Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:10

Ормуз кризиси: Трамптын долбоору токтотулду, курчоо күчүндө

Ирандын ISNA агенттигинен алынган cүрөт. 2026-жылдын 2-майында тартылган. Ирандын желеги астындагы Atlas Pishro кемеси Бандар-Аббаска жакын жерде сүзүп баратат.
Ирандын ISNA агенттигинен алынган cүрөт. 2026-жылдын 2-майында тартылган. Ирандын желеги астындагы Atlas Pishro кемеси Бандар-Аббаска жакын жерде сүзүп баратат.

АКШнын президенти Дональд Трамп Ормуз кризисине байланыштуу Перс булуңунда турган кемелерди коштоп өтүү операциясы убактылуу токтотуларын жарыялады. Трамп мындай чечимди Тегеран менен тынчтык келишимге келүү мүмкүнчүлүгүн баалоо аракети деп түшүндүрдү.

Трамптын "Эркиндик" долбоору

Дональд Трамптын айтымында, 4-майда ишке киришкени жарыяланган "Эркиндик" долбоору АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө ортомчу болуп жаткан Пакистандын өтүнүчү менен токтотулду.

Трамп өзүнүн Truth Social баракчасына мындай чечим "эбегейсиз аскердик ийгиликтерге" жана Иран менен тынчтык келишимине жетишүүдө "маанилүү жылышка" байланыштуу кабыл алынганын жазды.

«Курчоо (блокада) күчүндө турат, "Эркиндик" долбоору кыска мөөнөткө токтотулат, аягына чыгууга жана келишимге кол коюуга жетишилеби, билүү үчүн», — деп жазды ал.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары аталган долбоордун токтошу Трамптын дүйнө үчүн маанилүү болгон кысыкты ачуу аракети бир нече жолу ийгиликсиз аяктап, жолу болбой калгандан кийин кийин "артка чегингенин" көрсөтөрүн жазып жатышат.

Дональд Трамп. Вашингтон, 5-май, 2026-жыл.
Дональд Трамп. Вашингтон, 5-май, 2026-жыл.

Америка президентинин мындай билдирүүсүнүн алдында мамлекеттик катчы Марко Рубио журналисттерге комментарий берип, “Эпикалык каардануу” операциясы өз максатына жеткенин, Вашингтон кийинки “Эркиндик" долбооруна өтөрүн жарыялаган.

Марко Рубио
Марко Рубио

Шейшемби күнү кечинде Рубио: "Биз тынчтык жолуна артыкчылык бермекпиз. Президент келишимге артыкчылык бермек", - деп билдирген.

Рубио долбоор коргонуу максатын гана көздөй турганын белгиледи: «Бизге биринчи ок чыгармайынча, атышуу болбойт», — деген ал.

2026-жылдын 4-майы. Никосия. Иллюстрациялык сүрөттө кемелерди көзөмөлдөөчү веб-сайт жана Ормуздагы абал түшүрүлгөн.
2026-жылдын 4-майы. Никосия. Иллюстрациялык сүрөттө кемелерди көзөмөлдөөчү веб-сайт жана Ормуздагы абал түшүрүлгөн.

Мунайдын баасы

Трамптын билдирүүсүнөн кийин 6-майда Азия базарында мунайдын баасы арзандай түштү. Маселен, Brent үлгүсүндөгү чийки мунайдын баррели 1,7% төмөндөп, 108 доллардан сатыла баштады. Ал эми WTI (АКШ мунайы) 1,6% ылдыйлап, баррели 100,60 доллар болуп калды.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчуп кеткендиктен апта башында мунайдын баасы 6% кымбаттап кеткен болчу. Жума ичинде бир аз арзандаганы байкалды.

28-февралда АКШ менен Ирандын соккуларына жооп катары Тегеран Ормуз кысыгын бууп койгон соң дүйнөлүк базарда мунай баасы кескин жогорулап кетти.

8-апрелде АКШ менен Иран согушту убактылуу токтотуу келишимин түзүп, ал узартылгандан кийин деле баа арзандаган жок.

Жакынкы Чыгыш. Ирактагы мунай заводу. 29-апрель, 2026-ж.л
Жакынкы Чыгыш. Ирактагы мунай заводу. 29-апрель, 2026-ж.л

Вашингтон резолюция сунуштайт

Ал тапта Вашингтон БУУнун Коопсуздук Кеңешине Ормуз кысыгында коопсуздукту камсыз кылуу тууралуу резолюциясын демилгелеп, Иранды дүйнөлүк соодага коркунуч келтирүүдө деп айыптады. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио шейшембиде билдирди. Ал 5-майда журналисттерге комментарий берип жатып, Иран деңизге мина коюу жана бажы төлөмдөрүн киргизүү аракети аркылуу "дүйнөлүк экономиканы барымтада кармоону улантууда" деп билдирди.

