Жергиликтүү эл буга кандай реакция кылат жана бул көзөмөлсүз миграция агымына жол ачпайбы? Эске сала кетсек, өлкөдө буга чейин чет элдиктерге байланыштуу бир катар жаңжалдар катталган.
Расмий маалыматка таянсак, 2024-жылы чет элдиктерге 25 миң квота берилсе, былтыр 42 миңге жеткен. Быйылкы 52 миң квота зарылчылык болсо дагы көбөйүшү мүмкүн.
Социалдык камсыздоо, эмгек жана миграция министрлигинин маалыматында, квота боюнча келген эмгек мигранттарынын басымдуусун Кытайдан, Бангладештен жана Пакистандан келгендер түзөт.
Аталган министрликтин чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Арлен Алиясовдун айтымында, былтыр Кыргызстанга келгендердин көбү тигүү жана курулуш тармагына ишке орношкон.
“2026-жылга карата 52 миң квота бекитилди. Өлкө боюнча бөлүү жок, кайсы мамлекеттин жарандары көбүрөөк тапшырса, ошолор келет. 2025-жылы тигүү жана курулуш тармагына иштегени келгендер көп болгон. Азыр эми эки эле ай өттү да, белгисиз. Экономика өсүп жатканына байланыштуу куруу тармагында иштер күч алды. ГЭСтер, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолу салынууда. Ал жактагы инвесторлор өз жумушчуларын алып келүүдө. Ысык-Көлдө күн батереялары менен иштей турган станцияны курган инвесторлор - вьетнамдыктар. Алар өз адистердин иштетип жатат. Мында корко турган эч нерсе жок. Канча чет элдик кирди, кимиси кайда иштеп жатат, кандай максат менен келди деген маалыматтын баары базада турат. Ага ИИМ, УКМК, Чек ара кызматы, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги туташкан. Келген чет элдиктерге көзөмөл бар. ЕАЭБге кирген өлкөлөр 97-берененин негизинде ишке орношкон жарандары үчүн бири-биринен уруксат кагазын сурабайт. Өзбекстандын Кыргызстан менен чектеш Анжиян, Наманган, Фергана облустарынын тургундары сезондук жумушка келип иштесе болот, бирок бир жылга чейин иштейм десе уруксат кагазын алууга тийиш”.
Кыргызстанда 2025-жылдын 1-январынан тарта чет элдик жарандарга уруксат алуу өзгөргөн. Пилоттук долбоордун негизинде бардык документтер “бирдиктүү терезе” принцибине ылайык, бир портал аркылуу берилет. Эмгек квотасын бөлүштүрүү жана жумушка уруксат берүү милдетин Тышкы иштер министрлиги өзүнө алган.
Эрежеге ылайык, эмгек мигранттары адатта визаны эки айдан бир жылга чейин алышат. Муктаждыкка жараша өлкөдөн чыкпай туруп виза менен каттоонун мөөнөтүн узартса да болот.
"Таласта иштегендердин 90% чет элдиктер"
Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2025-жылы Кыргызстанда жумушсуздардын саны 104,7 миң адамды түзгөн. Эч жерде иштебейт деп каттоодо тургандардын саны 39 миң 841 адамды түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 26% азайган.
Анткен менен айрым иш берүүчүлөр жана бийлик өкүлдөрү кыргыз жарандарынын көбү учурда чет элдиктер тартылган жумуштарга иштөөдөн качарын белгилешет.
Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев "Азаттыкка" курган маегинде учурда бир катар социалдык объекттерди чет элдиктер куруп жатканын айтты:
"Азыр облус аймагында мектеп, оорукана, ФАП, бала бакча, маданият үйү өңдүү 150дөн ашык социалдык объектилерди куруп жатабыз. Бирок алардын 10% гана кыргыздар иштейт. Калган 90% Өзбекстандын, Пакистандын жарандары. Статистиканы көтөрүп келсең, аймакта жумушсуздар барын көрөсүң. Бирок аларга "Барып тиги жерге иште" десең көңүлдөнбөйт. Президенттин тапшырмасы менен Талас облусун өнүктүрүү үчүн 10 миллиарддан ашык каражат бөлүнүп, ар кандай долбоорлор ишке ашууда. Башында биз компанияларга "50% ашык жумушчулар таластыктар болсун" деп талап койгонбуз. Жумушчу жоктугунан иш белгиленген мөөнөттөн кечиге баштады. Анан алар бизге "жумушчу таап бергиле, болбосо сырттан алабыз" деп арыз жазышты. Ушундай маселелер жарга такап жатат да. Жергиликтүү элди жумушка чакырып атабыз, келбей жатышат".
Тышкы иштер министрлиги ушул жылдын январь айында өлкөдө иштөөгө квота алгандардын саны 36 миңге чамаларын, алардын 15 миңи Кытайдын, 3,8 миңи Пакистандын, калганы Түркия, Бангладеш жана башка өлкөлөрдүн жарандары экенин билдирген.
Алардын көбү тигүү жана курулуш тармагында эмгектенет.
Бишкекте тигүү цехин иштеткен Нургүл Чомоева соңку жылдары чет элдик жумушчуларды ишке тартып жаткан себебин минтип түшүндүрдү.
"Бизде иши жок жарандарыбыз көп эле. Бирок иштейин десе, локация же жумуш режими туура келбейт. Азыр конвейердик система сапатты талап кылганы үчүн жергиликтүү тигүүчүлөр чыдабай жатат. Конвейердик система отуруп иштөөнү талап кылат да. Тикмечи аялдар болсо көбүнчө өзүнө ыңгайлуу графикти каалайт. Анткени баласын мектептен же бала бакчадан алып келиш керек. Кээде тумоолоп калса, ишке чыга албайт. Алыс жашагандар тыгында турганы үчүн ишке кечигип келишет. Кыскасы, биздин тигүүчүлөр конвейердик системага көнө албай жатат. Буюртма бергендер болсо сапатка басым кылып, мурдагыдай үйдөн отуруп тиккенди кабыл албай калды. Анткени ар башка тигүүчүнүн колунан чыккан товар ар түрдүү же начар болуп жатат. Болбосо, биздикилер менен чет элдиктер алган айлыкта айырма деле жок. Сырттан келгендерге шарт түзүп, документтерин тууралап беришибиз керек. Тамак-ашы, жаткан жери бар дегендей. Жергиликтүү тигүүчүлөр барып-келип иштейт, үйүнүн акысын төлөйт дегендей, ошого жараша чыгымы да көбүрөөк. Чет элдиктердин баары эле иштерман дегенден алысмын. Арасында жалкоолору, эркиндикти жакшы көргөндөрү, мыйзамдарды сыйлабагандары бар. Мисалы, бир компания менен келишим түзсө, ошол компания менен гана иштеши керек. Аны билбей эле качып, мыйзамсыз мигранттарды иштеткен цехтерге кетип калышат".
Экономист Искендер Шаршеев сырттан чет элдиктер келип иштегенин дүйнөлүк тенденция катары баалайт. Ал жаштар арасында ата-энесиндей иштегиси келгендер азайганын, андыктан экономиканын жаңы, ийкемдүү үлгүсүн таап, ошого жараша адистерди даярдоо керектигин белгиледи.
"Экономика ар кандай өнүгөт. Бизде ишкерлерге акча аз. Демек, алар айлык акыны да көтөргөнгө да даяр эмес. Ошондуктан аз акчага иштегенге даяр чет элдиктерди алып келип жатышат. Бул эми жакшы да, жаман да көрүнүш эмес. Экономика көтөрүлгөн жерде айлык да көтөрүлөт. Азыр ага жете элекпиз. Жумушсуздар көп. Алар ишкерлик менен алектенбесе, жакырчылыкты жоюу ыктымалдыгы да төмөн болот. Эгер бир эч кимди киргизбей койсок, ошого жараша же өзүбүз иштебесек, экономика көтөрүлбөйт. Анан калса азыр жаштардын көбү ата-энесиндей иштегиси келбейт. Бул көрүнүш бизде эле эмес, дүйнөдө болуп жатат. Пандемияда иштебей үйдө отуруп жакшы акча тапкандар да, иштеп өз эмгегине жараша эмгек акы албагандар да болду. Жаштар азыр бир жерге байланбай эле жан бакса болорун түшүнүп калды. Андыктан экономиканын заманга ылайык моделдерин табуу керек. Кытай бул көйгөйдү толук автоматташтыруу менен чечкени жатат. Келечекте кара жумушту роботтор жасашы мүмкүн. Экинчи жолу – сегиз же 12 саат иште деген эрежеден кетип, төрт-беш сааттык ишке өтүү керек. Биз буга инфантилдүү карап, каршы чыга берсек, адамды да, ишкананы да коргой албайбыз".
