул сапар Киев менен расмий Минскинин ортосундагы мамиле кайрадан чыңалып турган учурга туш келди. Азыркы тапта Украинада Беларус бийлиги Орусия тарабында согушка түздөн-түз катышууга даярданып жатат деген кооптонуу бар.

Светлана Тихановская 2020-жылы Беларуста президенттик шайлоодо талапкер болгон. Анда бийлик Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган. Бирок оппозиция тарапкерлери чындыгында көпчүлүк Тихановскаяны колдогонун айтып келишет.

Шайлоодон кийинки ири нааразылык акциялары күч менен басылган. Ал эми Тихановская Беларустан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Тышта ал Бириккен өткөөл кабинетти түзүп, беларус демократиялык күчтөрүнүн таанылган лидери катары иш алып барууда.

Бир күн мурда Франция президенти Эммануэл Макрон төрт жылдан ашуун убакыттан кийин биринчи жолу беларус авторитардык лидери Александр Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Француз медиасы Макрон Лукашенкону Украинага каршы согушка катышпоого чакырганын жазды.

Шерине

XS
SM
MD
LG