Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Жакынкы Чыгыш: Газа ооруканасындагы рейд, Нетаньяхуга каршы митинг


Газа тилкесинде таза сууга кезекке тургандар
Газа тилкесинде таза сууга кезекке тургандар

Израилдин армиясы Газадагы аш-Шифа ооруканасында ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун террорчуларына каршы 18-мартта жогорку тактыктагы аскердик операция баштаганын билдирди.

Анын алдында Израилдин өкмөт башчысы Рафахка аскерлерди киргизүүнү белгисиз убакытка жылдырганын билдирген. Биньямин Нетаньяхунун кызматтан кетишин талап кылган чакырыктар кеңири айтыла баштады.

Израил армиясы - ЦАХАЛ билдиргендей, Газа шаарындагы аш-Шифа ооруканасында жогорку тактыктагы аскердик операция башталды. Армиянын маалымат катчысы Даниел Хагаринин айтымында, ХАМАС радикал уюмунун жогорку даражалуу өкүлдөрү аталган оорукананы Израилге коюлган чабуулдарды башкарып туруу үчүн колдонуп келишкен.

"Биз Газанын элине каршы эмес, ХАМАСка каршы согуш жүргүзүп жатабыз. Биз ХАМАС тирүү калкан катары колдонуп жаткан жайкын тургундарга зыян келтирүүнү көздбөйбүз. Ошондуктан бул операцияны өтө этияттык менен, оорукананын маанилүү ишине тоскоолдук жүргүзбөгүдөй шартта өткөрбүз. Ооруканада жашырынган ХАМАСтын террорчуларынын баарын токтоосуз колго түшүүгө чакырабыз",- деди Хагари.

Рафахтагы талкаланган үйдүн алдына чогулган газалыктар. 4-март, 2024-жыл.
Рафахтагы талкаланган үйдүн алдына чогулган газалыктар. 4-март, 2024-жыл.

Күбөлөрдүн айтымында, Газа тилкесиндеги эң ири деп эсептелген оорукананын аймагына абадан соккулар урулуп жатат жана мекеменин айланасынан танктарды көрүүгө болот. Израилдин армиясы дал ушул анклавдагы эң чоң деп эсептелген аш-Шифа медициналык комплексинде ноябрь айында жүргүзгөн рейддери үчүн эл аралык коомчулуктун сынына кабылган.

Ал кезде ооруканада бейтаптардан тышкары, бомбалоодон жан сактоонун аргасын көрүп, беш миңдей киши баш калкалап турган эле.

Рафахтагы операция, качкындардын абалы

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху 17-мартта эл аралык басымды четке кагып, Газа менен Египеттин чек арасына жакын жайгашкан Рафах шаарында хамасчыларга каршы аскердик операциясын баштарын билдирген.

"Билесиңерби, эгер биз ХАМАСтын террордук батальондорунун төрттөн бир бөлүгүн калтырып койсок, алар бириге калып, Газа тилкесин кайра өз карамагына алышат. Кийин кайра эле убадасын аткарышат. Тактап айтканда 7-октябрдагы кыргынды кайра кайталашат. Мындай болбойт. Ошондуктан биз ХАМАСты толугу менен жеңишибиз керек",- деди Нетаньяху америкалык Fox News телеканалына курган маегинде.

Кийинчерээк ал CNN телеканалына маек куруп, Израил ХАМАС менен согушта алты жумалык ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүү аракеттерин уланта берерин айткан.

Ошол эле күнү ал Германиянын өкмөт башчысы Олаф Шольц менен жолуккандан кийин Рафахка аскерлерин киргизүүнү бир аз жылдыра турарын жарыялады. Маалыматтарга караганда, канцлер Рафахта 1,5 миллиондой адам коргоого муктаж экенин айтып, аскердик операцияны баштабай турууга чакырган.

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху. 18-февраль, 2024-жыл.
Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху. 18-февраль, 2024-жыл.

Нетаньяхунун кабинети 15-мартта Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында жердеги операциясы баштоо планын жактырган. Ал жакта анклавдын ар кайсы жактарынан, Израил армиясынын бомбалоосунан качкан түмөндөгөн адамдар баш калкалоого аргасыз. Израилдин премьер-министри карапайым тургундарды коопсуз аймактарга эвакуациялоо боюнча планы бар экенин билдирип келет. Бирок эл аралык коомчулук, анын ичинде АКШ жетекчилиги бул план бир аз "түшүнүксүз" экенин айтууда.

Кыргыз өкмөтүнүн чакырыгы

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эл аралык коомчулукту Газадагы аскердик аракеттерди токтотууга чакырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнүн ачылышында айтып, Газада күн сайын калк кырылып жатканына тынчсыздануусун билдирди.

"Кыргызстан терроризмди айыптайт. Октябрда биз Израилдин жарандарына кол салууну айыптаганбыз. Биз Израил элинин өзүн коргоо укугун тааныйбыз, бирок жөөт өкмөтү өзүн эл аралык укуктан жана Бириккен Улуттар Уюмунан жогору коюуга укугу жок", - деди ал.

Миңдеген израилдиктер 16-мартта Тель-Авивдеги аянтка чыгып, Биньямин Нетаньяхунун кызматтан кетишин жана шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышты. Алар мамлекеттик гимнди ырдашып, “Силер бизди токтото албайсыңар!”, “Чукул шайлоо!” деген жазуулары бар кагаздарды көтөрүп, ураандарды чакырышты. Айрымдары ХАМАС радикал уюму 7-октябрда барымтага алган туткундарды бошотуу боюнча жетиштүү чаралар көрүлбөй жатканын сындашты.

"Биз бул өкмөткө нааразылыгыбызды билдирүү үчүн чыктык. Өкмөт өзгөчө согуш башталганы элдин кызыкчылыгын ойлобой калды. Туткундар маселесинде болобу же арабдар менен жөөттөрдүн ортосунда чыңалууну күчөтүү маселесинде болобу, мунун баары бизге согуш маалында жана андан кийин дагы өзгөчө зыян келтирет деп ойлойбуз",- деди демонстранттардын бири Римон Нисан.

Буга чейин АКШ Сенатындагы демократтардын лидери Чак Шумер дагы Израилде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүп, бийликти жаңылоо керек экенин билдирген. Таасирдүү америкалык сенатордун пикиринде, Биньямин Нетаньяхунун саясатынан улам АКШ менен Израилдин алакасында жаракалар пайда болууда.

Ал ошондой эле миңдеген Израил бир нече ай Газага гуманитардык жардам жүктөлгөн машинелердин кирүүсүн чектегендиктен миңдеген палестиндер ачка экенин айтып, Нетаньяху өз өлкөсүн элден чыгып калган мамлекетке айлантуу алдына турганын эскертти.

Сенаттагы көпчүлүк демократтардын лидери Чак Шумер. 13-февраль, 2024-жыл.
Сенаттагы көпчүлүк демократтардын лидери Чак Шумер. 13-февраль, 2024-жыл.

Шумер Америка саясатындагы жогорку даражалуу жөөттөрдүн бири. Ал буга чейин Израилдин бийлигин, саясатын колдоп келгени менен бул жолку билдирүүсүндө ал Нетаньяху өз кызыкчылыгын жогору койгонун кошумчалады.

Израилдин бийлиги, анын ичинде өкмөт башчы Нитаньяху анын эли ким бийликте болорун өзү чечерин билдирип, Шумердин сөздөрүн кескин айыпташты.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан Израилдин аймагына кол салып, 1200дөй адамды өлтүргөн, дагы жүздөгөн адамды барымтага алып кеткен. Жөөт армиясы бул үчүн Газага кирип, аскердик операциясын баштаган. Газанын Саламаттык сактоо министрлиги ошондон бери 30 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылганын билдирүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG