Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:11

Түштүк Корея -Борбор Азия: табигый заттар, атом энергетикасы, миграция жана хайтек өндүрүш

Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён Сеулда өткөн биринчи «Корея – Борбор Азия» саммитинде Борбор Азиянын беш мамлекетинин президенттери менен сүрөткө түшүүдө. 16-сентябрь, 2026-жыл.
Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён Сеулда өткөн биринчи «Корея – Борбор Азия» саммитинде Борбор Азиянын беш мамлекетинин президенттери менен сүрөткө түшүүдө. 16-сентябрь, 2026-жыл.

16-сентябрда Сеулда Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери Түштүк Кореянын лидери Ли Чжэ Мён менен кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктаган «Сеул декларациясын» кабыл алышты.

"Сеул декларациясында" Түштүк Корея менен Борбор Азиянын өнөктөштүгүн институтташтыруу, тынчтык жана туруктуулук жаатында кызматташуу, инновация жана экономикалык өнүгүү, байланышты жана ишенимди күчөтүү белгиленген.

2007-жылы "Корея - Борбор Азия кызматташтык форуму" катары башталып, буга чейин негизинен министрлер чогулган формат президенттердин деңгээлине көтөрүлдү.

Тараптар жогорку деңгээлдеги жолугушууну мындан ары туруктуу өткөрүп турууну макулдашты. Кийинки саммит 2028-жылы Казакстанда өтөт.

Сеулда лидерлердин чогулткан Түштүк Кореянын лидери Ли Чжэ Мён дүйнөдө экономика менен коопсуздук мурдагыдан да тыгыз чырмалышып калганын белгилеп, Борбор Азияны кийинки 30 жылдык кызматташтыкты бирге жүзөгө ашырууга чакырды.

"Оболу биздин кызматташтык айрым мамлекеттердин алкагынан чыгып, регионалдык деңгээлге көтөрүлгөндө жалпы өнүгүүгө карай жолубузду чогуу тездетебиз деп ишенем. Бүгүнкү жолугушуу жаңы кадамдарга жол ачкан маанилүү этап болот деп үмүттөнөм", - деди ал.

Ли Чжэ Мён Чыгыш менен Батышты байланыштырган байыркы Жибек жолун мисал келтирип, калктарды, технологияны жана түркүн маданиятты бириктирген «Жибек жолунун духу» азыр мурдагыдан да зарыл экенин баса белгиледи.

Сеулдагы саммит: Борбор Азия Түштүк Кореянын инвестициясына кызыгат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:13 0:00

Сеул эмнеге кызыгат?

Саммиттин негизги экономикалык темаларынын бири сейрек кездешүүчү жана стратегиялык минералдар менен энергетикалык ресурстар болду.

Борбор Азияда уран, литий, вольфрам, молибден сыяктуу өнөр жай үчүн маанилүү кендердин запастары бар. Түштүк Корея болсо автоунаа, аккумулятор, жарым өткөргүч жана башка жогорку технологияллык продукция өндүргөн дүйнөдөгү ири экономиканын бири.

Сеул бул кызматташтык аркылуу глобалдык соода-сатык, өндүрүш чынжырларын диверсификациялоону көздөйт. Түштүк Кореянын планы Борбор Азиядан жөн гана чийки зат сатып алуу менен чектелбейт. Тараптар кендерди жеринде кайра иштетүү жана өндүрүштү өнүктүрүү аркылуу биргелешкен кошумча нарк чынжырларын түзүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

"Сеул декларациясына" ылайык, Борбор Азиянын минералдык жана энергетикалык ресурстарын Түштүк Кореянын өндүрүш жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрү менен айкалыштыруу каралууда.

Мисалы, кенди казгандан кийин аны жөн гана экспорттоо эмес, кайра иштетүү жана өндүрүштү Борбор Азиянын өзүндө өнүктүрүү сунушталууда.

Сеул университеттинин докторанты Эмилбек Калиловдун пикиринде мындай модел ишке ашса, Борбор Азия өлкөлөрү чийки зат экспортунан тышкары кошумча нарк жана жумуш орундарын түзүүгө, ал эми Түштүк Корея ресурстарды жеткирүүчү булактарын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Саясат таануучу Мухаммад Шамсуддинов Сеулдун Борбор Азияга кызыгуусу күчөгөнүн атаандаштык, аймактагы таасирин арттыруу жана анын сейрек кездешүүчү минералдарга жетүү аракети менен түшүндүрөт.

"Түштүк Корея азыркы эл аралык мамилелердеги негизги оюнчулардын бири. Анын Борбор Азиядагы кызыкчылыгын Кытайдын таасирин ооздуктоого жасалган аракеттин алкагында кароого болот. Акыркы кезде мындай аракет өзгөчө кен байлыктар тармагында ачык байкалууда".

Кытай бул тармакта дүйнөдө алдыңкы орунда турат. Бээжин дүйнөдөгү сейрек кездешүүчү минералдарды өндүрүүнүн болжол менен 90% көзөмөлдөйт. Бул минералдар жогорку технологияга негизделген экономиканы өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү. Ушундай шартта сейрек кездешүүчү минералдардын ири запастарына ээ Борбор Азия чөлкөмү Түштүк Корея сыяктуу технологиялык дөө-шаалардын көңүлүн бурууда. Алар сейрек кездешүүчү минералдарды жеткирүүнүн Кытайдан көз каранды болбогон альтернативдүү чынжырларын түзүүгө аракет кылып жатышат" - деди Шамсуддин "Азаттыктын" тажик кызматына берген маегинде.

Андан тышкары, лидерлердин макулдашууларын конкреттүү долбоорлорго айлантуу үчүн "Корея - Борбор Азия өнөр жай министрлеринин кеңеши" түзүлөт. Ал өнөр жай саясаты, өндүрүш, инфраструктура, стратегиялык минералдар, энергетика жана санариптик өзгөрүү боюнча кызматташтыкты координациялайт.

Жасалма интеллекттен климатка чейин

Кызматташтык минералдар жана энергетика менен гана чектелбейт.

Сеулда "Корея - Борбор Азия келечектеги жасалма интеллект жана илим-технология тууралуу өнөктөштүк" демилгесин кабыл алынды. Анын алкагында мамлекеттик саясат, технология жана адистерди даярдоо боюнча кызматташуу кеңейтилет.

Мындан тышкары климат, энергетика жана экология боюнча өзүнчө демилге кабыл алынды. Анда суу ресурстарын башкаруу, токойлорду калыбына келтирүү жана жашыл технологиялар боюнча кызматташуу каралган.

Саммитте темир жол, логистика жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү, бажы процедураларын жеңилдетүү, сертификаттарды таануу жана интеллектуалдык менчикти коргоо маселелери да көтөрүлдү.

Саммиттин алдында Ли Чжэ Мён Борбор Азиянын беш президенти менен өз-өзүнчө сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён Сеулда өткөн биринчи «Корея – Борбор Азия» саммитинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен кол алышууда. 16-сентябрь, 2026-жыл.
Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён Сеулда өткөн биринчи «Корея – Борбор Азия» саммитинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен кол алышууда. 16-сентябрь, 2026-жыл.

Кыргызстан - Түштүк Корея миграция жөнүндө меморандум

16-сентябрда Садыр Жапаров менен болгон жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Түштүк Кореянын мамлекеттик мекемелери жана уюмдары 18 келишим жана меморандумга кол коюшту.

Алардын арасында шаар куруу жана инфраструктура, бажы кызматташтыгы, соода жана инвестиция, интеллектуалдык менчик, айыл чарба технологиялары, өзгөчө кырдаалдарды башкаруу, климат жана токойлорду калыбына келтирүү, маданият, спорт жана билим берүү боюнча документтер бар.

Кыргызстан үчүн практикалык мааниси бар документтердин бири - Түштүк Кореянын жумушка уруксат берүү системасы аркылуу кыргызстандык жарандарды ишке жөнөтүү боюнча меморандумдун жаңыланышы.

Ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, "акылдуу" электр тармактары жана халал сертификаттарын өз ара таануу боюнча меморандумдарга кол коюлду. Түштүк Кореянын Соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттиги менен Кыргызстандын Улуттук инвестиция агенттигинин ортосунда да кызматташтык жөнүндө документ түзүлдү.

Ли Чжэ Мён Кыргызстанды Түштүк Кореянын саясат, экономика жана маданият тармактарындагы ишенимдүү өнөктөшү деп атады. Садыр Жапаров болсо Түштүк Корея Кыргызстан үчүн Азия-Тынч океан аймагындагы негизги өнөктөштөрдүн бири экенин билдирди.

Кыргызстан менен Түштүк Корея дипломатиялык мамилеси 1992-жылы түптөлгөн. Эки өлкөнүн кызматташтыгы соода, инвестиция, билим берүү, саламаттык сактоо жана эмгек миграциясына чейин кеңейди. Акыркы жылдары соода өзгөчө тездик менен өстү, бирок анын басымдуу бөлүгүн Кореядан Кыргызстанга ташылган товар түзөт. 2007-жылдан бери кыргызстандыктар Түштүк Кореяга EPS программасы аркылуу мыйзамдуу ишке жөнөтүлөт. Учурда бул программа менен өлкөдө 1600дөн ашуун кыргызстандык эмгектенет.

Казакстан: мунай жана атом энергетикасы

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүдө эки өлкө мамилесин ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрдү.

Негизги багыттардын бири - энергетика. Тараптар Казакстандын мунайын Түштүк Кореяга жеткирүү, ошондой эле атом энергетикасы боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө байланыштуу документтерди түзүштү.

Атом энергетикасы боюнча кызматташтык ядролук технологияларды тынчтык максатында пайдаланууну камтыйт. Мындан тышкары шаар жана инфраструктураны өнүктүрүү, интеллектуалдык менчик, илим жана адистерди даярдоо боюнча документтер түзүлдү.

"Казак эли достук мамиледеги корей элине чын ыкластан урмат-сый менен карайт. Корея Республикасы - Казакстандын стратегиялык өнөктөшү. Мамлекеттерибиздин ортосунда терең саясий диалог түзүлүп, соода-экономикалык байланыш өнүгүп жатат. Биз машина куруу, энергетика, металлургия жана жогорку технологиялар тармагында бир катар долбоорлорду ишке ашыруудабыз", - деп белгилеген өз сөзүндө президент Токаев.

Сеул менен Астана жалпы баасы дээрлик 4 миллиардга жеткен 46 долбоорду ишке ашырып келет. Алардын арасында Hyundai, Kia жана Samsung компанияларынын өндүрүш ишканалары бар.

Түркмөнстан: газ жана ири долбоорлор

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун сапары маалында эки өлкө инвестицияларды коргоо боюнча келишим түздү.

Түштүк Кореянын өкмөтүнүн маалыматына караганда, муну менен Сеул Борбор Азиянын беш мамлекетинин баары менен инвестицияларды коргоо жөнүндө келишимге ээ болду.

Түркмөнстан жаратылыш газынын ири запасына ээ. Сеул бул өлкөдө газ-химия жана жер семирткич заводдору, шаар куруу, кеме куруу жана башка ири инфраструктуралык долбоорлорго катышууга кызыкдар.

Бердымухамедов Сеулга мамлекеттик сапар менен барды.

Тажикстан: жаңы деңгээлдеги мамиле

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Түштүк Кореяга 11 жылдан кийин биринчи жолу барды.

Эки өлкө ар тараптуу өнөктөштүк мамилесин түздү. Тараптар буга чейин негизинен өнүгүүгө жардам берүү багытында жүрүп келген кызматташтыкты соода жана инвестиция, темир жол жана транспорттук инфраструктура, стратегиялык минералдар, жасалма интеллект, санариптик өзгөрүү, климат жана адамдардын ортосундагы байланыштарга чейин кеңейтүүнү макулдашты.

Жалпысынан Тажикстан менен 17 келишим жана меморандум түзүлдү. Алар бажы, интеллектуалдык менчик, коррупцияга каршы күрөш, полиция, акчаны адалдоого каршы аракет, санарип технологиялары, электр тармактары, токойлорду калыбына келтирүү жана билим берүү сыяктуу тармактарды камтыйт.

Өзбекстан: өндүрүшкө басым

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстандын Түштүк Корея менен алакасы өзгөчө орунда турат. Ташкент чөлкөмдөгү Сеул менен «өзгөчө стратегиялык өнөктөштүк» макамына ээ жалгыз мамлекет. Эки өлкө мамилесин бул деңгээлге 2019-жылы көтөргөн.

Экономикалык байланыштар да кыйла терең. Өзбекстандын расмий маалыматына ылайык, өлкөдө кореялык капитал катышкан 700дөн ашык биргелешкен ишкана иштейт. Ал эми 2025-жылдын сентябрына карата кореялык компаниялардын Өзбекстандын экономикасына салган түз инвестициясы 8 миллиард доллардан ашкан. Өлкөдө Түштүк Кореянын алдыңкы университеттеринин төрт филиалы да иштейт.

Бул жолку Сеулдагы жолугушууда да кызматташтыкты жаңы тармактарга жайылтуу макулдашылды. Анын ичинде сейрек кездешүүчү жана стратегиялык минералдарды кайра иштетүү, жасалма интеллект, транспорт жана темир жол инфраструктурасы, киберкоопсуздук сыяктуу багыттар бар. Саммиттин алдында эки тарап 13 өкмөттөр аралык келишим жана меморандум түздү.

Мындан улам Түштүк Кореянын Борбор Азияга азыркы жаңы кызыгуусу Өзбекстан үчүн таптакыр жаңы багыт эмес. Тескерисинче, Сеул аймактын калган өлкөлөрү менен кызматташтыкты президенттердин деңгээлине чыгарып жаткан учурда, Өзбекстан менен буга чейин калыптанган терең экономикалык жана саясий байланыштарга таянып жатат

"Сеул декларациясы" экономика менен гана чектелген жок.

Борбор Азиянын беш президенти Корей жарым аралында тынчтыкта жанаша жашоо жана жалпы өнүгүүгө жетүү максатында чыңалууну азайтуу, ишенимди бекемдөө жана Түндүк менен Түштүктүн диалогун кайра баштоого багытталган аракеттерди колдой турганын билдиришти.

Тараптар терроризм, маңзат соодасы, киберкылмыш жана башка чек ара аралык кылмыштарга каршы кызматташтыкты күчөтүүнү да көздөп жатат.

Сеул 2017-жылы башталган «Жаңы түндүк саясатынын» алкагында Борбор Азия жана Евразиядагы башка өнөктөштөрү менен экономикалык байланышты тереңдетүүгө аракет кылып келет. Энергетикалык ресурстары чектелүү Түштүк Корея энергия жана минералдарды импорттогон булактарын диверсификациялоого, ошол эле учурда өзүнүн өнөр жай жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн тышкы рынокторго чыгарууга кызыкдар.

С5+1 форматынын тарыхы

С5+1 - Борбор Азиядагы беш өлкө + өнөктөш тарап деген дипломатиялык формат 2014-жылы алгач АКШнын демилгеси менен уюштурулган. Адегенде тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги жолугушуулар кийин лидерлер катышкан саммитке айланган. Борбор Азия+Еврошаркет форматында мындай жолугушуулар такай уюштурулат. Борбор Азия+Жапония форматы ар кыл дэңгээлде 12 жылдан бери өтүп келет. Борбор Азия+Кытай саммитти 2023-жылы Сиань шаарында өткөн. Германиянын демилгеси менен чөлкөмдүн лидерлери 2023-жылы Берлинде чогулган. Борбор Азия+ Перс булуңундагы араб өлкөлөрү менен кызматташтык кеңешинин саммитти 2023-жылы Жидда шаарында уюштурулган.


  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG