Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Кыргызстан суу боюнча жетиштүү кенемте албай жатканы эл аралык жыйында айтылды

Көл-Суу. Иллюстрациялык сүрөт.
Көл-Суу. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кыргызстан өзүнүн суу ресурстарынын болгону 30 пайызын гана пайдаланарын, калган бөлүгүн коңшу өлкөлөр колдонорун белгиледи. Акунбеков бул тууралуу Тажикстанга иш сапары учурунда “Суу туруктуу өнүгүү үчүн” деп аталган эл аралык конференцияда сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Анын сөзүнө караганда, Кыргызстан тоолордогу мөңгүлөрдү сактоого жана гидротехникалык объекттерди иштетүүгө ири суммада каражат сарптайт. Акыркы бир жылда эле суу тармагына 80 млн доллар, акыркы беш жылда 259 млн доллар бөлүнгөн.

“Бирок, ачык айтышыбыз керек: бүгүнкү күндө биздин өлкө бул аракеттер үчүн жетиштүү кенемте алган жок. Андан тышкары, биз ондогон жылдар бою аймактын суу менен камсыздалышы үчүн суу сактагычтарды курууга берген жерлерибиздин кирешесин да жоготуп келе жатабыз. Кыргызстан тоолордогу мөңгүлөрдү сактоого жана гидротехникалык объекттерди иштетүүгө ири суммада каражат сарптайт. Акыркы бир жылда эле суу тармагына 80 млн доллар, акыркы беш жылда 259 млн доллар бөлүнгөн. Бирок бир эле биздин ресурсубуз эскирген инфратүзүмдү жаңылоо үчүн жетишсиз. Аймактагы бардык өлкөлөрдө натыйжалуу жана заманбап суу ресурстарын башкаруу системасын куруу үчүн бизге кошумча, консолидацияланган каражаттар керек", - деп белгиледи вице-премьер-министр.

Эрлист Акунбеков мөңгүлөрдүн эриши, жаан-чачындын азайышы жана суу ресурстарынын төмөндөшү учурда бир мамлекеттин эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагынын көйгөйүнө айланганын белгиледи.

Акунбеков Ысык-Көлдүн да суусу азайып жатканын айтып, акыркы он жылдыкта көлгө куйган дарыялардын саны 100дөн 30га чейин кыскарганын белгиледи. Ал эл аралык өнөктөштөрдү көлдү сактоо жана калыбына келтирүү боюнча программаларды чогуу ишке ашырууга жана 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Борбор Азия өлкөлөрүн суу маселесин чогуу чечүүгө буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да үндөгөн. Мамлекет башчы 22-апрелде Астанада өтүп жаткан Аймактык экологиялык саммитте сүйлөп жатып, акыркы беш жылда жаратылыш катаклизмдеринен жылдык түз материалдык чыгым болжолдуу 16 млн долларга чыкканын белгилеген.

Ал Кыргызстан Борбор Азия аймагында суу запастарын коргоо жана сактоо үчүн олуттуу каражат сарптоо менен ондогон жылдар бою суу бөлүштүрүүнүн мурдагы лимитин сактап келе жатканын белгилеп, суу пайдалануучулар чыгымды чогуу каржылашы керектигин билдирген.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG