Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн ондогон чет элдик жаран депортацияланат


Бишкек шаары
Бишкек шаары

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарында Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарын бузуп, мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандар аныкталганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 14-апрелде ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Пакистан жана Бангладештен келген 130дан ашык чет өлкөлүк жаран аныкталып, алардын ичинен 64 адам виза мөөнөтү өтүп кеткени жана каттоосу жок жүргөнү белгилүү болгон.

Алар коомдук тамактануучу жайларда, жеткирүү кызматтарында, курулуш жана кийим тигүү тармагында ишке орношуу максатында мыйзамдуу түрдө келишкен. Бирок көбүнүн тиешелүү адистиги жок болгондуктан жана айлыктын аздыгынан көйгөй жаралган.

Ушундан улам УКМК менен Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга айып пул салып, административдик протоколдорду түздү. Мыйзамга ылайык, чет элдиктер келген өлкөлөрүнө депортацияланат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG