Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:45

Польша: Краковдо октон алты адам набыт болду, жаракат алгандары ондон ашты

Краков шаарынын борбордук базар аянтынын жанында ок атыуу болгон жерде өзгөчө кырдаалдар кызматынын кызматкерлери иштеп жатышат. 7-ноябрь, 2026-жыл. Краков, Польша.
Краков шаарынын борбордук базар аянтынын жанында ок атыуу болгон жерде өзгөчө кырдаалдар кызматынын кызматкерлери иштеп жатышат. 7-ноябрь, 2026-жыл. Краков, Польша.

7-ноябрда Польшанын Краков шаарында белгисиз куралчан адам автоунаадан туш келди ок чыгарып, алты кишинин өмүрү кыйылды. Reuters агенттиги 16 адам жарадар экенин кабарлады. Кылмышка шектүү полициянын огунан жаракат алып, кармалып, ооруканага жеткирилди.

Окуя 7-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00 чамасында Краковдун тарыхый борборундагы Рынок Глувны аянтында болду.

Полициянын маалыматына караганда, куралчан адам автоунаасы менен аянтка кирип барып, бир нече жерден туш келди элди аткылаган.

Кол салуудан төрт аял жана эки эркек набыт болду. Алардын арасында Улуу Британиянын жараны да бар экени кабарланды.

Ал эми жаракат алгандардын арасында беш чет өлкөлүк жана эки полиция кызматкери бар. Полиция кызматкеринин биринин абалы оор. Associated Press агенттиги 13 адам оор абалда ооруканага жаткырылганын кабарлады. Бул санга кол салууга шектүүнүн өзү да кириши мүмкүн.

Күбөлөрдүн айтымында, шектүү автоунаа менен аянтты айланып, ар кайсы жерден ок чыгарган. Анын огунан өтүп бараткан трамвайдын айдоочусунун кабинасындагы айнек да талкаланган. Трамвайдын жүргүнчүлөрү жана айдоочусу жабыркаган эмес.

Полиция кол салган адамды кармоого аракет кылганда атышуу болгон. Шектүү полициянын огунан жарадар болгондон кийин да аткылоону уланткан. Кийин ал кармалып, ооруканага жеткирилген.

Польшанын Краков шаарындагы борбордук аянтынын жанында атышуудан каза болгон адамдын сөөгү жатат. 7-ноябрь, 2026-жыл.
Польшанын Краков шаарындагы борбордук аянтынын жанында атышуудан каза болгон адамдын сөөгү жатат. 7-ноябрь, 2026-жыл.

Шектүү ашынган оңчул көз карашта болушу мүмкүн

Польшанын ички иштер министри Марцин Кервиньский кол салган адам ашынган улутчул көз карашта экенин билдирди.

«Бардык маалыматтар анын ашынган оңчул идеологияларга кызыкканын көрсөтүп турат», - деди министр.

Полициянын маалыматына караганда шектүү Польшанын жараны. Ал аскердик үлгүдөгү кийим жана ок өтпөс чыптама кийип жүргөн. Анын автоунаасынан дагы башка курал-жарактар жана ок-дары табылган.

Reuters агенттиги шектүү 24 жашта экенин жазды. Полиция анын аты-жөнүн азырынча жарыялай элек.

Шектүүнүн үйүнөн табылган сөөктөр

Польшанын премьер-министри Дональд Туск кол салууга шектелген адамдын үйүн дрон менен текшерүү учурунда имараттын ичинде адамдардын сөөгү байкалганын билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, алар шектүүнүн жакын туугандары болушу мүмкүн. Бирок маркумдардын ким экени жана кандай жагдайда өлгөнү азырынча аныктала элек.

Тергөөчүлөр шектүүнүн үйүн жана окуяга тиешеси болушу мүмкүн делген жерлерди текшерүүдө.

Полициянын алгачкы маалыматына караганда кол салган адам жалгыз болгон. Ошол эле учурда прокуратура ага башка адамдар жардам берген-бербегенин да иликтеп жатат.

Польшада аза күтүү жарыяланды

Польшанын президенти Карол Навроцкий 8-9-ноябрь күндөрүн жалпы улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыялады. Ал каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, окуянын бардык жагдайларын аныктоону талап кылды.

Краков шаарынын бийлиги да шаршембиге, 11-ноябрга чейин аза күтүү жарыялады.

Премьер-министр Туск Краковго барып, каргашалуу окуя боюнча маалымат алды. Польшанын коргоо министри кол салууну террордук акт деп мүнөздөдү.

Окуядан кийин борбор калаа Варшавада да коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Шаардын тарыхый борборунда кошумча тосмолор орнотулары кабарланды.

Краков - Польшанын экинчи ири шаары жана Европадагы белгилүү туристтик борборлордун бири. Анын тарыхый борбору ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.

Польшада мындай масштабдагы куралдуу кол салуу сейрек кездешет. Бийлик азырынча окуянын так себептерин аныктай элек. Тергөө уланууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин 2026-жылдын апрелиндеги маалыматына караганда Польшада беш миңге жакын кыргызстандык бар. Азырынча Краковдогу атышуудан жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары бар же жок экени тууралуу такталган маалымат жок.

  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG