"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Жердеги экологиялык көйгөйлөр курчуган сайын анын кесепети Борбор Азияда да таасын сезилет. Климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөр эрип, суу тартыштыгы жалпы эле чөлкөмгө коркунуч жаратууда. Астанада өткөн эл аралык экологиялык саммитке катышкан лидерлер ушул маселелерди талкуулашты.
Орусиялык инфлюенсер Виктория Боня орус президенти Владимир Путинге кайрылып, өлкөдөгү беш көйгөй тууралуу айтканы талкуу жаратты. Украинадагы согуш тууралуу ал үн каткан жок. Кремль Боня айткан көйгөйлөрдү чечүү аракети көрүлүп жатканын билдирди. Былтыр Боня Кыргызстандын бийлигине да кайрылган.
Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн ортосунда сүйлөшүүлөр жанданып, тынчтык келишимдерине жетишүү аракети күчөп жатат. АКШ президенти Израил менен Ливандын лидерлери жолугарын билдирди. Бейрут азырынча ырастай элек. Израил менен «Хезболланын» соңку согушу эмнеден улам башталды? Ал качан токтошу мүмкүн?
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Исламабаддагы сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШ менен Иран келишимге жетише албаганын жарыялады. Исламабадда АКШнын, Ирандын жана Пакистандын делегациялары бир бөлмөдө "бетме-бет" сүйлөшүп жатканын буга чейин Ак үйдүн өкүлү билдирген.
Кандай гана смартфон же ноутбук болбосун “бузуп” кирип, андагы каттарды, фото-видеолорду жана башка маалыматтарды алып чыгууга мүмкүнчүлүк берген программалар көп. Алардын арасында UFED деген Израилде чыгарылган аппарат дагы бар.
Ирандын бир катар жогорку кызматтагы жетекчилери, анын ичинде президент Масуд Пезешкиан, АКШ жана Израиль тарабынан жүргүзүлүп жаткан күчтүү аба соккуларына карабастан, палестин элин колдоого арналган жыл сайын өткөрүлүүчү Кудс күнү митингине катышуу үчүн Тегерандын көчөлөрүнө чыгышты.
Украинадагы согушка төрт жыл болду. Зеленский Путин Киевди "үч күндө аларын" айтканын эске салды. Бул Экинчи дүйнөлүк согуштан бери Европадагы эң ири куралдуу жаңжал болуп калды.
Кошмо Штаттарда Бекжан Бейшекеевдин катышуусунда болгон автокырсыктан кийин кыргызстандыктар иштеткен Tutash Express жана Sam Express Inc трак компаниялары убактылуу жабылды. Бул тууралуу Американын транспорт министри Шон Даффи билдирди.
АКШнын виц-президенти Вэнстин Түштүк Кавказга жасаган тарыхый сапарынын өзөгүн TRIPP - Трамптын Эл аралык тынчтык жана өнүгүү маршруту түздү. Бул эмне болгон долбоор? Ага Борбор Азиянын кандай тиешеси бар?
Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетине Кыргызстанга чара көрүү сунушун дагы киргизди. Документтин долбооруна караганда, Кыргызстанга компьютерлердин санарип башкаруу (CNC) станокторун жана радиоэлектрондук жабдууларды сатууга тыюу салынышы ыктымал.
Кошмо Штаттардын вице-президенти Жей Ди Вэнс 9-февралда Арменияга барды. Эки күндүк сапарынын алкагында ал аймактагы соода, инвестиция жана инфраструктура маселелерине көңүл бурары кабарланды. Андан соң Вэнс Азербайжанга барары күтүлүүдө.
Венесуэланын бийликтен кулатылган лидери Николас Мадуро 5-январда сотто ага тагылган айыптарды четке кагып, күнөөсүз экенин айтты. Ага наркотеррорчулук, кокаин импорттоо, курал-жарак сактоо жана колдонуу тууралуу төрт пункттан турган айып тагылган.
Германияда көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан юридикалык антропология илимдеринин доктору, эл аралык саясат таануучу жана лингвист Махабат Садырбек кыргыз тилине арналган жаңы эмгегин жарыялады.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Швейцариянын Кран-Монтана курортундагы жарылуудан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Мекеме ал жакта жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин ырастады.
АКШ Украинага убада кылган коопсуздук кепилдиктери 15 жылга гана каралган. Жекшембиде Трамп менен Путин Флорида штатында жолуккан. Эки президент үч саатка созулган сүйлөшүү жемиштүү болгонун, согушту токтотууга кыйла жакындап калганын билдирди.
Москвада машинадагы жардырууда Башкы штабдын ыкчам даярдык башкармалыгын жетектеген генерал мерт болду. Украинада согуш башталганы бул Орусияда жогорку даражалуу аскер кызматкерлерине жасалган алгачкы кол салуу эмес.
Мьянманын ээн талааларынын ортосунда тикенек зымдар менен курчалган жана катуу кайтарылган комплекс бир караганда кадимки эле лагерди элестетет. Бирок бул жерде миңдеген киши кулчулукта кармалары тууралуу маалымат үрөй учурду. Жакында Кыргызстан өз жаранын бул өлкөдөгү кулчулуктан куткарып алды.
Украинадагы согуш жакын арада токтойбу? Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр эми Москвада уланат. АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф Орусиянын президенти менен сүйлөшүү үчүн жолго чыкканы маалым болду. Жекшембиде Украина менен Орусиянын делегациясы Американын Флорида штатында жолуккан.
Быйыл биринчи жолу аралыктан туруп, кайсы жерден болбосун жарандык милдетиңди аткара аласын. Так айтканда, жарандар Кыргызстанда туруктуу жана биометрикалык каттоосу болсо каалаган тилкеден добуш бере алат. Добуш берчү жерге барганда паспортту же «Түндүк» тиркемесин көрсөтсөңүз жетиштүү.
20-ноябрда Киевде украин лидери Владимир Зеленский Пентагондун жогорку деңгээлдеги жетекчилиги менен жолугат. Мунун алдында медиа каражаттарында Вашингтон сунуштаган тынчтык пландын айрым жагдайлары жарыяланып кетти.
Дагы жүктөңүз