Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:34

Кара-Сууда асынган абалда табылган 21 жаштагы келиндин өлүмү иликтенүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Суу районунун Мамажан айылынын 21 жаштагы тургуну өз үйүндөгү сарайда асынган абалда табылган. Маалыматты райондук ички иштер бөлүмүнөн ырасташты.

Келин муунуп каза болгону тууралуу маалымат милициянын нөөмөт бөлүмүнө 22-майда саат 00:30 чамасында Ош облустук ооруканасынан түшкөн.

Баштапкы маалыматтарга караганда, келин өз үйүндө мал сарайдын ичинде, мал байлаган эски жипке асынып алган абалда табылган. Окуя болгон жерге жана маркумдун сөөгүнө кароо жүргүзүлгөн, күбөлөр суралган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда окуянын чоо-жайы толук иликтенип жатат.

Соцтармактарда маркумдун эки баласы бар экенин жазышууда.

Кыргызстанда жыл башынан бери бир нече келин өз жанын кыйды.

Марттын башында Ноокатта 21 жаштагы келин асынып алган абалында табылган. Маркум келин ошол күнү апасына Вотсаптан "күйөөсү дагы уруп жатканын" жазганга үлгүргөн.

4-апрелде Бишкектин Жал кичирайонунда 27 жаштагы келин 2025-жылы жана 2021-жылы туулган эки баласы менен алтынчы кабаттан кулаган. Келин кичүү баласы экөө ошол жерден жан берген, төрт жашар кызы ооруканага жеткирилген. Милиция окуяга байланыштуу адамды өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү деген негизде кылмыш ишин козгоп, күйөөсүн кармап, камакка алган.

12-апрелде Өзгөндө 29 жаштагы келиндин сөөгү өз үйүнөн асынган абалда табылган. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG