Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Кыргызстан Иран менен Израилди тынчтыкка чакырды


Иран-Израил чатагы боюнча БУУ Коопсуздук кеңешинин чукул жыйыны. 14-апрель, 2024-жыл.
Иран-Израил чатагы боюнча БУУ Коопсуздук кеңешинин чукул жыйыны. 14-апрель, 2024-жыл.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушуна кооптонуусун билдирип, тараптарды тынчтыкка чакырды.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта аскердик аракеттер бүткүл Жакынкы Чыгышта кырдаалды туруксуздаштырууга алып келиши ыктымалдыгы белгиленип, андан баш тартууга чакырган.

"Кыргызстан тараптарды чыр-чатакты эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чечүүгө дагы бир жолу чакырат", - деп жазылган анда.

Иран 14-апрелге караган түнү Израилдин аймагына 300дөн ашуун канаттуу жана баллистикалык ракета, дрондор менен абадан сокку урду. Бул ондогон жылдардан бери касташып келаткан Израилдин аймагына Тегеран түз жасаган биринчи чабуул болуп калды.

Тегеран муну Сириядагы консулдугуна 1-апрелде жасалган кол салуу үчүн өч алуу деп түшүндүрдү. Ирандын бийлиги бул чабуул үчүн жөөт бийлигин айыптап келет. Тель-Авив расмий жоопкерчилик албаган ал чабуулда жети ирандык аскер, анын ичинен эки генералдын өмүрү кыйылган.

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Иран-Израил жаңжалына байланыштуу 14-апрелде чукул жыйынга чогулду. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG