Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Элиана Кыргызстандан Газага жардам жеткирет


Элиана Сатарова
Элиана Сатарова

Кыргызстандагы “Аль-Умма” кайрымдуулук фонду Газада согуш башталгандан бери аймакта оор шартта калган калк үчүн гуманитардык жардам жиберүүдө. Фонддун жетекчиси Элиана Сатарова жардам чогултуу жана аны көзөмөлдөп чек арага жеткирүү иштери тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

- Элиана, Газа тилкесиндегилерге гуманитардык жардам жеткирип жатканыңарга канча болду? Бул иш кандай уюштурулат?

- Газада оор абалда калгандарга гуманитардык жардамды былтыр ноябрь айынан тартып көрсөтө баштадык. Үч жолу гуманитардык миссия менен Египетте болдук. Биздин жардам дал ошол Египеттен ары жөнөтүлөт. Бардык эле эл аралык уюмдар, фонддор азыр биздикиндей схема менен иштеп жатышат.

Биз деле алгач каражат чогултуп, анан Египетке баргандан кийин эң зарыл деп саналган буюм-тайымдарды, азык-түлүктөрдү, тамак-ашты ошол жактан сатып алабыз. Азыр дээрлик бардык эле өлкөлөр ушундай жол менен жардам жеткиришет. Өз өлкөсүнөн жүк жеткирүүнү учактары, кемелери бар, логистикалык жактан баарын сүйлөшүп чече алган бай мамлекеттер гана ишке ашыра алат. Алар Катар, Түркия сыяктуу мамлекеттер менен сүйлөшүп, анан Жер ортолук деңизи аркылуу жеткиришет.

Кээ бир чоң мамлекеттер атайын борт, атайын каттам менен жөнөтүшүүдө. Эл аралык уюмдар, ошол эле Бириккен Улуттар Уюму Египет аркылуу эле иштеп жатышат. Айрым мамлекеттер абадан ыргытууда. Иордания, Франция, АКШ ушундай кадамга барды окшойт.

Элиана Сатарова Египетте баш калкалаган палестин балдар менен.
Элиана Сатарова Египетте баш калкалаган палестин балдар менен.

- Силердин фонд кандай жардам көрсөтөт?

- Негизинен азык-түлүк жөнөтүп жатабыз. Маселен, бир кутунун ичинде эң зарыл делген гигиеналык каражаттар, кургатылган кесме, сүт, консервацияланган уйдун, балыктын эттери, курма бар. Мунун баары бир үй-бүлөгө үч-төрт күнгө жетет. Ошондой эле кышында жылуу жууркандарды жибердик. Кутуларды чогулткандан кийин биз кызматташып келген өнөктөш фондго беребиз. Газа тилкесине Египеттеги Кызыл жарым ай жана Кызыл чырым коомдору киргизип, андан ары бөлүштүрөт.

- Силер Газа тилкесине канчалык жакын бара аласыңар? Чек аралаш аймактан да бомбалоонун, аткылоонун үнү угулат бекен?

- Биз Египет менен Газа тилкесинин чек арасындагы Аль-Ариш деген аймакта болдук. Ошол жерде Газадан чыгарылган жарадарлар жайгаштырылган эки госпиталга бардык. Оорукананын дарыгерлери, жетекчилиги менен сүйлөшө алдык. Ошол качкындар баш калкалаган жатаканага да бардык. Ал жакта төрт жүздөй адам бар экен биз барганда. "Рафах" чек ара өткөрмө бекетине жакын барган жокпуз. Балким, ошол жактан атышуулардын үнү угулмак. Ал жакка барууга эч кимге уруксат берилбейт. Ал атайын аймак болуп эсептелет жана аскерлер турат.

“Аль-Умма” кайрымдуулук фондунун мүчөлөрү Египеттеги оорукананын жетекчилери менен.
“Аль-Умма” кайрымдуулук фондунун мүчөлөрү Египеттеги оорукананын жетекчилери менен.

Жер ортолук деңизинин үстүнөн учкан жүк ташуучу учактарды гана көрө алдык. Египеттен башка эл аралык гуманитардык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуп, сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк болду. Биз жардамды ал жакка жеткирип эле кайра артка кайтуудабыз. Египетте коопсуздук чаралары азыр абдан күчөтүлгөн.

- 2-апрелде World Central Kitchen эл аралык гуманитардык уюмунун бир нече кызматкери Газа тилкесинде израил армиясынын аба соккусунан набыт болду. Азыр ал жак гуманитардык уюмдардын өкүлдөрү үчүн канчалык коопсуз?

- Менимче, ал жакта азыр баары үчүн эле кооптуу. Баары запкы жеп жатышат. Биз госпиталдарга барганда улгайган адамдарды, аппараттарга туташтырылган ымыркайларды көрдүк. Айрымдарына ок тийген. Кырдаал абдан оор. Миңдеген балдар өлүп, дагы ошончосу жетим калды. Канчалаган киши качкынга айланды. 33 миңдей киши өлгөнү кабарланууда. Анклавдын 80% талкаланды.

- Учурда Бириккен Улуттар Уюму баш болгон эл аралык мекемелер Газа тилкесиндеги ачарчылык коркунучу тууралуу эскертип жатышат. Сиздин пикириңиз боюнча, буга жеткирбеш үчүн эң биринчи кезекте кандай чара көрүү керек?

- Азыр бул реалдуулукка айланып баратат. Өзгөчө Газа тилкесинин түндүгүндө кырдаал оор. Ал жакка гуманитардык жардам жеткирүү да мүмкүн болбой жатат. Ошол жакта калган 300-400 миңдей кишинин абалы оор. Киргизилген гуманитардык жардам аймактагылардын баарына жетпей жатат. Азыр ал жактагы 2 миллиондой киши жардамга муктаж.

Албетте, эң биринчи кезекте гуманитардык коридорлорду ачып, жардамдын жеткирилишине чек койбош керек. Өзгөчө анклавдын түндүгүнө. Анан, албетте, баарынын эле кыялы - ок атышууну токтотуп, карапайым тургундарды запкыдан кутултуу.

2-апрелде Газа тилкесинде качкындарга ысык тамак таратып, тыштан келген гуманитардык жардамды бөлүштүрүп келген World Central Kitchen эл аралык бейөкмөт уюмунун жети кызматкери израил армиясынын соккусунан мүрт кетти. Арасында Австралиянын, Польшанын, Британиянын жарандары жана АКШ менен Канаданын кош жарандыгын алган палестиндер бар эле. Израилдин бийлиги окуя үчүн кечирим сурап, анын чоо-жайы тыкыр иликтенерин билдирди. Бул соккуну эл аралык коомчулук кескин айыптады.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал уюмунун согушкерлери Израилге кол салып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 250дөй адамды барымтага алган. Ошондон бери Израил армиясы Газа тилкесинде аскердик операция жүргүзүп, тынымсыз абадан сокку уруп келет. Газа тилкесинин Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, андан бери 33 миңдей жай тургундун өмүрү кыйылды.

Бириккен Улуттар Уюмунун 18-мартта жарыяланган баяндамасында Газа секторунун түндүгү алдыдагы эки айда ачарчылыкка кептелери анык болуп калганы белгиленген. Анда айтылгандай, "катастрофалык ачарчылык" коркунучу жаралган адамдар 1,1 миллионго жетти, бул Газа секторунун калкынын дээрлик жарымы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG