Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Күйүүчү май саткан компанияларга субсидия берилет

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы күйүүчү май ташыган жана саткан ишканаларга убактылуу субсидия берилет. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтом 25-майдан тартып күчүнө кирди.

Субсидиялоо 25-майдан 30-сентябрга чейин созулат. Анын өлчөмү күйүүчү майдын азыркы баасы менен Министрлер кабинети бекиткен баа ортосундагы айырмага ылайык болот.

Түрксиб жана Сары-Агач темир жол бекеттеринен жеткирүү базисинде баалар:

- Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин тоннасына 860 доллар
- Аи-95 үлгүсүндөгү бензиндин тоннасына 940 доллар
- Дизелдик күйүүчү майдын тоннасына 950 доллар
- Кысылган автогаздын тоннасына 575 доллар болот.

Ошондой эле күйүүчү май өндүргөн жана ташыган компаниялар үчүн акциздик салык мөөнөтү кийинки айдын 20сына чейин жылдырылат.

Токтомго ылайык, күйүүчү майдын баасын мамлекет убактылуу тескейт.

Субсидияга берилүүчү каражатты табуу жана бөлүштүрүү милдети Финансы министрлигине тапшырылды.

Министрлер кабинети ошондой эле мунай жана мунай азыктарын автоунаа менен өлкөгө алып кирүүгө тыюуну да убактылуу токтотту. Бул боюнча 2019-жылдан бери иштеп келе жаткан чектөө быйылкы жылдын 30-сентябрына чейинки аралыкта жокко чыгарылат.

Токтом долбоору буга чейин коомдук талкууга чыгарылган. Демилгечилер документ күйүүчү май баасын кармоо жана ички рынокто күйүүчү май таңкыстыгын алдын алуу максатында көрүлүп жаткан чара экенин белгилешкен.

Күйүүчү май баасы февралдын аягында АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясы башталгандан бери кымбаттап жатат. Жалпы мунайдын 20% ташылган Ормуз кысыгы жабылган соң мунайдын дүйнөлүк баасы кескин кымбаттаган.

Кыргызстандык нефтетрейдерлер дүң баа 25-30% чейин өскөнүн белгилешкен.

Монополияны тескөө кызматы март айында Кыргызстанда эки айга жетүүчү күйүүчү май запасы бардыгын, андан кийинки баалар Орусиянын мунай заводдорунун баасына жараша болорун эскерткен. Мекеме мунайчыларды бааларды кармоого жана кескин көтөрбөөгө чакырган.

Ушул күндөрү Кыргызстанда эл көп колдонгон АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 84 сом 40 тыйын, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 78 сом 90 тыйындан сатылууда. Бир ай мурда АИ-95 бензининин баасы 3-4 сом төмөнүрөөк болчу. Ал эми быр жыл ичинде дээрлик 10 сомго кымбаттады. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG