23-июнда Вашингтондо Ливан менен Израилдин өкүлдөрүнүн жаңы айлампадагы сүйлөшүүлөрү башталат.
Reuters агенттиги жазгандай, Бейрут түз сүйлөшүүлөрдү улантуу ниети бар экенин билдирген.
Ливандын расмий өкүлдөрү Израил менен бетме-бет сүйлөшүүлөр март айынан бери уланып жаткан согушту токтотууга жардам берет деп эсептешет.
Бирок апрель айынан бери өткөн сүйлөшүүлөрдүн төрт жолку айлампасы туруктуу ок атышууну токтотуу келишимине алып келген жок.
Ливан сүйлөшүүлөрдө Израилдин түштүк Ливандан аскерлерин чыгарып кетүү мөөнөтүн талкуулоону көздөөдө. Бирок Израил бийлиги аскерлер азырынча аймакта кала турганын билдирип келет.
Өз кезегинде Израил сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты катары "Хезболланы" куралсыздандырууну жана Ливан менен толук кандуу тынчтык келишимине жетишүүнү атады.
Израил өкмөтүнүн өкүлү Давид Менцер Ливан менен келишим түзүүгө тоскоол болуп жаткан негизги фактор "Хезболла" экенин билдирди.
Иран колдогон "Хезболла" кыймылы Ливандын түштүгүнүн көп бөлүгүн көзөмөлдөйт. АКШ бул уюмду террордук деп эсептейт. Ал эми Евробиримдик анын куралдуу канатын террордук уюмдардын тизмесине киргизген, бирок саясий канатына мындай макам берген эмес.
Ливандагы таасирдүү куралдуу топ куралсыздануудан баш тартып, өкмөттү Израил менен түз сүйлөшүүлөрдү токтотууга чакырууда.
Эксперттердин пикиринде, АКШ менен Ирандын келишими аймактагы чыңалууну убактылуу басаңдатканы менен, Ливан менен Израилдин позицияларында азырынча олуттуу жакындашуу байкала элек.
АКШнын президенти Дональд Трамп дүйнөлүк мунай базарындагы продукциянын бир кыйла бөлүгү өтүп туруучу Ормуз кысыгы толугу менен ачылганын жарыялады.
"Кечээ кысык аркылуу мурдагы убакка караганда өтө көп өлчөмдө мунай өттү. Мунай оргумасы. Кысык толук ачык... Бизде дагы эки нерсе бар: кысык жана эч качан өзөктүк куралы болбой турган өлкө", - деди Трамп 22-июнда.
Иранга өзөктүк курал иштеп чыгуусуна тоскоолдук кылуу АКШ менен Израилдин кол салуусунун негизги себептеринин бири экени айтылган.
Reuters Ирандын сүйлөшүүлөрдөгү башкы өкүлү, парламент спикери Мухаммад Багер Галибафтын Тегеран Ормуз кысыгы аркылуу кеме кыймылына байланыштуу алакага бул стратегиялык маанилүү жолдо чатактарды жана жаңжалдарды болтурбоо үчүн макул болгону тууралуу айткан сөзүн келтирди.
Согуш, Ирандын Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө сокку уруусу, кысыктын жабылышы мунайдын дүйнөлүк базарда кескин кымбатташына жана глобалдык экономиканын төмөндөшүнө алып келди.
Financial Times гезити спутниктен алынган маалыматынын негизинде кысыктын жанында 441 танкер турганын эсептеп чыкты.
Ормуз кысыгынын ачылышы боюнча маселе Швейцариядагы АКШ-Иран сүйлөшүүлөрүнүн көңүл борборунда турат.
АКШ менен Иран акыркы тынчтык келишимине алып барчу жол картасын макулдашты
Пакистандык жана катарлык арачылар 22-июнда билдиргендей, АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү аяктап, жаатташкан тараптар 60 күн ичинде акыркы тынчтык келишимине жетүү үчүн жол картасын макулдашты. Ага Ормуз кысыгы аркылуу коопсуз өтүүнү кепилдөө жана Ливандагы согуштук аракеттерди токтотуу да кирет.
Катар менен Пакистан тараткан биргелешкен билдирүүдө конкреттүү маалыматтар аз берилди. Келишим, сыягы, өткөн аптада АКШ менен Ирандын президенттери кол койгон Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумда (MOU) жарыяланган максаттарды чагылдырат.
Ал меморандумдагы 14 пункттан турган макулдашуунун көптөгөн шарттары так чечмеленбей калган . Бул маселелер акыркы макулдашууда такталганбы же жокпу - азырынча белгисиз.
Билдирүүдө расмий сүйлөшүүлөр Швейцариянын Бүргеншток курорттук шаарчасында аяктаганы, бирок делегациялар алдыдагы жума ичинде техникалык деңгээлдеги кошумча сүйлөшүүлөрдү уланта турганы айтылат.
Швейцариянын Бүргеншток шаарында АКШ-Иран сүйлөшүүлөрүнүн биринчи раунду 80 мүнөттөй талкуудан кийин аяктады.
Бул тууралуу ирандык Fars, ISNA агенттиктери жана "Аль-Жазира" телеканалы жазды.
Пакистан жана Катардын арачылыгы менен өтүп жаткан сүйлөшүүлөр ички кеңешүүлөр үчүн убактылуу токтотулду.
Америкалык делегацияны АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс жетектейт. Ирандын атынан сүйлөшүүлөрдү парламент спикери Мухаммад Багер Галибаф жана тышкы иштер министри Аббас Аракчи жүргүзүүдө. Ыктымал макулдашуунун параметрлерин түзүү үчүн техникалык, эксперттик жана көзөмөл топтору түзүлдү.
Tasnim агенттигинин маалымдашынча, Ирандын өкулдөрү сүйлөшүүлөр алдында америкалык делегация менен чогуу сүрөткө түшүүдөн, кол алышуудан баш тартышты.
"Аль-Жазиранын" тасмаларында Ирандын жана АКШнын делегация өкүлдөрүнүн Пакистан арачылары менен кол алышып учурашып жатканы тартылган.
Вэнс биринчи раунддун жыйынтыгында сүйлөшүүлөрдө жылыш болгонун билдирди. Анын сөзүнө караганда, тараптар Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы макулдашууга, Израил "Хезболла" согушкер тобуна каршы операциясын улантып жаткан Ливандагы кырдаалга байланыштуу дагы бир катар маселелерди чечүү керек. Вашингтон "Хезболланы" террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген.
Tasnim агенттиги сүйлөшүүлөргө катышып жаткан топко жакын булагына шилтеме кылып, Иран Ормуз кысыгын ачуу үчүн Ливандагы согушту токтотуу жана ирандык мунай менен мунай заттарды экспорттоого уруксат берүү шарттарын койгонун маалымдады.
Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда АКШ президенти Дональд Трамп Тегеранга Ормуз кысыгында чектөө киргизчү болсо, Иран өзүнүн мамлекеттүүлүгүн жоготуп алышы ыктымалдыгын эскертти.
Tasnim агенттигинин булагы маалымдагандай, Ирандын өкүлдөрү сүйлөшүү учурунда Трамптын бул эскертүүсү үчүн Америка тарапка каршылыгын билдиришкен. Вашингтон бул маалыматтарды комментарийлеген жок.
Шерине