Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:08

ДССУнун жетекчиси эбола эпидемиясы өтө тез жайылып жатканын айтты

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейесус. 20-май, 2026-жыл.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейесус. 20-май, 2026-жыл.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жетекчиси эбола эпидемиясы өтө тез жайылып, ага каршы аракеттер жетишпей жатканын билдирди. Тедрос Адханом Гебрейесус 25-майда Конго Демократиялык Республикасы менен Угандадагы эбола вирусунун жайылышы көзөмөлдөн чыгып кеткенин айтты.

Анын маалыматына ылайык, бул илдеттен набыт болгондордун саны 220га жетти.

Африка Биримдигинин онлайн жыйынында сүйлөгөн Гебрейесус эбола жугузуп алгандарды аныктоо кечеңдеп кеткендиктен адистер азыр “артынан кууп жетүүгө аракет кылып жатканын” билдирди.

ДССУнун жетекчисинин айтымында, эпидемия дагы күчөшү мүмкүн.

Эбола кайра баш көтөргөнү тууралуу маалымат 15-майда чыккан.

Көп өтпөй Тедрос Адханом Гебрейесус "Бундибугйо" деген кооптуу штаммдын жайылышын эл аралык деңгээлдеги чукул кырдаал деп жарыялаган. Вирустун бул түрү аз изилденген, ага каршы вакцина жана дары жок, 30% учурда бейтаптын өлүмүнө алып келет.

Конго Демократиялык жумуриятынын бийлиги вирус улам бир аймакка тарап жатканын билдирүүдө. Бул өлкөдө 2025-жылы эболадан 34 адам каза болгон.

2018-2020-жылдары илдет 2300 кишинин өмүрүн алган.

Жалпысынан 50 жыл ичинде эболадан Африкада 15000ге жакын адам көз жумду.


Шерине

XS
SM
MD
LG