Кытай жарандары көп келүүдөбү?
Буга чейин Кыргызстанда тигүү тармагында иштеп акчасын албай калганына даттанган чет элдиктер болгон. 2014-жылы май айында жергиликтүүлөр менен кагылыштан кийин алардын көбү мекенине кайтып, бир катар тигүү цехтеринин иши үзгүлтүккө учураган.
Бул кырдаалдан кийин президент Садыр Жапаров иш таппай жүргөндөрдү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылууга чакырган.
Жергиликтүү элдин чет элдиктер менен чатагы былтыр дагы катталды. Ноябрь айында Чүй районунун Константиновка айылындагы кытайлык жана кыргызстандык айдоочулардын мушташынан улам бир нече кытай жараны кармалып, “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Бул окуядан кийин Кыргызстанда "кытайлыктар көбөйүп кетти" деп нааразы болуп, каршы пикир жазгандар арбыган.
Кырдаалга байланыштуу бир катар бийлик өкүлдөрү үн каткан. Мамлекет башчы Садыр Жапаров мушташты "шайлоо алдында бир нерсе уюштурууну көздөгөн чагымчыл топтордон" көргөн эле.
"Турмуш-тиричиликтеги мындай талаш-тартышты эки өлкөнүн проблемасы катары жогорку деңгээлге чейин көтөрүштүн кереги жок. Экинчиден, албетте, чет өлкөлүктөрдү жетиштүү түрдө эле эмес, ашыкча да көзөмөлдөөгө күч жетиштүү. Мыйзам бузган же визасынын мөөнөтү өтүп кеткен чет өлкөлүктөрдү керек болсо бир күндө тазалап салсак болот. Бирок, азыр мамлекеттин алдында андай муктаждык жок".
Ал эми тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев улуттук каналга маек куруп, Кыргызстанда эмгек күчүнө талап өсүп жаткандыктан, өкмөт чет элден, анын ичинде Кытайдан жумушчуларды алып келип жатканын айткан болчу.
“Биздин компаниялар эгерде жумушчу күч жетпесе... Мисалы азыр бизде азыр текстиль тарапта аябай көп жумуш орундары болуп жатат. Анан чоң инфратүзүмдүк долбоорлор болуп атат да. Мисалы, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу, азыр Акчий-Бедел автожолу курулат. Андан тышкары, Кыргызстандын тетиги Караколдон баштап Манас шаарына чейин көптөгөн инфратүзүмдүк курулуштар болуп атат. Бизде азыр көптөгөн, тактап айтканда, 35-40 миңдин тегерегинде жумуш оруну бар. Ошого жетишпегендиктен, биздин кыргыз компаниялары, бул жакта иштеген чет элдик компаниялар өздөрүнүн жумушчуларын чакырганга аракет кылышууда. Анткени курулуш жумушчу жок деп карап отура бербейт да. Ар бир жасалып жаткан долбоордун өзүнүн убактысы бар. Ошого жетишүү үчүн алар жумуш орундарын түзүп, атайын чакырып атышат”.
Министр маегинде Кыргызстанда канча кытай жараны иштеп жатканын так айткан эмес.
Жаңжалдан көп узабай Кыргызстанга Кытайдын Кытайдын тышкы иштер министри, Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү Ван И расмий сапар менен келген.
Президент Садыр Жапаров менен жолукканда Ван И Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык компаниялардын өкүлдөрүнө мыйзамдарды так сактоо жана өлкөнүн каада-салттарын урматтоо зарылдыгы түшүндүрүлүп жатканын айткан.
Учурда өлкөгө келген туристтердин саны боюнча кытайлыктар төртүнчү орунда турат. Расмий статистикага таянсак, 2024-жылы Кытайдан 127 миң 956 киши кирген. Буга чейин өлкөгө турист болуп келип, ар кандай долбоордо иштеп жаткан кытайлыктар кармалган учурлар катталган. Муну менен катар эл арасында кытай жарандары кыймылсыз мүлк сатып алганын айтып, нааразы болгондор бар.
Расмий маалыматка таянсак, Кыргызстандын өзүнүн 800 миңдей жараны чет өлкөдө миграцияда жүрөт. Адистер бул сан жыл сайын өсүп жатканын белгилешет.
Тышкы иштер министрлиги 2025-жылдын январында 608 миңден ашуун кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөрүн, анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынганын маалымдаган.
Шерине