Перс булуңундагы өнөктөш өлкөлөр колдогон резолюциянын долбоору Тегерандан “чабуулдарды, мина коюуну жана пошлина алууна токтотууну”, миналардын бар-жоктугун ачыкка чыгарууну жана гуманитардык коридор түзүүнү колдоону талап кылат. Рубио Кошмо Штаттар документке добуш берүү “жакынкы күндөрдө” болот деп күтүп жатканын кошумчалады.

Ирандын ISNA жаңылыктар агенттигинен алынган сүрөт. 2026-жылдын 4-майы. Ормуз кысыгы. Ирандын түштүгүндөгү Бандар-Аббас портуна жакын жерде турган кемелер
Ирандын ISNA жаңылыктар агенттигинен алынган сүрөт. 2026-жылдын 4-майы. Ормуз кысыгы. Ирандын түштүгүндөгү Бандар-Аббас портуна жакын жерде турган кемелер

Трамп Вашингтон дүйшөмбү күнү эртең менен Ормуз кысыгынан өтө албай калган кемелерди коопсуз алып чыгуу үчүн "Эркиндик долбоору" деп аталган операция башталарын жарыялаган жана аны "гуманитардык ишарат" деп сыпаттаган.

Жооп катары Ирандын аскер башчылары каналдан өтүүгө уруксат берилбеген кемелерге сокку уруларын жана кысыкка жакындаган ар бир чет элдик куралдуу күчтөргө каршы катуу чара көрүлөрүн эскертишкен.

4-майда Трамп Иран Ормуз кысыгын ачууну көздөгөн америкалык кемелерди бутага алса өлкөнү "жер жүзүнөн жок кыларын" айткан.

Маалыматтарга ылайык, Ормуз кысыгынан 800дөн ашык кеме жана 20 миңге жакын экипаж мүчөсү өтө албай калган.

Трамп шейшемби күнү Иранды “ойлонуп аракет кылууга” чакырып, ок атышпоо тууралуу макулдашууга жетишүүгө чакырган. АКШ президенти Ирандын армиясы “толугу менен талкаланганын”, ошол себептүү “ак желекти көтөрүшү керектигин” белгилеген.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи шейшемби күнү АКШнын кемелерди Ормуз кысыгынан өткөрүү операциясынан майнап чыкпайт деп билдирди.

X социалдык тармагына жарыялаган постунда министр: «Пакистандын ортомчулугу менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр ийгиликке жеткен сайын АКШ сазга батырып жаткан карасанатай адамдардан сак болушу керек. Бириккен Араб Эмирликтери да ошондой кылууга тийиш”, - деп эскертти.

Ал Ормуз кысыгындагы окуялар саясий кризисти аскердик жол менен чечүү мүмкүн эместигин көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Ормуз кризисинин экономикага соккусу

Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеи 30-апрелде жарыяланган кайрылуусунда Тегеран Перс булуңундагы коопсуздукту камсыз кыларын жана «душмандын деңиз жолун пайдалануу аракетин токтоторун» билдирди.

Бул Можтабанын атасы Али Хаменеи 28-февралда АКШ жана Израил жүргүзгөн аба соккуларында каза болгондон кийин жогорку лидерликке келгенден берки сейрек жасаган кайрылууларынын бири. X социалдык түйүнүндөгү баракчасына жарыяланган маалыматта ал ирандыктар өлкөнүн деңиздеги, жердеги жана абадагы чек араларын коргой турганын белгиледи.

Можтаба Хаменеи Тегерандагы жолугушуулардын биринде. Архив
Можтаба Хаменеи Тегерандагы жолугушуулардын биринде. Архив

56 жаштагы Хаменеи атасынын өлүмүнөн бери эл алдына чыга элек. АКШ расмий өкүлдөрүнүн айтымында, ал ошол соккуларда оор жаракат алган болушу мүмкүн.

Ошентип, Иран Ормуз кысыгын жаап, өзү уруксат берген кемелерден башкасынын баарын өткөрбөй турат. Мындан улам согуштун экономикага тийгизген таасири боюнча кооптонуулар күч.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG