Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Жакынкы Чыгыш: Израил Ирандын соккуларына жооп кайтарабы?


Ирандын дрондорун жана ракеталарын абадан жок кылып жаткан коргоо системасы. Ашкелон, Израил. 14-апрель, 2024-жыл.
Ирандын дрондорун жана ракеталарын абадан жок кылып жаткан коргоо системасы. Ашкелон, Израил. 14-апрель, 2024-жыл.

Иран 14-апрелге караган түнү Израилдин аймагына 300дөн ашуун канаттуу жана баллистикалык ракета, дрондор менен абадан сокку урду. Бул ондогон жылдардан бери жаатташып келаткан Израилдин аймагына Тегеран түз жасаган биринчи чабуул болуп калды.

Тегеран муну Сириядагы консулдугуна 1-апрелде жасалган кол салуу үчүн өч алуу деп түшүндүрдү. Ирандын бийлиги бул чабуул үчүн жөөт бийлигин айыптап келет. Тель-Авив расмий жоопкерчилик албаган ал чабуулда жети ирандык аскер, анын ичинде эки генералдын өмүрү кыйылган. Учурда эл аралык коомчулукту Израил Иранга кандай жол менен жооп кайтарат деген суроо түйшөлтүүдө.

"Ирандын мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин көрсөттү"

Израилдин бийлиги өнөктөш мамлекеттердин күчтөрүнүн жардамы менен Ирандын аба соккуларынын 99% мизи кайтарылганын билдирди. Кеп америкалык, британиялык жана франциялык күчтөр жөнүндө болуп жатканын маалымат каражаттары жазышты. АКШ президенти Жо Байден дагы бул маалыматты ырастады. Бир аскердик обьект жабыркап, жети жаштагы секелек кыз дрондун кулаган калдыгынан жараат алганы кабарланды.

Чабуул башталгандан көп өтпөй Иран соккулар өз максатына жеткенин, аларды улантуу ниети жоктугун маалымдады. Ошону менен катар Ирандын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси, генерал-майор Мохаммад Багери Израилге абалды мындан ары курчутуп, жооп чара көрбөөнү эскертти.

“Тегерандын жообу бүгүнкү аскердик акциядан да кыйла масштабдуураак болот”, - деди ал. Багери ошондой эле АКШны аралашпоого чакырды.

Байкоочулар бул окуя Ирандын мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин көрсөткөнүн айтышууда.

“Иран Ислам республикасы душманынын аймагына ачык жана түз сокку уруу менен чыңалууну курчутууга аракет кылгандай болду”,-деди Женева иниститутунун улук илимий кызматкери Фарзан Сабет.

Иран ракетасынын калдыктары. Израил бийлиги дал ушул ракетадан жети жаштагы секелек жабыркаганын билдирди. Арад. 14-апрель, 2024-жыл.
Иран ракетасынын калдыктары. Израил бийлиги дал ушул ракетадан жети жаштагы секелек жабыркаганын билдирди. Арад. 14-апрель, 2024-жыл.

Адатта мурда Иран сокку ургандан кийин гана жоопкерчилик алчу. Бул жолу алар “Чыныгы убада” деген аскердик операция башталганын дрондорду учурары менен жана алар Израилдин аймагына жетерине бир нече убакыт калганда жарыялашты.

“Бул маселе чечилди десек болот”,- деп жазды Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы миссиясы дрондордун биринчи толкуну Израилге жеткиче эле.

Буга карабай чабуул көптөр күткөндөн масштабдуураак болгону кабарланууда.

Ирандын мамлекеттик IRINN телеканалы ар кайсы шаарларда чабуулду майрамдап көчөгө топтолгон элдин маанайын түз ободо чагылдырып жатты. Андан тышкары канал социалдык тармактардан алынган деп Израилге жасалган чабуулдун кадрларын көрсөттү. Бирок алардын бири Түштүк Америкадагы токойлорду каптаган өрттү чагылдырган эски видео экени аныкталды.

Байкоочулардын эсебинде бул чабуул Ирандын ички аудиториясы үчүн багытталгандай.

Ирандын Израилге жасаган аба чабуулун кубаттап чыккан тегерандыктар. 14-апрель, 2024-жыл.
Ирандын Израилге жасаган аба чабуулун кубаттап чыккан тегерандыктар. 14-апрель, 2024-жыл.

Израилдин реакциясы кандай болот?

Эксперттердин эсебинде Израилдин жообу азырынча кандай болору белгисиз.

"Учурда дароо аскердик жооп кайтарышы керекпи же кандайдыр бир убакытка же чейин күтө туруу керекпи деген маселе талкууланып жатат. Учурда бул окуянын жыйынтыгына бизде кубана турган негиз бар. Бул уникалдуу нерсе деп эсептейм. Жакынкы Чыгыштын заманбап тарыхындагы уникалдуу окуя. Ошондой эле Ирандын коому бийлигине каршы. Балким ушул нерсе Ирандын ички саясатына таасирин тийгизеттир. Мен билгенден Ирандын жогорку руханий лидери да учурда абдан ооруп жатат жана мураскер тууралуу имиштер көп",-дейт Израилдин Чалгын кызматынын мурдагы жетекчиси Ифрейм Халеви "Фарда" радиосуна курган маегинде.

Ал эми Иран таануучу Михал Бородкин Израилдин жообу боюнча эки сценарий күтүлүп жатканын айтты.

"Биринчиси, Иранга түз сокку уруу. Ал сокку менимче ракета менен эмес, учактар, авиация менен жасалат. Экинчиси, Ливандагы "Хезболла" уюмуна сокку уруу. Менимче экинчи вариант реалдуурактай сезилип жатат. Анткени Израилдин авиациясы Иранга чабуул коюуга жөнөтүлсө, "Хезболла" кийлигишет. Мунун баарын Ирандын Иcлам революциялар сакчылар корпусу Иранды Израилдин түз соккуларынан коргоо үчүн атайын түзгөн".

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху коргоо министри Йоав Галлат жана аскердик кабинеттин мүчөсү Бени Ганц менен эки сааттык жыйын өткөрдү.

“Биз баарын атып түшүрдүк, мизин кайтардык, баарылап биз жеңебиз”,-деп жазды ал 14-апрелдин таңында X социалдык түйүнүнө.

CNN телеканалы кабарлагандай Нетаньяху учурда өз өнөктөштөрү менен Иранга кандай жооп берүүнү талкуулоону көздөп жатат.

Израил Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин чабуулду айыптоо үчүн 14-апрелде чукул жыйын өткөрүүгө чакырды. Тель-Авивдин аталган уюмдагы элчиси Гилад Эрдан бул кол салууну “глобалдык дүйнөгө жана коопсуздукка олуттуу коркунуч” катары мүнөздөдү.

АКШ президенти улуттук коопсуздук боюнча командасынын мүчөлөрү менен Жакынкы Чыгыштагы абалды талкуулап жатышат. 13-апрель, 2024-жыл.
АКШ президенти улуттук коопсуздук боюнча командасынын мүчөлөрү менен Жакынкы Чыгыштагы абалды талкуулап жатышат. 13-апрель, 2024-жыл.

Дүйнө лидерлери кол салууну кескин айыпташты

Батыш мамлекеттери кол салууну кескин айыпташты. Британия чабуулду “акылга сыйгыс” деп атаса, Германия Иранды чабуулдарды дароо токтотууга чакырды. Еврокомиссиянын төрайымы Урсула Фон дер Ляйен чабуулду айыптап, тараптарды мындан аркы эскалациядан карманууга чакырды.

“Мен Ирандын Израилге акылга сыйгыс жана негизсиз кол салуусун чечкиндүү түрдө айыптайм. Иранды жана анын жактоочуларын бул чабуулдарды дароо токтотууга чакырам. Бардык тараптар чыңалууну мындан ары курчутуудан карманып, аймактагы туруктуулукту жана стабилдүүлүктү орнотуунун үстүндө иштеши керек”, - деп жазды ал социалдык баракчасына.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш аймактагы кырдаалдын курчуп кетүү коркунучуна тынчсызданып турганын жазды.

“Мен чөлкөм да, дүйнө да жаңы согушка жол бере албастыгын бир нече жолу айткам”,- деген Гуттериш тараптарды сабырдуулукка чакырды.

Британиянын өкмөт башчысы Риши Сунак Ирандын Израилге кол салуусун "акылсыздык" деп атап, өлкө Израилдин жана аймактагы бардык өнөктөштөрүнүн коопсуздугун коргоого даяр экенин белгиледи.

АКШ президенти Жо Байден Жакынкы Чыгышта абал курчуй баштаганда Делаверге болгон сапарын токтотуп, Ак үйгө кайтууга аргасыз болду.

“Иран жана анын Йемен, Сирия, Ирактагы жардамчы күчтөрү Израилдеги аскердик обьектилерге абадан болуп көрбөгөндөй сокку урду”,- деген Байден чабуулду кескин айыптады.

Телефондон Израилдин өкмөт башчысы Беньямин Нетаньяху менен сүйлөшкөндө “Чоң жетиге” кирген мамлекеттердин лидерлерин чукул жыйынга чогултуп, Иранга бирдиктүү дипломатиялык жооп кайтарууну координациялай турганын айтты.

Ирандын Дамаскидеги консулдугуна сокку

Апрель айынын башында Сириянын Дамаск шаарындагы консулдугуна жасалган соккуну Тегеран Израилден көрүп келет. Анда 16 кишинин өмүрү кыйылган, анын ичинде Иран революциясынын сакчылар корпусунун эки генералы жана беш мүчөсү болгон. Израил бул боюнча эч кандай комментарий берген эмес.

Ирандын Жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи 10-апрелде консулдукка жасалган чабуул үчүн Израилден өч алышарын эскерткен.

Буга чейин ушундай маанидеги эскертүүлөрдү Ирандын президенти Ибрахим Раиси да жасаган.

Израил Ирандын чабуулдарына даяр экенин билдирип, армиясын күжүрмөн даярдыкка келтирген. Жекшемби Израилде иш күн болуп саналгандыктан, мектептерде сабактар токтотулган.

Кол салуу Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) ортосунда Газа тилкесинде согуш уланып жаткан маалда жасалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG