Миграциянын агымы күчтүү өлкөдө акыркы мезгилде сырттан келген эмгек мигранттары дагы көбөйүүдө. Кимдер, кайсы өлкөдөн келип жатат? Алар кайсы жумуштарга орношууда?
Жеңил өнөр жай тармагындагы ишкер Жасур Парпиевдин фабрикасы учурда 100дөн ашуун жумушчуга муктаж. Жакында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү Парпиевдин тигүү цехине барганда 300гө чейин жумушчу таап берүүнү суранган экен.
Бирок азырынча бул жумуш орундары бош турат. Эми ал чет өлкөдөн жумушчуларды чакырууга аргасыз болуп жатканын айтып берди.
Жакында эле ишкердин фабрикасына Пакистандан жумушчулардын бир тобу иштегени келген экен:
"Азыр өзүбүздүн жарандар эмнеге чет өлкөлүк жумушчуларды алып келип жатасыңар, өзүбүз жумушсуз калып жатабыз дешет. Менин өзүмө учурда 100дөн ашуун жумушчу керек. Жакында эмгек министринин орун басары келди, жумушчу таап беребиз деген. Үч жума өттү, дагы эле жок. Жатаканасы, тамак-ашы менен, социалдык төлөмдөр берилет дедим, бирок жумушчу жок. Эмнеге биздин жарандар иштебей жатканын түшүнбөйм. Азыр мамлекеттик мекемелерде, ошол эле үй куруучу компанияларда чет өлкөлүк жарандар иштеп жатпайбы. Бизге кечээ эле Пакистандын жарандары келди, аларга деле кыргызстандыктардай шарт, айлык берилет. Бангладештен келгендер бар. Андан сырткары жергиликтүү кыз-келиндер деле иштейт. Биз Өзбекстан жана башка мамлекеттер менен атаандашып иштейбиз".
Сырттан жумушчуларды алып келип иштетүү дүйнөлүк практикадагы эле норма экенин, мындан чочулоонун кереги жоктугун белгилеген Парпиев азыр чет элдик жумушчуларга бардык эле тармак муктаж болуп жатканын кошумчалады:
"Мисалы, машина салонго келсем бул жерде чет өлкөлүк жаран тазалап иштейт экен. Азыр унаа жууган жерлерде, тамак ташыгандар арасында чет өлкөнүн жарандары абдан көп. Тигүү тармагында дагы муктаждык чоң. Анткени чет жактан алып келген жумушчулар жумуш берип турсаң эле стабилдүү иштешет. Алар той-топур, шерине, туулган күн деген шылтоолору жок иштешет экен".
Ишкер Парпиев учурда чет өлкөдөн жумушчуларды тартуу жол-жобосу жеңилдеп, ишкерлерге ыңгайлуу болуп калганын белгилөөдө. Ал тигүү тармагын өнүктүрүп, экспортко чыгаруу үчүн арзан жумушчу күчкө муктаж экенин айтты.
Чакан тигүү цехтеринин башын бириктирген “Мода, үлгү” уюмунун башчысы, ишкер Нурзат Алимырзаеванын айтымында, бул тармакта көбүнчө Бангладеш, Пакистан жана Индиянын жарандары иштейт. Акыркы учурда кытайлыктарды тарткандар дагы байкалууда:
"Биздеги эң чоң көйгөй – жумушчулардын туруксуздугу. Аны менен баа туруксуздугу жанаша жүрөт. Бизге Бангладештен көп келчү, бирок алар көбөйүп кетти дештиби, тыюу салынып калды. Анан Пакистанга, Индияга жол ачылды. Жумушчулардын мүнөзү дагы чоң роль ойнойт. Азыр кытайлыктарды дагы иштетип жаткандар бар, бирок алар менен иштешүү бир аз кыйын экен. Бирок алар сапаттуу жана тез иштейт экен. Жумушчу алып келип берем деген жеке компанияларга азыр ишенбей калдык, алар алып келип ошол эле жумушчуну башка цехтерге өткөрүп берген учурлар дагы кездешти".
Өкмөт быйылкы жылы Кыргызстанга сырттан келип иштей турган эмгек мигранттары үчүн квотаны 52 миңден 100 миңге чейин көбөйттү. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 30-апрелде кол койду.
Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылы чет өлкөлүк жумушчуларга 25 миң орун бөлүнгөн, бирок кийинчерээк 42 миңге чыгарылган.
Кыргызстандан эмгек квотасын сураган өлкөлөрдүн башында Кытай, Индия, Түркия, Пакистан жана башка мамлекеттер турат.
Эмгек квоталарын бөлүштүрүү 2025-жылдан тартып Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) карамагына өткөрүлүп берилген.
Анткен менен Кыргызстандын өзүндө жумушсуздук курч маселе болуп жатканын, чет өлкөгө иш издеп кеткендер көп экенин белгилегендер, социалдык тармактарда талкуулагандар аз эмес.
Алсак, Фейсбуктун Назар Эргешов аттуу колдонуучусу "Кыргыздар жумуш жок жүрөт. Мисалы, курулушту кытайлар алып жатат, мурда кыргыздар иштеген "Экспострой", "Нурзаман" деген фирмалар кытайларга жумуш берип койду" десе, Мамасадык Турдубаев деген колдонуучу "Өзүбүздө жумушу жок жүргөн жаштарды тарткыла" деген оюн жазган. Ал эми Пазилидин Эгембердиев аттуу колдонуучу "Булар иштеген айлыкка биздикилер иштебейт" деген комментарий калтырган.
Маселе өкмөттө, парламенттин жалпы жыйындарында, комитеттерде да көтөрүлүп келет.
"Азаттык" бул боюнча пикирин сурап кайрылганда Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев квотаны көбөйтүүгө байланыштуу чочулоого негиз жок деген ою менен бөлүштү. Сунушту суроо-талап аныктай турганын белгилеген эл өкүлү өзүнүн жеке ишкердик тажрыйбасынан мисал келтирди:
"Бардык нерсе муктаждык болгондон чыгат да. Биздин жарандар Орусия, Казакстанда жүрөт. Бизде Өзбекстан, Индия, Пакистан, Бангладештин жарандары жүрөт. Атаандаштык болгон жерде рынок өнүгөт. Канчалык арзан жумушчулар келип иштесе мунун пайдасы деле бар. Азыр тигүү, курулуш тармагына келип иштеп жатышат. Бир-эки тигүү цехинен өзбекстандык чоң эле кишилердин иштеп жатканын көрүп таң калдым. Биздикилер 30-35 миң сомго иштебесе, башкалар иштейт да. Анан чыккан товарга дагы жакшы. Чочулоого негиз жок деп ойлойм, алар иштегени гана келип жатат да. Мен мурда ишкерлик менен алектенип жүргөндө көчөдө жүргөн балдарды курулушка ишке чакырсаң 50 миңге чейин сумманы сунуштасаң макул болушпайт эле", - деди эл өкүлү.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2025-жылы Кыргызстанда жумушсуздардын саны 104 миң адамды түзгөн. Эч жерде иштебейт деп каттоодо тургандардын саны 39 миңден ашуун болуп, мурдагы жылга салыштырганда 26% азайган.
Буга чейин Кыргызстанда тигүү тармагында иштеп акчасын албай калганына даттанган чет элдиктер болгон. 2024-жылы май айында жергиликтүүлөр менен кагылыштан кийин алардын көбү мекенине кайтып, бир катар тигүү цехтеринин иши үзгүлтүккө учураган.
Бул кырдаалдан кийин президент Садыр Жапаров иш таппай жүргөндөрдү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылууга чакырган.
Анткен менен айрым иш берүүчүлөр жана бийлик өкүлдөрү кыргыз жарандарынын көбү учурда чет элдиктер тартылган жумуштарга иштөөдөн качарын белгилешет.
Азыркы күндө Кыргызстанда жүргөн чет элдик жарандардын көбү куруу жана тигүү тармагында эмгектенет.
Ошол эле учурда Кыргызстандын 700 миңге жакын жараны чет өлкөдө миграцияда жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда.
Шерине