Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

Кыргызстан чет элдик мигранттардан эмнеге кооптонот?


Кыргызстандагы түштүказиялык эмгек мигранттары.
Кыргызстандагы түштүказиялык эмгек мигранттары.

Жыл сайын жүз миңдеген кыргызстандык жумуш издеп чет жактарга, негизинен Орусияга барат. Ошол эле учурда бул борборазиялык өлкөнүн өзүндө Түштүк Азиядан барган эмгек мигранттары көбөйүүдө.

Чет өлкөлүк жумушчу күчтүн агымына карата нааразылык өткөн аптада Бишкекте тутанган ксенофобия факторлорунун бири болушу ыктымал. Башка дагы факторлор — коррупция, эмгек рыногунун жөнгө салынышынын начардыгы жана жергиликтүү айлыктын жогорулашы.

Эгер сиз Москвада буюртма аркылуу пицца алдырсаңыз, аны алып келип бере турган курьер Кыргызстандын жараны болуп чыгат деген ыктымалдык жогору. Ошондой эле буюртманы Бишкектен бериңиз — курьер медициналык окуу жайдагы билим алуусуна иштеп акча таап жүргөн жаш пакистандык болушу толук ыктымал.

Өткөн аптага чейин ошондой болчу.

17-18-майда Бишкекте Түштүк Азия аймагынан барган студенттерге кол салуу болгон мыйзамсыздык түнү Орусияда мигранттар ксенофобиялык зомбулукка кандай кабылып жатса, Кыргызстанда да ошондой эле коркунуч бар экенин көрсөттү.

Кыргыздар, тажиктер жана өзбектер Орусиянын шаарларында зомбулук бутасына март айынын соңундагы Москванын чет жакасындагы “Крокус Сити Холлдогу” кандуу теракттан кийин көбүрөөк алына баштаган болсо, Кыргызстандын бийлиги өзүнүн “мыйзамсыз миграцияга” каршы чаралары тууралуу борбор калаасында болгон башаламандыкка чейин эле айта баштаган.

Бир нече чет өлкөлүк жаран жараат алып, ооруканаган түшкөн, миңден ашуун пакистандыкты этнос аралык чыңалууну башынан өткөргөн бул өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур кылган зомбулукту көптөгөн жергиликтүү тургундар айыптап, нааразылыгын билдиришти.

Бишкектин айрым жашоочулары, ал тургай, чет өлкөлүктөр менен жергиликтүүлөрдүн бир нече күн мурдагы мушташы тартылган видеонун интернетке чыгып кетиши себеп болгону айтылган тополоңдон кийин жатаканадан сыртка чыгуудан коркуп отурган студенттерге тамак ташып, ыктыярчылык кылышты.

Кыргызстанга иш издеп келген бангладештиктер Бишкектеги батирде.
Кыргызстанга иш издеп келген бангладештиктер Бишкектеги батирде.

Бирок кыргыз бийлиги өзүнүн мигранттарга каршы рейддерин активдүү түрдө кубаттап жатканы борбор калаада барган сайын көбөйө баштаган чет элдиктер боюнча чыңалууну түшүнүп турганын айгинелөөдө.

Анда "Эмне үчүн бул азыр болууда?" деген суроо жаралат.

ЧЕТ ЭЛДИК ЖУМУШЧУЛАР ҮЧҮН КӨБӨЙГӨН КВОТА

Түштүк Азиядан баргандардын Бишкекте жашаган жатаканаларына кол салууну ачык айыптоо ордуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев зомбулук катталган окуянын эртеси Бишкекте чет элдиктерге каршы чара көрүү тууралуу айтып чыккан топтун талабы "кайсы бир деңгээлде туура" деген пикирин айтты.

Маалымат үчүн айта кетсек, Ташиев өлкөнүн тең башкаруучусу жана ошондой эле президент Садыр Жапаровдун оппозициянын лидери болуп жүрүшкөн кезден берки жакын санаалашы.

Жапаров сыяктуу эле ал дагы өзүнүн саясий аудиториясы эмнени уккусу келсе, ошол багытты карманат.

Видеокайрылуусунда Ташиев милиция тарката албай жаткан "балдардын негизги талаптары Бангладеш, Пакистан, Индия, Египет жана башка өлкөлөрдөн келип окуган студенттердин жана алардын кылган жумуштарынын өтө көп болуп кетишине байланыштуу айтылганын" билдирди.

Жапаровдун быйыл жазында мыйзамсыз мигранттарга каршы күрөш тууралуу буйругунан кийин Ташиев кызматкерлери күн сайын "20-30 же 50дөй" ошондой мигрантты кармап кетип жатканын билдирди.

Мыйзамсыз иштегени үчүн кармалган Пакистан жарандары. 2024-жылдын 15-майы. Бишкек.
Мыйзамсыз иштегени үчүн кармалган Пакистан жарандары. 2024-жылдын 15-майы. Бишкек.

Ташиевдин айтымында, "Пакистандан келген 1,5 миңдей, Бангладештен келген миңге жакын адам чыгарылды, бирок бүгүнкү күндө мыйзамсыз жүргөн 5 миңге жакын адам бар", - мындай сан буга чейин айтылган эмес.

Бул сыяктуу билдирүүлөр ксенофобиялык маанайды төмөндөтөрү күмөн.

Бирок Ташиев өкмөт өзү активдүү түрдө Түштүк Азия өлкөлөрүнөн жумушчу күч издеп жатканын айтпай кеткен экен.

Былтыр октябрь айында Эмгек министрлиги 2024-жылы чет элдик жумушчулар үчүн квотаны 50%, 16,6 миң жумуш ордунан 25 миңге чейин көбөйтөрүн билдирген.

Бул орундардын үчтөн экисинин бир азыраагы өнөр жай, курулуш жана транспорт тармагына, дагы 13 проценти тоо-кен өнөр жайына жана 14 проценти тейлөө жана соода-сатык тармагына туура келет.

Ушул айдагы маалыматка караганда, талапкерлер аныкталган 17 миң вакансиянын дээрлик жарымы – бангладештиктер, төрттөн бири пакистандыктар жана 16 проценти кытайлыктар.

18-майда, Бишкек түнкү окуядан кийин толук арыла элек кезде, эмгек министри Гүлнара Баатырова мындай тенденцияны анча популисттик эмес тил менен түшүндүрүп айтты.

"Жеке бизнес ээлери чет элдиктер жумушуна так келерин, өз убагында келип, айрым учурларда коюлган графигинен дагы ашыкча иштей турганын айтышууда. Биздин жарандарыбыз көпчүлүгү Орусия жана башка кошуна өлкөлөргө иштөөгө кетип, азыр туруктуу жайгашып алышкан. Кыргызстанга кайтып келип иштегиле деген сунуштарыбыз дайым жоопсуз калууда", - деди Баатырова.

Жергиликтүү жумушчулар тууралуу министр "көбү жумушка убагында келбейт, маянасын алгандан кийин эки-үч күндөп жоголуп кетет, майрам же туулган күндөргө сурана беришет" деп ачык эле айтып, май айына карата маалымат боюнча өлкөдө 6,5 миңдей жумуш орду бош турганын белгиледи.

ТИГҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ ЖУМУШЧУ КҮЧ

Жумушчу көбүрөөк жетишпей жаткан багыттардын бири, Баатырованын айтымында, тигүү тармагы болууда - он миңдеген кыргызстандык иш менен камсыз болгон бул тармак экономиканын маанилүү бөлүгү.

Бангладештиктерге бул жакта суроо-талап эмне үчүн өзгөчө болуп жатканынын себеби мына ушунда, тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов болсо көбүрөөк жумушчу тартуу үчүн быйыл апрель айында Даккага барып келди.

"Азаттыктын" кыргыз редакциясына курган маегинде Бишкектеги тигүү цехтеринин биринин ээси Бангладештен келген жумушчулар "жакшы жана сапаттуу тигерин", ал эми Индиядан келгендер "тырышчаак келерин жана тез үйрөнөрүн" айтты.

Кыргызстандагы тигүү цехи.
Кыргызстандагы тигүү цехи.

Анан, албетте, маяна деңгээли жагынан алып караганда эмгек рыногунун бул мүчөлөрү айлык акы соңку кезде кескин көбөйгөн Кыргызстандын шартында жергиликтүү атаандаштарынан азыраак алып жатышкан чыгар.

Эркин экономист Азамат Акенеев "Азаттыкка" билдиргендей, маянанын көбөйүшү Орусия Украинага толук масштабдуу кол салган алгачкы эки жылда Кыргызстанда экономика активдүү өнүккөндөн кийинки маалда болду жана бул санкция салынган орус рыногу менен иштешкен кыргызстандыктардын бизнеси жана соода-сатыгы үчүн жаңы, өзгөчө мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

"Бирок "бардык эле ишканалар ошондой жогорулап жаткан жаңы маянаны төлөгүсү келбеген же төлөй албаган" шартта согуш жана ага байланыштуу санкциялар инфляцияны жогорулатып, экономикалык жактан белгисиздикти күчөттү", - деди Акенеев.

Украинадагы согуш башталгандан бери "Азаттыктын" кыргыз редакциясы тагдырын кеңири чагылдырган кийим тигүүчүлөр да мына ушул катарда сыяктанат.

2022-жылдын биринчи жарымында Орусиянын акча-кредит саясаты жана капиталды көзөмөлдөөсү рублдин курсу согушка чейинки көрсөткүчтөн жогорулап кетишине жол берген соң кыргызстандык тигүүчүлөр өзүнүн эң маанилүү кардарынын суроо-талаптарын канааттандыра ала тургандай жумушчу күчүнүн жетишсиздигине туш болду.

Бирок рублдин курсу чет элдик валюталарга, анын ичинде кыргыз сомуна карата да кайрадан төмөндөп кеткенде Кыргызстанда тигилген товардын наркы негизги сатып алуучу болгон орусиялыктар үчүн кымбат болуп баштаган.

Ошондуктан чыгымдарды азайтуу үчүн бул тармакта иштегендерде алыскы өлкөлөрдөн арзаныраак жумушчу күч издөөгө түрткөн өбөлгө жаралды.

Эмгек мигранттарын андан да көбүрөөк кызыктырып жаткан дагы бир тармак – улам өнүгүп бараткан курулуш индустриясы, бул тармакта иштеген мигранттар саны Түштүк Азияга караганда коңшу Өзбекстандан көбүрөөк.

БАШАЛАМАН ЭМГЕК САЯСАТЫ, КОРРУПЦИЯ ЖАНА КУЛЧУЛУК

Ушул эле айда, 17-18-майдагы башаламандыкка чейин, Эмгек министрлигинин өкүлдөрү чет элдиктердин агымы болжолдонгонго караганда көбүрөөк болгонуна байланыштуу чет элдик жумушчу күчүнө берилүүчү квота убактылуу токтотулганын билдиришкен.

Албетте, мигранттар үчүн жумуш орундары боюнча квота — маселенин бир бөлүгү гана.

Кыргызстандагы чет элдик 60 миңдей студенттин 24 миңден көбү — Индиянын жана Пакистандын жарандары, алардын көбү медицина багытында билим алууда.

Мындай көрүнүш башталганына көп болуп калды, себеби Кыргызстанда медицинаны окутуу көптөгөн өлкөлөргө салыштырганда арзаныраак, көп сандагы студент окуп жатышы Кыргызстандын чоңдугу боюнча экинчи шаары Ош жана борбор калаа Бишкектен бир саат аралыктагы Кант калааларынын өнүгүүсүнө орчундуу экономикалык салымын кошууда.

Алар да, дүйнөдөгү бардык теңтуштары, айрым студенттер сыяктуу эле окуу акысын төлөш үчүн кошумча жумуш издешет, бирок, Эмгек министрлиги алар, студенттик визасынын шартына ылайык, иштөөгө укугу жок деп эсептейт.

Быйыл апрель айында Бишкек шаардык милициясы курьер болуп иштеген 400 чет элдик студентти "чет элдик студенттер катталган жол кырсыктары көбөйгөндүктөн жана алардын түрдүү кылмыштарга аралашуусуна жол бербөө, андай окуялардын бетин ачуу максатында" деген негизде кармаганын билдирген.

16-майда Ташиев жетектеген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Пакистандын 28 жаранын Бишкектеги тигүү цехтеринин биринде "виза мөөнөтү аяктагандан кийин мыйзамсыз иштеп жүрүшкөн" деп кармаган.

Жыл башында жана былтыркы жылы мындай кабарлар азыраак болчу.

"Адилет" коммерциялык эмес юридика клиникасынын жетекчиси, миграция мекемесинде жогорку кызматта иштеп кеткен Чолпон Жакупова азыркы миграциялык саясат "башаламан" жүрүп жатат деп эсептейт.

"Чет өлкөлүк жумушчулардын өтө көбөйгөнү соңку эки жылда айрыкча байкалууда. Менин пикиримде, эгер аткаминерлердин өз пайдасын ойлогон кызыкчылыгы болбосо мындай мүмкүн эмес эле. Дегеним, жемкорлук", — дейт Жакупова.

Адам аткезчилиги да Кыргызстанда ири бизнеске айланган.

"Азаттыктын" кыргыз кызматы ушул айдын башында жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, түштүк азиялыктардын көбүн Кыргызстанга жөнөкөй виза аркылуу, кийин жумуш визасын алып беребиз деп, бирок бул убаданы аткарбай, алдап алып келишкен.

"Алар улам бир цехке барып иштеп, айлыгын ала албай, кулчулукка кабылганын айтып жатышат. Көбүнүн паспортун алып коюшкандыктан эч нерсе кыла албай жүрүшөт", - дейт Бангладеш жана Кыргызстан ортосунда мыйзамдуу миграция уюштуруу менен алектенип келаткан компаниянын жетекчиси Нурислам Камбаров.

Мисал катары Камбаров Бишкектеги бир даректи айтты, ошол жерден ал кысталган шартта жашап жаткан бангладештик 40 жаранды жолуктурган.

"Аларды бул жакка өзүлөрүнүн эле Бангладештеги мекендештери алып келип, таштап салышкан. 30 чакты кишинин болжол менен 25ине виза жасатып бердим. Бул үчүн алар Өзбекстанга барып, кайра кайтып келүүгө мажбур болушту", - дейт ишкер.

"УЛУТТУК-ПАТРИОТТУК ДИСКУРС" КСЕНОФОБИЯНЫ КОЗУТАТ

Жакупованын айтымында, татыктуу жумуш табуу оңой эмес болгон эмгек рыногундагы чыңалууну "улуттук-патриоттук дискурс" ого бетер курчутат.

Мына ошондой көрүнүш өткөн аптадагы бийлик башынан эле башкара албай калган шекилдүү зомбулук учурунда өтө даана байкалды.

Тактап айтканда, милиция 12-майдан 13-майга караган түнкү, Египеттин жарандары жана кыргыздар ортосундагы мушташтан кийин тутанды делген окуя тууралуу египеттиктер андан кийин, 17-майда мушташтын видеосу интернетте тараган соң болгон окуя үчүн кыргыздардын алдында кечирим сурап жаткан кадрларды гана көрсөтүп, бул боюнча унчукпай коюуга аракет кылды.

18-майда гана, Пакистандан келген студенттер жашаган жатаканага кол салуу болгондон кийин Ички иштер министрлиги окуянын толук хронологиясын жарыялады. Көрсө, кыргызстандыкты сабаган египеттиктер андан жана аны менен кошо чогуу кол салган дагы үч кишиден өз жатаканасын коргоп чыккан экен. Үчөө сабалган төртүнчүсүн таштап, уурдалган айфонду жана бир нече миң доллар накталай акчаны алып, качып кетишкен.

Кыргызстандыкты сабады деп шектелген египеттик төрт жаран дароо кармалып, үй камагына алынганы менен аларга жатаканага барып кол салгандар кармалдыбы же жокпу, алар пакистандык студенттерди ур-токмокко алып жаткан видеосу турганына карабастан беш күн бою белгисиз болуп жатты.

21-майда милиция чет элдик жаранга кол салган деген шек менен бир киши кармалганын билдирди, бирок ал окуя сөз болуп жаткан жатаканадан бир нече чакырым алыс жерде болгон.

Тескерисинче, 21-майда УКМК алты пакистандык кармалганын маалымдады, атайын кызматтын пикиринде, алар Казакстандын Кыргызстан менен чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган.

22-майда милиция чет элдиктерге зомбулук көрсөткөн деген шек менен соңку эки күндө Бишкекте жана Чүйдө жалпысынан сегиз киши кармалганын, алар боюнча тергөө Кылмыш-жаза кодексинин "жапырт башаламандык" беренеси менен жүрүп жатканын билдирди. Ага чейин 13-майдагы Египеттин жарандары менен мушташкан окуя боюнча үч кыргызстандык кармалганы маалымдалды.

Пакистан. Кыргызстанда пакистандык студенттер сабалган окуя боюнча нааразылык акциясы. 2024-жылдын 18-майы.
Пакистан. Кыргызстанда пакистандык студенттер сабалган окуя боюнча нааразылык акциясы. 2024-жылдын 18-майы.

Расмийлер арасынан зомбулуктан жабыркаган пакистандык студенттердин астынан өтүп кечирим сураган адам эң көп жабыркаган Кыргызстан эл аралык университетинин жатаканасына барган вице-премьер Эдил Байсалов болду.

Ал жакта сүйлөп жатып Байсалов жатаканага кол салгандарды "баары көргүдөй кылып түрмөгө отургузууга" чакырды:

"Алар эшикти гана талкалап тим болбостон даараткана жакка чейин кирип барышкан. Ал жакта кыздар жашынып турушкан... Акча, гаджет, зер буюмдарды алып кетишкен".

Президент Садыр Жапаров 20-майга чейин эч нерсе деген жок. Бул күнү ал сайтына жарыяланган кайрылуусунда "Биздин патриот жаштарыбыздын чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миграциясын токтотуу, мындай иштерге жол бергендерге катуу чара көрүү сыяктуу талаптары, албетте, туура", - деп айтты.

Ошол эле учурда Жапаров окуя үчүн түрмөдө отурган саясий оппоненттер координациялоочу "чагымчыл" кабарларды айыптап, кыязы, чет элдик студенттер каза болбосо дагы өзүлөрү жашаган жатаканада кол салууга кабылган далилдерди көз жаздымда калтырды.

Ал "Эгер мародерчулукка барса, милиция тарапка чабуул жасаса, же жатаканалардагы студенттерге кол сала баштаса, анда аёосуз чараларды көрөт элек. Бактыбызга жараша андай болгон жок", - деп, өз жарандарын ксенофобияга жол бербөөгө чакырды.

"Бир миллиондон ашуун элибиз чет өлкөлөрдө окуп, иштөө менен алек. Биздин ошол жарандар сыяктуу эле бизге дагы чет өлкөлөрдүн жарандары келип, окуп, иштеп жатышат. Биз буга кубанышыбыз керек", - деди Жапаров.

XS
SM
MD
LG