Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Москва аймагында чакан учактардын учуусуна тыюу салынды

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Июнь айынын башынан тартып Орусиянын борбордук бөлүгүндө кичи авиация жана бизнес jet учактарынын учушуна байланыштуу жаңы чектөө киргизилгени жатканын "Свобода" жазды. Чакан учактардын Москванын аба зонасында 5100 метрден төмөн учуусуна тыюу салынат.

Чектөө Орусиянын Европа бөлүгүнүн дээрлик бардыгына — Петербургдан жана Беларус менен чектешкен жерден Екатеринбургга, Самарага жана түштүк аймактарга чейин тиешелүү болот. Тыюу жеке учактарга, тик учактарга жана жеңил моторлуу авиацияга тийиштүү болот. Жүргүнчү ташуучу каттамдарга, санитардык авиацияга, мамлекеттик келишимдер негизинде жана өнөр жай мониторинги үчүн учуучу учактарга тиешеси болбойт.

"Авиаторщина" Телеграм-каналы мындай чектөө "атайын аскердик операция" (Орусия бийлиги Украинага каршы ачкан согушун ушинтип атайт) аяктаганча уланарын жазды. Айрым аэроклуб жетекчилери ишмердүүлүгүн башка жакта улантууга мажбур болорун айтып жатышат.

Адистер бийликтин мындай кадамын соңку кезде Москва аймагы украин дрондорунун чабуулуна көп кабылып жаткан коркунучка байланыштырып жатышат.

Быйыл март айында Коломна шаарынын четинде авиаблогер Павел Кошкиндин жеңил моторлуу учагы кыйрап, өзү мерт кеткен. Иликтөөнүн расмий жыйынтыгы азырынча жарыялана элек. Бирок аба чабуулунан коргонуу системалары анын учагын кокусунан атып алган болушу мүмкүн экен деген да пикирлер айтылып келет. (RK)


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG