Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

"Кыргызстан эл аралык бедели үчүн күрөштө дагы бир жолу жеңилди"


Бишкекте 18-майда болгон зордук-зомбулук менен коштолгон окуяларга Пакистан жана Индиянын бийликтери дароо көңүл буруп, ал эки өлкөдөгү маалымат каражаттары, социалдык тармактары кызуу талкуулап жатышат.

Расмий Исламабад тышкы иштер министрин Бишкекке жөнөтөрүн маалымдаган, бирок акыркы мүнөттөрдө сапар болбой калганы, Кыргызстан менен Пакистандын башкы дипломаттары 21-майда Астанада жолугары кабарланды. Бир катар эксперттер чет элдик студенттер кабылган зордук-зомбулук Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброюна залакасын тийгизерин, миграция мыйзамдарына көңүл буруу зарылдыгын белгилешет.

Пакистандын маалымат каражаттары 18-майда кечинде өкмөт башчы Шахбаз Шарифтин тапшырмасы менен вице-премьер, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар жана Кашмир маселелери боюнча министр Амир Мукам Кыргызстанга аттанып жатканын жазышкан. Бирок эртеси пакистандык телеканалдар сапар кийинкиге калганын кабарлашты.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эки өлкөнүн тышкы саясий мекемелеринин жетекчилери - Жээнбек Кулубаев менен Мохаммад Исхак Дар 21-майда Астанада жолугарын билдирди.

Жээнбек Кулубаев жана Мохаммад Исхак Дар
Жээнбек Кулубаев жана Мохаммад Исхак Дар

Мекеме министрлер 19-майда телефондон сүйлөшкөнүн да маалымдады.

Кандай болгон күндө да башкы дипломатты Бишкекке дароо аттандыруу аракети расмий Исламабад өз жарандары көргөн зомбулукту канчалык олуттуу кабыл алганынан кабар берет.

Dawn басылмасы Дар жана өлкөнүн маалымат министри Атаулла Тарар жекшембиде Лахор шаарында басма сөз жыйынын өткөргөнүн жазды. Дал ошол калаага Бишкектен пакистандык студенттерди салып кеткен учак конгон.

Дар 19-майда дагы 540 студентти алып келүү үчүн үч коммерциялык рейс уюштурулганын, 130 жаран ишембиде мекенине кайтып келгенин билдирди.

Гезиттин маалыматына караганда, маалымат жыйында Пакистандын башкы дипломаты Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен телефондон сүйлөшкөн сөзүнүн мазмунун журналисттерге айтып берди. Кыргызстандык кесиптеши өлкө жетекчилиги кырдаалга байкоо салып жатканына ишендирип, “тынчтык толугу менен” орногонун, ишембиде эч кандай маселе жаралбаганын билдиргенин айтты.

Дар кыргыз кызматташына шилтеме жасап, чет өлкөлүк студенттер жергиликтүү студенттер менен чогуу отуруп диалог курууга тийиш экенин, оппозициялык партиялар чет элдик студенттерге каршы көп учурда “кампания” жүргүзүп келгенин айтты.

“Ал (Кыргызстандын тышкы иштер министри) Пакистанды боордош мамлекет катары жогору баалашарын, алар (оппозиция) өкмөттүн саясатына каршы чыгып келгенин айтты. Акчага сатылган блогерлер менен социалдык тармактардын максаты кандай экенин билбейбиз”, - деп айтты”, - деп жазды пакистандык басылма.

Дар ошондой эле кыргыз тарап ал окуяда пакистандык бир да студенттин өмүрү кыйылбаганына ишендиргенин кошумчалады.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Пакистандын башкы дипломаты менен сүйлөшүүдө кыргыз тарап чет элдик, анын ичинде пакистандык медиада, социалдык тармактарда, ал күнкү окуя, жалпы эле өлкө тууралуу тарап жаткан жалган, бурмаланган маалыматтарга тынчсыздануусун ортого салганы айтылат.

Пакистандык студенттер "жашыл коридор" сурады
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:08 0:00

Бир катар талдоочулар чет элдик студенттерди бутага алган окуя Кыргызстандын эл аралык сахнадагы беделине чоң сокку урарын белгелишет.

Делидеги мурдагы элчи, мамлекеттик ишмер Осмонакун Ибраимов өлкөнүн сырткы аброю үчүн күрөштө "дагы бир жолу жеңилдик" деп сыпаттады.

“Дагы бир жолу дүйнөгө маданият жагынан дале болсо артта келаткан, "ат дарбыса кошо дарбыган" бечара эл экенибизди көрсөтүп алдык. Комментаторлордун баары биздин узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына тараган “төңкөрүштөрүбүздү” дагы бир жолу эстеп, бир чети мыскыл, экинчи чети аяп баа берип жатышат. Аяган себеби - ансыз да "ээрге түз отура албай келаткан экономикасын талкалап алышат го, бу бечаралар" деген кыязда жатат. "Эркиндик дегенди эссиздик деп түшүнүшөт тура булар" деген мыскыл билинип турат. Мунун таасири жаңыдан оңолуп келаткан кадыр-баркыбызга бычак болуп сайылат, жаштарыбыз ого бетер иренжийт, тездеп чет жактарга качат. Хаос, бейтартиптик кимге жакмак эле", - деген мурдагы элчинин абдан өкүнүп турганы билинди.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгулдун пикиринде окуяны ички коомдук жана саясий-дипломатиялык деңгээлде кароого болот:

“Тышкы саясат же саясий-дипломатиялык деңгээлден алсак, бул окуялар Кыргызстандын аброюна чоң сокку, терс мамиленин бир башаты болуп калышы мүмкүн. Муну “репутациялык тобокелдик” деп коюшат. Зомбулук, дискриминация өкүм сүргөн, толеранттуу эмес, адилеттүүлүк, мыйзам сакталбаган өлкө деген атка конуп калсак, албетте, абдан кыйын болот. Кеп пакистандык же индиялык студенттерде гана эмес. Жалпы эле башка чөйрөлөргө да залакасы тийиши мүмкүн. Себеби сөз мамлекеттин аброю тууралуу жүрүүдө”.

Саясий талдоочу Сейтек Качкынбай айрым жаштар Орусиядан көргөнүн туурап жатат деген маселеге көңүл бурду:

“Ал окуялар Пакистан, Индия сыяктуу кошуна өлкөлөр менен мамилебизге таасир тийгизеби деген маселе турат. Пакистан да, Индия да биз постоколониалдык өлкө экенибизди билсе керек. Колонияны баштан кечиргенбиз. Мындай нерсеге Орусиянын таасири менен, Орусиядан көргөндөрдү туурап барышууда. “Понаехали, черные” деген келгиндерге жасалган мамилеси кыргыздардын да аң-сезимине кирип калгандай. Алар муну дипломатиялык деңгээлде түшүнсө да, пакистандык, индиялык же бангладештик студенттерди ур-токмоктон сактап кала албайт”.

Эксперт Чынара Эсенгул мыйзамсыз миграция дагы чоң маселеге айланганын белгилеп, бул чөйрөдө чара көрүү зарылдыгын айтты.

Ушуга үндөш пикири менен Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров дагы бөлүштү:

“Студенттерден тышкары ар кандай мигранттардын келгенин, мыйзамдар бузулуп жатканын көрүп атабыз. Демек миграциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек. Окуган, бизге квалификациясы туура келген кишилерди алуу, жумушка уруксат берүү системасын оңдоо зарыл. Мигранттарга биздин мыйзамдарды так түшүндүрүп, миграциялык саясатты жүргүзүүнү үйрөнүшүбүз керек. Биздин жарандар гана сыртка чыкпастан, бизге да башка жерлерден мигранттар келип атат. Замандын өзгөргөнүн эске алуу менен туура иш алып барууну үйрөнүүгө тийишпиз.

Эдил Байсалов пакистандык студенттер жашаган жатаканага барга учур. Бишкек, 19-май 2024-жыл
Эдил Байсалов пакистандык студенттер жашаган жатаканага барга учур. Бишкек, 19-май 2024-жыл

Ал арада Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 18-майдагы окуя боюнча териштирүү уланып жатканын, күнөөлүүлөр аныкталып жазалана турганын билдирди. Байсалов жекшембиде Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам менен чогуу пакистандык студенттер жашаган Бишкектеги жатаканага барып кетти.

Ал ошондой эле “четтен келген жарандарды кор кылуу кыргызстандыктарга жарашпаган көрүнүш” экенин белгиледи.

Байсалов сырттан мыйзамсыз келген эмгек мигранттарына бөгөт коюлганын, өлкөдө билим алып жаткан чет элдик студенттерге жана туристтерге, эл аралык уюмдарда иштегендерге чектөөлөр болбой турганын кошумчалады.

Ишембиде Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар Бишкектеги кырдаалга көз салып жатканын X социалдык түйүнүнө жарыялаган постунда билдирген.

Индиялык басылмалар Кыргызстандагы тополоңдон индиялык жана пакистандык студенттер жабыркаганын жазышууда.

Белгилей кетсек, чет жактан келген студенттер жапырт кол салууларга туш болгондон кийин Кыргызстандагы бир катар чет мамлекеттердин элчиликтери өз жарандарын сак болууга чакырды.

Бишкектеги башаламандык эмнеден башталды?
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:24 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG