Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:03

Бишкектеги окуя эмнеден келип чыкты? Чоо-жайы жана билдирүүлөр


18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуядан жалпы 29 киши жабыркады. Маалыматка караганда, жабыркагандардын көбү ооруканага жаткан эмес, азыр үч чет элдик дарыланууда. Пакистандын элчилиги 14 жараны жабыркаганын ырастады.

Саламаттык сактоо министрлиги тез жардам ооруканасына түшкөн эки бейтаптын бири башынан жараат алып, мээси чайкалганын билдирди. Бир кишиге медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. 12 жабырлануучу ар кандай жараат менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыккан. Бул ооруканага "жаак сөөгү сынган" деген диагноз менен жаткырылган пакистандык жаран операция болору айтылды.

Окуянын чоо-жайы

Ички иштер министрлиги 18-майга оогон түнү Бишкекте болгон окуяга чет элдиктер менен жергиликтүүлөрдүн ортосунда бир нече күн мурда чыккан мушташ себеп болгонун ырастап, ал окуянын видеосун жана ага байланыштуу кармалган адамдардын сүрөттөрүн жарыялады.

Бирок министрлик бул мушташка кайсы өлкөнүн жарандары катышканын тактаган жок.

Расмий маалыматка ылайык, 13-майга караган түнкү 02.00дө Бишкек шаарынын Восток-5 кичирайонунда жайгашкан пиццериянын жанында азият түспөлүндөгү белгисиз адамдар тобу чет элдик студенттерди тосуп алып, аларга тийишип тамеки сурап, “эмне үчүн бул жерде тамеки чегип жатасыңар” деп коркута баштаган. Бирөө кол көтөрө баштаганда чет өлкөлүк жарандар качып кетишкен. Алар Атай Огонбаев көчөсүндө жайгашкан жатаканага жетүүгө үлгүрүшкөн. Милиция билдиргендей, белгисиз адамдардын тобу чет элдик жарандардын артынан кубалап, жатаканага кирип барып, ал жакта жашаган чет элдик жарандарга күч колдонуп, акчасын жана буюмдарын тартып алышкан. Алар ар кайсыл бөлмөлөрдүн эшиктерин тээп, кыздар жашаган бөлмөлөргө киргенде жатаканада жашаган чет элдик жарандар чогулуп, келгендерди кетиргенге аракет кылып, ортодо мушташ чыккан. Бул окуяга байланыштуу төрт чет өлкөлүк кармалып, жатаканадагы чет элдиктерге кол салган төрт адамдын экөөнүн тек-жайы аныкталган. Алар Кемин районунун тургундары.

Ички иштер министрлиги мушташ тартылган видео 17-майда Инстаграмга жарыяланып кетип, анда чыныгы жагдай түшүндүрүлбөгөнүн, мындан улам нааразылык жаралганын маалымдады.

“13-майдагы окуяга нааразы болгон жаштар 18-май күнү кечинде, саат 22:00 чамасында, Бишкек шаарынын Курманжан-Датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине чогулуп, алардын саны 500дөн 700гө жеткен. Чогулгандар Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатакананын короосунда мушташуу фактысы боюнча күнөөлүү адамдарга карата укук коргоо органдарынын чара көрүшүн талап кылышкан. Милиция кызматкерлери жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, андан соң чогулгандар тарап кеткен. Түнкүсүн кызыкдар болгон тараптар абалдан пайдаланып, кырдаалды туруксуздаштыруу максатында "бул окуяда каза болгондор бар" деген маалыматтарды мессенжерлер аркылуу тарата баштаган.

17-майдан 18-майга оогон түнү Бишкектеги Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан чет элдиктердин жатаканасынын жанына жүздөгөн киши топтолгон.

Жатаканадагы мушташка байланыштуу Свердлов райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу менен бейбаштык) менен кылмыш иши козгогон. Анын алкагында төрт чет өлкөлүк жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Чет элдиктерди тоноо фактысы боюнча үч адам арыз менен кайрылган. Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган төрт адамдын экөө аныкталды. Алар Чүй облусунун Кемин районунун тургундары экени такталган. Милиция жогорудагы эки адамдын турган жерин жана башка адамдардын тек-жайын аныктоо боюнча иштерди алып барууда.

Бишкек: Чет элдиктер зордук-зомбулукка кабылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:44 0:00

Зордук-зомбулукка кабылган студенттер

Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын студенти, пакистандык Валид Алам “Машаал” радиосуна ишембиде "кырдаал чыңалган абалда" экенин жана студенттерге “жатаканалардан чыкпай тургула” деп эскертилгенин айтып берген.

Алар кечээ кечинде 100дөй жергиликтүү тургун Кыргызстандын эл аралык университетинин жатаканасына кирип келип, чет элдик студенттерди сабай баштаганын айткан. Ал бир нече киши бирөөнү сабап жатканын жана жабырлануучу жаны кыйналганынан ыйлап жибергенин көргөнүн айткан.

Бишкектеги Эл аралык медицина университетинин акыркы курсунун студенти Мухаммад Ихтишам Латиф 18-майда эртең менен күч кызматтарынын коштоосунда коопсуз жерге чыгарылганын, түнү менен коркконун көз ирмебей таң атырганын айтып берген.

Ал башка студенттер менен Авиценна атындагы медициналык университеттин бүтүрүү кечесине даярданып жатканда кыйкырык-сүрөөндү уккан. Ага удаа эле жаалдангандар дарбазаны бузуп, аянтка кирип келген. “Алар жыгач таяктарды жана темир зымдарды көтөрүп алган, кээ бирөөндө бычак бар болчу", – деп айтып берген "Машаал" радиосуна.

"Алар студенттерди сабап, "индустар" жана "пакистандыктар" деп кыйкыра баштады. "Биз университеттин башкы корпусуна кире качып, эшиктерди бекиттик", - деген Ихтишам чукул жерде милиция болгондуктан кырдаалды көзөмөлдөп калганын, түнү менен коркуп, тамак-ашы жок, суу ичпей отурушканын кошумчалаган. 18-майда эртең менен аларды коопсуз жерге аскердик техникага 25 кишиден салып, алып чыгышканын белгилеген.

"Биз тынч жердебиз, бирок өз коопсуздугубуздан коркуп жатабыз", - деген Ихтишам.

Бишкектеги VIP хостелде студент-дарыгерлер жашаган бөлмөлөрдүн эшиктери талкаланды
Бишкектеги VIP хостелде студент-дарыгерлер жашаган бөлмөлөрдүн эшиктери талкаланды

Бишкектеги Ала-Тоо эл аралык университетинин медицина факультетинин 5-курсунун студенти Самиулла Куреши түнкү окуяны "Азаттыкка" мындайча сүрөттөдү:

“Үч күн мурда египеттик студенттер менен жергиликтүүлөр мушташа кеткен. Анткени жергиликтүүлөр египеттиктерден акча талап кылган жана алар бербей койгон. Египеттиктер жергиликтүү студенттерди уруп койгон видео социалдык медиага тараган. Андан соң кечээ жергиликтүү жигиттер топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жерлерге барууну чечишкен. Алар Пакистандан болобу, Индиядан болобу же кайдан экенине карабай уруп-сабап, талкалашкан. Хостелдеги студенттердин бир даары жараат алды. Катуу жабыркагандар 7-апрель көчөсүндөгү Кыргызстандын эл аралык университетинин жана менин университетиме чукул жердеги 1-2-хостелдер".

Кыргызстандагы эл аралык университеттин студенти Хаснайн Али жатаканадагы анын курсташтарынын арасында олуттуу жараат алгандар бар экенин айтты.

Алинин билдиришинче, 18-майдын кечинде милиция аларга университетке жаалданган топ келатканын билдирип, "Жарыкты өчүрүп, эшик-терезени жаап, көчө жакты карабагыла" деп эскерткен.

"Суу, тамак-аш жок. Милиция жардам бербей жатат. Алар кечээ жаалданган топ кеткенден кийин келди. Пакистандын элчилиги эч кандай жардам жиберген жок. Биз жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып, биздин абалыбыз тууралуу элге билдиргиле деп атабыз", - деди "Машаал" радиосуна.

Исламабад - Бишкек: Дипломаттардын билдирүүлөрү

Бул окуядан кийин Пакистандын тышкы иштер министри Исхак Дар Х тармагына билдирүү жазып, студенттерге кол салуу болгону тууралуу кабарлар өтө тынчсыздануу жаратканын белгилеген:

"Кыргыз Республикасында студенттерге кол салуу болгону тууралуу кабарлар өтө тынчсыздануу жаратат. Биз пакистандык студенттердин коопсуздугун камсыздоо үчүн Кыргызстандын бийлиги менен байланыштабыз. Кыргызстандагы биздин элчиликке бул багытта иштөөгө тапшырма берилди".

Расмий Исламабад тараткан билдирүүдө Кыргызстандын Пакистандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Мелис Молдалиев Тышкы иштер министрлигине чакырылганы айтылат. Ага Кыргызстанда окуган пакистандык студенттер кабылган окуя боюнча Пакистан өкмөтүнүн камтамачылыгы айтылды. Молдалиев кыргыз өкмөтү Кыргызстанда жашаган студенттер менен жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык чараларды көрүп жатканын билдирди.

18-майда Бишкекте Кыргызтандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев менен Пакистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам жолугушту.

“Жолугушууда пакистан тарапка чет элдик жарандардын катышуусунда болгон окуя жана мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу, коомдук тартипти камсыздоо боюнча Кыргызстандын укук коргоо органдары көрүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди. Кыргыз тарап окуя тууралуу Пакистандын элчисине тастыкталбаган маалыматтарды таратпоо боюнча пакистандык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылды. Ошону менен бирге Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары кырдаал компетенттүү органдардын көзөмөлүндө экенин билдирди”, – деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Пакистандык айрым маалымат каражаттары Бишкекте 18-майга караган түндөгү "окуяда каза болгондор бар болушу мүмкүн" деген маалымат чыгарган. Пакистандын Бишкектеги элчилиги бул маалымат ырасталбаганын, алардын 14 жараны сабалганы тууралуу кабар алышканын билдирди. Элчиликтин өкүлү "Азаттыкка" сабалгандар студенттер экенин, учурда кыргыз өкмөтүнүн тиешелүү органдары менен байланышта болуп жатканын билдирди.

Милиция 18-майда Пакистандын элчилигин кайтарууга алганы маалым болду.

Бишкекте түндө эмне болду?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:58 0:00

18-майда Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар Бишкектеги кырдаалга сөз салып жатканын X социалдык түйүнү аркылуу билдирди. Ал студенттерди Индиянын Кыргызстандагы элчилиги менен тыкыр байланышта болууга чакырды.

“Бишкектеги индиялык студенттерге байланыштуу кырдаалга көз салып жатам. Абал тынч эмес экени кабарланууда”, - деп жазды Субраманьям Жайшанкар.

Индиялык басылмалар Кыргызстандагы тополоңдон индиялык жана пакистандык студенттер жабыркаганын жазышууда. Ар кандай маалыматтарга караганда, Кыргызстанда сегиз миңден он миңге чейин индиялык студент билим алат.

Кыргыз бийлигинин билдирүүсү

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жолугушууга чейин тараткан билдирүүсүндө медиа коомчулукту жана элчиликтерди текшерилбеген маалыматтарды таратпоого чакырды.

“Окуя тууралуу маалымат түшкөн учурдан тартып Кыргызстандын укук коргоо органдары окуяга катышкан адамдарды, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды жана Кыргызстандын жарандарын кармоо боюнча ыкчам чаралар көрүлгөн. Кырдаал толугу менен күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө болуп, жарандардын коопсуздугу жана коомдук тартип камсыз кылынган. Окуяга катышкандар арасында оор жараат алгандар жок. 15ке жакын жаран медициналык мекемелерге текшерүүдөн өтүү үчүн кайрылган. Жабыркаган чет элдик жарандар боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине эч кандай билдирүү түшкөн эмес. Ошону менен бирге министрлик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү жалган жана текшерилбеген маалыматтарды таратпоого чакырат”.

Ал эми Министрлер кабинети окуяда адам өмүрү кыйылганы тууралуу маалыматтарды төгүндөгөн билдирүү таратты.

“Министрлер кабинети социалдык тармактарда чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу аркылуу улуттар аралык кагылышууну жана башаламандыктарды тутандыруу аракеттерин чечкиндүү айыптайт. Эл аралык басма сөздө чет элдик студенттерге карата зомбулук жана адам өлтүрүү фактылары тууралуу жалган маалыматтарды жокко чыгарат. Укук коргоо органдары орун алган мыйзам бузуулардын бардык жагдайларын тыкыр иликтөөдө. Бардык күнөөлүүлөр аныкталып, мыйзам чегинде жоопко тартылат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Өкмөт мындан сырткары “акыркы айларда бийлик мыйзамсыз миграцияны токтотуу боюнча чечкиндүү чараларды көрүп жатканын, чет элдик студенттерге карата сабырсыздыкты тутандырууга багытталган ар кандай шылтоолорго жол берилбей турганын” белгилеген. Бийлик коопсуздукту камсыз кылуу, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо үчүн бардык зарыл чараларын көргөнүн маалымдап, коомдук тартипти бузууга аракет жасагандар ким болбосун жоопко тартыла турганын эскертти.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев окуяга байланыштуу видео кайрылуу таратты.

Ал мушташтан улам 17-майдын кечинде борбордо 18 жаштан 25 жашка чейинки, ар кайсы сааттарда 200дөн баштап 500-700гө чейин жергиликтүү жарандар чогулганын белгиледи. Атайын кызматтын башчысы алар Кыргызстанда иштеп жаткан мигранттардын көбөйүп кетишине нааразылык билдиришкенин айтты:

“Келген мигранттардын көбөйүп кеткенине байланыштуу биз дагы өз чараларыбызды көрүп келгенбиз. Апрель айынын башында президентибиз Садыр Нургожоевичтин жеке тапшырмасы менен мамлекетибиздин ичинде мыйзамсыз жүргөн мигранттардын жоопкерчилигин кароо боюнча жумуштар активдүү жүргүзүлгөн. Азыр да уланып жатат. Күнүнө жок дегенде 20-30дан, же 50дөн мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктап чыгып, аларды мамлекеттен чыгаруу аракеттерин көрүп жатабыз. Расмий статистикаларга таянсак, чет элдиктердин ичинде мыйзам бузууга баргандардын көбү Пакистандын жана Бангладештин жарандары. Мунун ичинен Пакистандан келген 1,5 миңдей адамды, Бангладештен келген миңдей адамды өз өлкөлөрүнө кайтардык. Бирок ошол эле маалда бүгүнкү күндө мыйзамды бузуп, мамлекетибиздин ичинде жүргөн 5 миңге жакын чет элдик мигрант бар. Ошондуктан бүгүнтөн тартып аларга чара көрүү жумуштарын дагы да күчтөнтөбүз. Мына ушунун фонунда кечээ чогулган адамдардын талаптары орундуу деп эсептейбиз, бирок ошол эле маалда коомдук тартипти бузуу же мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч келтирүү маселелери чыкса, анда аларга каршы чаралар көрүлөт. Кечээ мамлекеттик органдар тараптан аларга эч кандай чара көрүлгөн жок жана күч колдонулган жок. Алардын ичинде жаман аракеттерге бара турган ойлору болгон жок. Бирок арасында чагымчылар да болгонун билебиз, аларды тактап бүттүк. Ичинде курал менен жүргөндөрү да болду, аларды кармадык. Бул жарандарды жоопко тартабыз”, – деди Камчыбек Ташиев.

Ал арада Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети 18-майда билдирүү таратып, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын “Бишкектеги түнкү тополоңдон кийин чет элдик студенттер Казакстанга карай качып жатканын" төгүндөдү.

“Казак-кыргыз мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө бекеттери штаттык режимде иштеп жатат. Казакстандын жана Кыргызстандын чек арачылары Бишкек шаарындагы соңку кырдаал боюнча үзгүлтүксүз түрдө маалымат алмашып жатышат”, – деп айтылат Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынын маалыматында.

Бишкектеги кырдаал, эксперттердин пикири

Окуядан кийин милиция атайын буйрук чыкканга чейин күн сайын саат 19.00дөн тартып күчөтүлгөн режимде иштей турган болду. Ички иштер министрлиги борбор калаанын тургундарын жана конокторун мыйзамдардын жана кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын кызматкерлерин талаптарын катуу сактоону өтүнөт. Мекеме элдик кошуундун катарында кызмат өтөөнү каалаган жарандарды Бишкек милициясына кайрылуусун суранды.

"Азаттыктын" журналисттери жеринен кабарлагандай, 18-майда таңкы саат 5ке чукул Чүй проспектиси жана Курманжан Датка көчөсүндө топтолуп тургандар тараган.

Таңкы саат 4кө чукул Ички иштер министрлиги (ИИМ) маалымат таратып, Бишкек шаарынын аймагында абал туруктуу экенин билдирди.

Маалыматта шаардык милициянын өздүк курамы ички аскерлер жана башка түзүмдөр менен бирдикте күчөтүлгөн шартта коомдук тартипти камсыз кылары белгиленген. Борбор калаанын бардык көчөлөрүндө транспорт каражаттары үчүн кыймыл калыбына келтирилгени айтылат.

"Акипресс" агенттиги Чүй проспектиси жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде чогулгандар өлкөнүн бийлик башчылары менен жолугууну талап кылышканын жазды. Ал жерде миңден ашуун киши топтолгонун, милициянын атайын күчтөрү турганын кабарлады.

Чогулгандардын алдына чыккан Бишкек шаарынын милиция башчысы Азамат Токтоналиев "мушташка аралашкан чет элдиктер" кармалганын, "талаптар аткарылганын" айтты.

Ага чейин Бишкектин милициясы социалдык тармактарда белгисиз бирөөлөр жалган маалымат таратып жатканын билдирип, шаардыктарды чагымга алдырбай, сабырдуу болууга чакырган. Жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.

Жума күнү кечинде Ички иштер министрлиги тараткан видеодо жүзү жабылган үч эркек кечирим сураганы көрүнөт. Алардын бири "Кыргызстандын бардык элинен кечирим сурайбыз. Мындай кайра кайталанбайт деп убада беребиз. Кыргызстандын мыйзамын сактап, кечирим сурайбыз. Кылганыбыз үчүн толук жоопкерчилик алууга даярбыз", - деп орусча айтканы угулат.

Кармалгандар кайсы өлкөнүн жарандары жана Кыргызстанда кандай максатта жүргөнү тууралуу маалымат берилген жок.

Юрист, укук коргоочу Эржан Сулайман Бишкекте болгон окуя Кыргызстандын аброюна сокку урду деп эсептейт. Ал өз жүйөсүн мындайча негиздеди:

Эржан Сулайман.
Эржан Сулайман.

"Азыркы учурга чейин Ички иштер министрлиги жаңжал эмнеден чыкканын, аны ким баштаганын, кайсы өлкөнүн жарандары катышканын айтпай, карманып турганын байкап жатабыз. Бирок билимдүү эле адамдар окуянын чоо-жайын билбей туруп социалдык тармактарда улутунан, өлкөсүнөн бери атап, ар кандай терс пикир жазганына шок болдум. Буга катар жаалданган топтун чет элдик студенттер жашаган жатаканага барып, кол салганы, ага ИИМдин чара көрбөгөнү таң калтырды. Мен ошол индиялык, пакистандык студенттер менен иштешип калган адам катары айтсам, булардын маданиятында агрессия аз. Жергиликтүү жарандарга, кыздарга асылмак турсун, караганын да көргөн эмесмин. Кыздарга асылгандар, бири-бири менен мушташкандар өзүбүздүн эле жарандар. Анан калса Төкөлдөш 90-жылдардан бери эле криминалдуу, коркунучтуу район. Ошол жерде жатакананын болгону эле "чет элдик студенттерди тонобойт бекен?" деп кооптондурган. Эгер чет элдиктердин чындап мушташка тиешеси болсо, анда ошолор гана жазага тартылышы керек. Азыр студенттин статусун, ким экенин түшүнбөгөн адамдар баарын душман көрүп атышат. Окууга келгендердин көбүнүн бул жакта калайын деген деле каалоосу жок. Алардын окуу акысы бюджет үчүн киреше, өлкөдөн чыгып кеткен акчанын ордун толуктап турат. Ошол себептүү, аларды тартып кетүүгө кызыккан өлкөлөр жетиштүү. Анан Кыргызстандан окуп кеткендер кийин белгилүү бир илимпоз, доктор болбосо дагы бизден билим алганы сыймык да. Биздин бир эле душманыбыз бар - ал наадандык. Мына азыр Индиянын элчилиги өз студенттерин үйдөн чыкпоого чакырып атат. Бир түндө эле чет элдиктерге кооптуу өлкөгө айландык".

Ал эми парламенттеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин мүчөсү, депутат Нуржигит Кадырбеков болуп өткөн окуяга мындай баасын берди:

Нуржигит Кадырбеков
Нуржигит Кадырбеков

"Бишкекте болгон окуя коңгуроо. Бир чети дүйнөдө ушундай маанай өкүм сүрүп атат. Кечээ эле Бельгияга барып келдим. Ал жакта жакынкы шайлоодо мигранттарга каршы күчтөр жеңишке жетиши мүмкүн деп болжолдонуп жаткан экен. Америкага деле мигранттар барып атат. Арасында биздин жарандар да бар. АКШ өкмөтү аларга жумушсуз учурда мыйзам бузбасын деп 400 доллардан төлөп берет экен. Бир чети бул жергиликтүү элге жакпашы мүмкүн, анткени алар төккөн салык келгиндерге жумшалып жатат да. Бизде эми антип мамлекетке оордук келтирген мигранттар деле жок. Биз бир нерсени эске алышыбыз керек, көп жарандарыбыз сыртка кетип атат, өлкөдө жумушчу күчү азаюуда. Буга жараша алардын ордун чет элдиктер ээлеп атат. Бизге эми өнүккөн өлкөлөрдөн жумушчулар келбейт. Экинчиден, мурда тыштан мынчалык миграция агымы болбогондуктан, бул маселеге даяр эмес экенибиз көрүнүп калды. Мындан ары бул жаатта мыйзамдык базаларды, эрежелерди дагы карап чыгабыз го. Мыйзамда баары эле каралган дечи, ошону эле так аткарсак, баары жайында болмок".

Кыргызстандагы эмгек мигранттары

Кыргыз өкмөтү чет элдик эмгек күчүн тартуу боюнча 2024-жылдагы квотаны мурункудан 50% көбөйткөнү маалым болгон.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова окуядан кийин “Кабар” маалымат агенттигине учкай интервью берип, өлкөдөгү эмгек рыногуна байланыштуу суроолорго жооп берди.

Ал 2023-жылдын эсебинде өлкөдө 20 миңден ашуун бош жумуш орундары болгонун, 2024-жылдын май айына карата анын 6 миңден ашыгы дале бош турганын билдирди. Министр ошол себептүү Кыргызстан да башка мамлекеттер сыяктуу чет элдиктердин өлкөгө келип иштешине уруксат берип жатканын, чет элдик жарандар тигүү, тейлөө жана башка багыттарда муктаждыкты канааттандырып жатканын белгилеген.

  • 16-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектеги тигүү цехтеринде "мыйзамсыз иштеп жатат" деген негиз менен Пакистандын 28 жараны кармалганын билдирген. Атайын кызмат алардын Кыргызстанда жүрүүгө уруксат берген визаcынын жарактуу мөөнөтү өтүп кеткенин, мындан улам Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилгенин маалымдаган.
  • 15-майда Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы борбордо мопед, мотоцикл менен жеткирүү кызматтарында иштеген 400дөн ашык чет элдик студенттердин ишин токтоткон. Милиция мындай чара чет өлкөлүк студенттердин катышуусунда жол кырсыктарынын көбөйгөнүнө байланыштуу жана алар аралашкан кылмыштардын алдын алуу, аныктоо үчүн жасалып жатканын маалымдаган.
  • 12-апрелден бери Бишкек милициясынын Мыйзамсыз миграция жана экстремизмге каршы аракеттенүү кызматы ар кайсы тармактарда иштеген чет өлкөлүк жарандарды текшерип, Кыргызстандын аймагында жашоо же иштөө эрежелерин бузгандарга жалпы 1 млн 248 миң 500 сом айып салган.
  • Ички иштер министрлиги 2024-жылдын үч айында Кыргызстанда мыйзамсыз миграцияны уюштуруу боюнча 59 факты аныкталып, бардык топтолгон материалдар сотко жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Бул убакыт ичинде өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузгандарга 19 млн 97 миң сом айып пул салынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG