Мусулмандар дин башкармалыгынын маалыматына караганда, 27-май күнү Курман айт намазы Бишкекте эски аянтта окулат.
Айт намазга эл саат 6:30да чогулуп, даярдык көрүлөт жана түрдүү насаат айтылат. 7:30да намаз башталат.
Маалыматка ылайык, айт намазын ачык аянтта окууга Бишкекте гана уруксат берилген.
Акыркы жылдары айт намаздары коопсуздук максатында мечиттерде окулуп келген.
Быйылкы жылы Орозо айт намазы да Бишкекте эски аянтта окулду. Ага президент Садыр Жапаров баштаган бир катар мамлекеттик жетекчилер, кызматкерлер катышкан.
Курман айт, ислам эрежелерине ылайык, Орозо айттан 70 күндөн кийин, ажылык зыяраттын соңунда белгиленет. Курман айт Кыргызстанда майрам күн катары саналып, дем алыш болот.(ZKo)
Шерине