Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:27

Жаш баланы сабоого шек саналган адам үй камагына чыкты


Шектүү. 13-апрель, 2024-жыл
Шектүү. 13-апрель, 2024-жыл

Бишкектин Ленин райондук соту жети жашар баланы сабоого шек саналып кармалган адамды үй камагына чыгарды. Соттун 14-апрелдеги чечими ишти карап жаткан тергөөчүнүн өтүнүчү менен чыгарылганын Ленин райондук сотунун катчылыгы "Азаттыкка" билдирди.

"Сот отурумунда тергөөчү кармалган адам анча оор эмес кылмышка шек саналып жатканын, туруктуу жашаган жери документалдуу түрдө тастыкталганын белгилеп, аны үй камагына чыгарууну өтүндү", - деп жазылган маалыматта.

​Жыйынтыгында сот шектүүнү 13-июнга чейин үй камагына чыгарды.

Жабырлануучу тарап сот чечимине нааразы экенин билдирип жатышат.

Бир нече күн мурун социалдык тармактарга мектепте жаш баланы чоң киши сабап жатканы тартылган тасма тараган. Көп өтпөй, 12-апрель күнү милицияга Ленин районунун тургуну кайрылып, жети жаштагы баласын сабаган кишиге чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Ээнбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалганы кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG