Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:00

Милиция шалаакыбы же кыраакыбы? Бишкектеги тополоңдун себептери


Бишкекте чет элдиктер жашаган жатакананын жанында топтолгондор, 18-май, 2024-жыл
Бишкекте чет элдиктер жашаган жатакананын жанында топтолгондор, 18-май, 2024-жыл

Бишкектеги башаламандыкка 13-майда шаардагы хостелдердин биринде жергиликтүү тургундар менен чет элдиктердин мушташы себеп болгонун кыргыз бийлиги билдирди. Бишкек милициясы төрт күн бою мушташтын чоо-жайын териштире алган эмес. ​​​Жергиликтүүлөр күнөөлүүлөрдү өздөрү таап, жазалоону чечишкен.

Укук коргоочулар менен эксперттер милициянын аракетсиздиги окуянын курчушуна жеткирди деп эсептешет. Эл аралык коомчулукта Бишкектин аброюна көлөкө түшүп, мыйзамдуулук сакталбаган жана чет элдиктерге жек көрүүчүлүк күчөгөн өлкө катары таанылды деген пикир жаралды.

17-майда Бишкекте төрт күн мурун болгон мушташтын видеосу социалдык тармакка тарады.

Милиция 13-майдагы мушташка жооптуу деп үч чет элдик жаранды кармаганы кабарланды. Ички иштер министрлиги алардын кечирим сураган тасмасын 18-майдын кечинде жарыялады.

Буга карабай нааразылык күчөп кетти. Түн ортолоп көчөгө чыккандардын саны миңден ашты. Жаалданган топтор чет элдик мигранттар жашаган жатакананын эшик-терезесин талкалап, айрым жерлерде алдынан чыккандарын ур-соккуга алышты. Шаардык милициянын бүт курамы күчөтүлгөн режимге өтүп, башаламандыкты басууга киришти.

Көчөгө чыккандар чет элдиктерге көзөмөлдү күчөтүүнү жана алардын мыйзам бузгандарынын жоопкерчилигин кароону талап кылышты.

18-майга караган түнкү башаламандыкта жалпысынан 29 киши жабыркаганын кыргыз өкмөтү билдирди. Маалыматка караганда, кайрылгандардын көбү ооруканага жаткан эмес, азыр үч чет элдик дарыланууда. Пакистандын элчилиги 14 жараны жабыркаганын ырастады.

Милициянын даражасы жана дарамети

“Оазис” фондунун директору Мээрим Осмоналиева чет элдиктердин укук коргоо органдарына жазган көптөгөн кайрылууларына жетиштүү көңүл бурулбай калганын, жаалданган топтордун жатаканага чейин кирип барып, студенттерди сабап кетиши көп суроолорду жаратарын айтат.

“Бул окуялар башталганда чет элдик студенттер жашаган хостелдердин айланасында көптөгөн милициялар бар болчу. Бирок ага карабай жаалданган топ жатаканаларга кирип барышкан. Алардын кирип, студенттерди токмоктошуна милиция кантип жол берди? Биздин укук коргоочулардын дарегине көптөгөн суроолор бар. Алар жатаканаларга чабуул болорун билип турушкан, токтотуп калса болмок да. Азыр көптөгөн студенттердин даректери Фейсбук, Тикток, Инстаграм аркылуу таркап жатат. Укук коргоо органдарына көп жолу чалышыптыр. Эч ким реакция кылган эмес. Абдан көп жолу аракет кылышкан. Уккан бир гана жообу “биз кабардарбыз, азыр келип калабыз, бирок жетишпей калышыбыз да мүмкүн” деген сөздөр болгон”.

Коопсуздук боюнча эксперт Орозбек Молдалиев укук коргоо органдарынын өз милдеттерине кесипкөй жана кыраакы мамиле кыла албагандыгы окуянын курчушуна алып келген деп эсептейт.

“Чет элдиктер менен жергиликтүүлөр кагышкандыктан, кылдатыраак мамиле кылыш керек болчу. Мына, 13-майда мушташып атышат, андан кийин соцтармактарда таратып, 17синде эл келип чогулуп атат. Ага чейин эле “мындай болду, алдын алып жатабыз” деген маалымат таратыш керек эле. Биздин укук коргоо органдары соцтармактарды “кылдат карап атабыз, антип атабыз, минтип атабыз” дешет, анан ушундай маалыматтар тарап, "чогулабыз" деп атканда алдын алган иштерди жасаш керек болчу да. Жаштар менен, окуу жайлар менен иштеп, бир паста кайра эле ошол соцтармактар аркылуу “чагымга алдырбагыла, бул иш тергөөдө” деп түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек болчу. Ошондуктан, бул бир аз шалаакылык болуп калды деп айткан пикирлерге кошулам. Алдын алып, кичине кыраакылык кылып... Анан инструкция деген болчу эле, чет мамлекеттин жарандарына зомбулук болуп кетпесин, ошондой болуп баратса эмне кылышыбыз керек деген чараларды талкуулашса керек өздөрүнчө. Кантип эле ушуну карабай коюшсун. Бирок ошону иштиктүү жасай албай калышты окшойт”.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев түнкү сүрмө топто чагым салгандар кармалганын билдирди. "Алардын арасында чагымчылар да болгонун билебиз, аларды тактап бүттүк. Ичинде курал менен жүргөндөрү да болду, аларды кармадык. Бул жарандарды жоопко тартабыз”, - деди атайын кызматтын башчысы.

Бишкек шаардык милициясы башаламандыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Төрт чет элдик жаран кармалганы маалымдалды.

Протесттик маанай жана миграция саясаты

Окуяга байкоо салып турган укук коргоочулар шаардагы башаламандык радикалдуу улутчул жана ксенофобиялык чакырыктардан улам курчуганын айтышат. Бийликтин акцияларга тыюу салганы жарандык активисттердин тынчтык митингдерине гана иштерин, агрессивдүү топторду токтото албай турганын белгилешүүдө.

Укук коргоочу, Freedom for Eurasia бейөкмөт уюмунун өкүлү Лейла Назгүл Сейитбек бул окуяны бийликтин саясатына болгон калк ичинде топтолуп бараткан "нааразылыктын бир учкуну" катары сыпаттайт. Өлкөдө реалдуу реформалардын жүрбөй жатышы жана коомдун көйгөйүн чечүүдөгү мыйзамдуу механизмдердин иштебей калгандыгы калың массаны ушундай башаламандыкка түртөт деп эсептейт.

“Бул мамлекеттин миграция жаатындагы туура эмес саясатынан улам болду. Анткени, жумушка уруксатты, визаны, атүгүл паспортторду да пачкалап сатып жатканын билебиз да. Муну биз интернетте көп айлардан бери, өзгөчө Украинадагы согуштан кийин көрүп келатабыз. Эл сокур эмес да, баарын көрүп турат. Анын үстүнө президенттин кыргыз жумушчуларына нааразы экени, аларды чет элден алып келгиси келери жана Түштүк-Чыгыш Азиядан миңдей адам келери тууралуу билдирүү кылган. Ал ошондой кылган болушу мүмкүн, эл аны көрүп турду. Мунун баары массалык жумушсуздуктун, жумуш орундарынын жоктугунун фонунда жасалып жатат. Кечээги протесттер эркиндиктин жоктугуна же диктатурага каршы багытталган эмес болчу. Ал абдан улутчул, шовинисттик жана ксенофобдук өңүттө жүрдү. Ошого карабай, биз калктын бийликтин саясатына нааразылыгын көрдүк. Ошол нааразылык ушундай протестке айланып кетти. Бийликтин мындай протесттерге эч нерсе кыла албашы түшүнүктүү. Элдин мындай массасын көзөмөлдөөгө жөндөмсүз жана эч кандай жаңы суу аткычтар аларды токтото албашы анык. Бийлик жасай турган бир гана нерсе – калктын конкреттүү көйгөйлөрүн чечкен так кадамдарды жасашы керек болчу. Анткени, калк мындай көйгөйлөрү менен эртедир-кечтир баары бир көчөгө чыгат”.

Венера Акматова Фейсбуктагы баракчасында жазган пикиринде Кыргызстандагы студенттер менен жаштардын арасында агрессия жана протесттик маанай бардыгын белгилейт. Ал көп жылдардан бери эч бир доомат артылбаган чет элдиктерге каршы маанай эмнеден улам күчөп кетти деген суроого жоопту бир нече жагдайдан издейт.

- мыйзамсыз миграцияга жол берилген;

- "силер жалкоосунар, булар жакшы иштейт" риторикасы кыжырга тийген;

- "канчалаган кыргыздар өз жеринен татыктуу иш таппай, иш издеп кетип атса, чет элдиктерге кандайча иш табылып атат" деген суроого жооп таба алышкан эмес;

- коомубузда агрессияны күчөткөн жагдайлар бар: фейктердин армиясы, коррупциянын айынан соттордун адилетсиздиги, татыксыздардын депутат, чиновник болушу, татыктуулардын "эшиктин сыртында калышы";

- өзүнө татыктуу жумушка орношо албагандар аябай көп.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жекшемби күнү башаламандыкта жабыркаган VIP хостелге барып, ал жерде жашаган чет элдиктер менен жолукканда бул окуялардан өкмөт дагы, коомчулук дагы "сабак алып жатканын" билдирди.

“Милиция туура кылды. Албетте, ошол жерде күчкө салып таратса деле болмок. Ага күч дагы, кызматкерлердин саны дагы, кудурети дагы жетет. Бирок тынчытып, жаштарды үйлөрүнө таратышты. Бирок ушуну менен бүтүп калбайт. Ким уюштурган, ким отко май чачкан, мунун бардыгы тергелүүдө. Бейбаштыкка, тартипсиздикке жол берилбейт. Бул дагы биздин өкмөткө, укук коргоо органдарына дагы, коомчулук менен жаштарга дагы чоң сабак болушу керек. Бизде өлкөбүздө этностук азчылыктар бар, сырттан келген конокторубуз бар. Биз туристтерди, студенттерди алып келели деп атабыз. Өзүбүз эмгек мигранттарынын мамлекети болсок, канча деген мамлекетте өзүбүз мигрант болуп жүрөбүз. Анан, сырттан келген башка элдерге расисттик мамиле кылып, кыр көрсөткөн, кор кылган, албетте, бизге жарашпайт. Бул кыргыз элинин мүнөзүнө төп келбейт. Бул биздин эч кандай баалуулуктарыбызга дал келбейт”.

Чет элдик студенттердин салымы

Ишкер Жоодар Сайдилкан Кыргызстанда билим алып жаткан индиялык жана пакистандык 30 миңдей студент өлкө капчыгына болжол менен 300 млн доллар каражат берерин жазды. Ал студенттерден түшкөн акчаны жылына 302 млн доллар каражат алып келген "Кумтөрдүн" кирешесине салыштырган.

Кыргызстанда пакистандык студенттердин федерациясы бар. Уюмдун эсебинде, Кыргызстанда 20 миңге чукул пакистандык студент билим алат. Алар өлкөгө жылына 40 млн доллардай киреше алып келет деп эсептелет.

Федерация жарыялаган кайрылуусунда окуянын чоо-жайын иликтеп, тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылды.

“Эгерде адилеттик калыбына келтирилбесе жана кырдаал биздин коопсуздугубузду кепилдөө жагына чечилбесе, анда бул иштерге адам укуктарын коргоо уюмдары катышышы мүмкүн. Буга чейин студенттер кабылган зомбулукка, басынтууларга жана вандализмге жооп кайтарбай келишкен. Бирок бул биз өмүр бою унчукпай жүрө беребиз дегенди билдирбейт. Биз эмнеге татыктуу экенибизди жана ага кандай жетүүнү да билебиз. Кыргыз жарандары кыргызстандыктар дагы чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөрүн унутуп жатышат. Алар дагы ушундай абалга туш болушса эмне кылышмак? Пакистандыктар бул жакты каптап кетип жатышат жана алар өз өлкөсүнө кайтып кетиши керек дегендер жаңылышат. Бул глобалдык айыл, ондогон жылдар бою өлкөлөр ушинтип өнүгүп келишет жана мындан ары да өнүгө беришет. Биз Кыргызстандын укук коргоо органдарынын бул ишке кийлигишүүсүн жана чечимдерди табуусун катуу талап кылабыз”.

Кыргызстандын бедели

18-майда Кыргызстандын Исламабаддагы элчилигинин алдында нааразылык акциясы өткөнүн Пакистандын медиасы кабарлады.

Акциянын катышуучулары Бишкектеги тополоңдо пакистандык студенттер зордук-зомбулукка кабылганына кабатырлануу билдиришти. Алар кыргыз элчилигине талаптары жазылган кат тапшыргандан кийин таркашты. Алар талаптары аткарылбаса кайра чогуларын эскертишти. Кандай талаптар экени так айтылган жок.

Медиа-талдоочу Миржан Балыбаев кыргыз коомчулугунун түштүк азиялык мигранттарга карата чектелген көз карашы өлкө үчүн кымбатка туруп калышы ыктымалдыгын белгилейт. Ал мындай окуялар Кыргызстандын дүйнөлүк прогрессивдүү коомчулуктагы аброюн түшүрөт деп эсептейт.

“Азырка чейин Түштүк Азиядан - Индия, Пакистан, Бангладештен келгендерге карата стереотиптер көп. Маалыматтын жетишсиздигинен аларды жектеп кароо, жактырбай же теңибизге албай, кемсинтип мамиле кылуу көп. Ошондон арылыш керек. Анткени, дүйнө чоң, маданий айырмачылыктар көп. Биздин бери дегенде эле 2-3 млн жараныбыз чет элде эмгек мигранттары болуп жүрөт. Өзгөчө Орусиядагы “Крокус Ситидеги” окуядан кийин мигранттарга болгон мамиле абдан катаалдашып, мурда эл арасында расмий эмес жектөө болсо, азыр мамлекеттик деңгээлдеги жектөөгө чейин жетип жатат. Ошону ойлош керек. Пакистандын калкы 250 млн, Бангладештин калкы 150-160 млн чыгат, Индияныкы 1,5 млрдга жетейин деп калды. Алардын көпчүлүк билимдүүлөрү англис тилинде сүйлөйт. Биз кыргыз, орус тилинде гана интернетке жазып жатабыз. Кечээ ур-токмокко алынган пакистандык, индиялык студенттер ошол дүйнөлүк тилде биздин мамлекет жөнүндө пикир жаратып коёт. Алардын калкынын саны көп жана маалыматтык жактан дүйнөнү камтуу, дүйнөгө өзүнүн пикирин жеткирүү жөндөмү биздикинен кыйла жогору. Мурдагы күнкү окуя Кыргызстандын дүйнөлүк аброюна абдан чоң зыян келтирди. Биз ушундай маселелерде абдан эле эски, чектелген көз караш менен мамиле кылабыз”.

Бийликтин жоопкерчилиги

Окуяга тыкыр көз салып турган эксперттер менен активисттер бийликтин буга байланыштуу ар бир кадамы ачык-айкын жана түшүнүктүү иш-аракеттерди жасашы зарыл болуп турганын белгилеп жатышат. Эл аралык коомчулукта эркин жана коопсуз мамлекет деген аброюна доо кетип турган чакта өлкөдөгү мыйзамдуулук менен адилеттиктин баасы өзгөчө жогору болууда.

Жарандык активист Нурсултан Акылбек Твиттердеги баракчасына кырдаалды жөнгө салууда кыргыз бийлигинин окуяны кылдат жана ачык-айкын иликтеши чоң мааниге ээ болорун жазды.

“Азыр мамлекеттин эң башкы милдети – кечээгидей кагылышуулардын кайталанышына эми жол бербөө болуп турат. Бардык маалымат ресурстары иликтөөлөрдү ачык-айкын чагылдырууга жана окуянын себептери менен кесепеттерин түшүндүрүүгө багытталышы зарыл. Мунун баары эмнеден улам чыкканын жана мыйзам кандай иштээрин бүткүл эл билиши керек”.

Соңку маалыматтарга ылайык, Бишкектеги зомбулук коштогон кагылышуулардан кийин пакистандык студенттер менен мигранттардын көбү өз мекенине кайтып кетип жатышат. Исламабад өз жарандарынын мекенине кайтаруу үчүн атайын чартердик каттамдарды учурууда. Башка чет өлкөлүк элчиликтер өз жарандарын көчөгө чыкпай турууга үндөп, кыргыз өкмөтүнөн алардын коопсуздугун коргоп берүүнү сурап жатат.

Чет элдиктерди бутага алган окуя эмнеден чыкты?
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:53 0:00

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда 5322 чет элдикке ишке уруксат берилген. Андан тышкары, Бангладештен 950, Пакистандан 18077, Индиядан 23593 студент окуйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG