Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:51

Борбор Азия+АКШ: Беш өлкө америкалык инвесторду тарта алабы?

Бишкекте Борбор Азиядагы беш өлкө менен АКШнын ишкерлеринин жана аткаминерлеринин башын бириктирген B5+1 экинчи бизнес форуму. 4-февраль, 2026-жыл.
Бишкекте Борбор Азиядагы беш өлкө менен АКШнын ишкерлеринин жана аткаминерлеринин башын бириктирген B5+1 экинчи бизнес форуму. 4-февраль, 2026-жыл.

мазмуну

  • Бишкекте Борбор Азиядагы беш өлкө менен АКШнын ишкерлеринин жана аткаминерлеринин башын бириктирген B5+1 экинчи бизнес форуму башталды.
  • Бул аталган мамлекеттердин лидерлеринин С5+1 жыйынынын логикалык уландысы жана тараптардын экономикалык байланыштарын өнүктүрүүнү көздөйт.
  • Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштан улам Борбор Азия Батыш өлкөлөрүнүн көңүл борборунда турат.

Чөлкөмдөгү мамлекеттер да Евробиримдик, АКШ, Жапония жана Кытай сыяктуу тараптар менен чогуу жолугушууларды өткөрүп, өздөрүн бир тутум катары көрсөтүүгө умтулууда. Ошентсе да, азырынча алар саясий жана мыйзамдык айырмачылыктардан арыла элек.

Борбор Азиянын умтулуусу

Бишкектеги Sheraton мейманканасында өткөн B5+1 бизнес форумга АКШнын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча атайын өкүлү, элчи Сержио Гор, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Кыргызстандын экономика, өндүрүш, соода жана инвестиция министрлери, алты өлкөнүн ишкерлери катышты.

B5+1 форумуна келген Борбор Азиядагы беш өлкө менен АКШнын аткаминерлери. 4-февраль, 2026-жыл.
B5+1 форумуна келген Борбор Азиядагы беш өлкө менен АКШнын аткаминерлери. 4-февраль, 2026-жыл.

Беш өлкөнүн расмий өкүлдөрү ар кимиси өз мамлекеттериндеги салыктык жана башка жеңилдиктерди санап, инвестиция салууга мүмкүн тармактарды сунуштап жатышты. Дээрлик баары финансы, кен казуу, энергетика, курулуш, жогорку технологиялар, авиация, агроөндүрүш, айыл чарба жана башка тармактарды океандын ары жагынан келген ишкерлерге сунуштап жатышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 80 миллиондон ашуун керектөөчү базары, жаш демографиялык профили жана стратегиялык географиялык жайгашуусу менен Борбор Азия дүйнөлүк соода жана логистикалык каттамдардын маанилүү борборуна айланып баратканын белгиледи. Ал Кыргызстанда IT, креативдүү экономика, логистика, төлөм инфратүзүмү жана өнөр жай долбоорлору келечектүү багыттардын бири экенин айтты.

“Өткөн жылдын ноябрында Кыргызстанда USDKG деп аталган мамлекеттик стейблкоин жүгүртүүгө чыгарылды. Ал кадимки алтын менен камсыздалып, реалдуу резерви менен ачык-айкын санариптик актив болуп калды. Бул жагынан да биз аны АКШ менен кызматташуунун аянтчасы катары көрүп жатабыз. Долбоор америкалык жөнгө салуучу тараптар менен технологиялык өнөктөштөрдүн арасында биргелешкен диалогго ачык. Кыргызстан мындан сырткары стратегиялык элемент катары америкалык банктар менен корреспонденттик мамилелерди өнүктүрүүгө, туруктуу доллардык инфратүзүмдү жана Борбор Азияда SWIFT аркылуу эсептешүүнү сактоого кызыкдар”.

Данияр Амангелдиев
Данияр Амангелдиев

USDKG демекчи, бул Кыргызстандын бийлиги жүгүртүүгө чыгарган алгачкы мамлекеттик криптовалюта. Ага старт берилгени менен азырынча ийгиликтерди жарата элек.

Ал эми банктар жөнүндө айтсак, Кыргызстан эгемендик алган жылдары айрым кыргыз банктары АКШдагы, Европа өлкөлөрүндөгү банктарда өзүнүн корреспонденттик эсептерин ачып, ошол аркылуу долларды же еврону сатып алып турушчу.

Кийин Кыргызстандын кредиттик рейтингинин начардыгынан ал эсептер жабылган. Ушундан улам кыргыз банктары чет элдик валюталарды накталай түрдө Орусиядан же башка өлкөлөрдөн сатып алып келишчү. Орусияда SWIFT системасы токтотулуп, доллар-евро кирбей калган соң бул Кыргызстанда накталай акчанын тартыштыгын жараткан.

Расмий Бишкек банктарына АКШда эсеп ачууга кызыкдар болгону ошондон. Узак сүйлөшүүлөрдөн кийин 2024-жылы KICB банкы гана Кошмо Штаттардын Citibank банкында эсеп ачып, долларлык эсептешүүлөргө мүмкүнчүлүк алган. Бул аздык кылат.

Казакстанда, Өзбекстанда бир нече банкында океандын ары жагында эсеби бар, Тажикстан менен Түркмөнстанда да саналуу гана. Чөлкөм АКШ менен бир тутум катары кызматташууну көздөгөн себептердин бири да ушул.

Лазиз Кудратов
Лазиз Кудратов

Өзбекстандын инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов форумда буларга токтолду:

“Өзбекстан, жалпы эле Борбор Азия үчүн АКШ менен биринчи кезекте соода жана технология жагында кызматташуу маанилүү. Бул жөн эле абстрактуу нерсе эмес. Экономикабыз өскөн сайын, Америкада жасалган продукцияларга жана технологияларга болгон суроо-талап да өсөт. Бул кыска мөөнөттүү тенденция эмес, ал узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ. Кесиптештерим Борбор Азияны чөлкөм катары 80 миллиондон ашык адам жашаган, тездик менен өсүп жаткан жана ири өнөр жай базары катары айтып өтүштү. Биз барган сайын көбүрөөк жабдууларды, көбүрөөк технологияларды жана өнүккөн чечимдерди сатып алабыз. Борбор Азия аймактык деңгээлде барган сайын координацияланган рынок катары иш алып барууда. Бул шайкеш келтирилген эрежелерди, аймактар аралык сооданын өсүшүн жана АКШнын экспортун бир эле учурда бир нече өлкөгө масштабдоого мүмкүнчүлүк берет”.

АКШнын кызыкчылыгы

С5+1 – бул бир тараптан Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын жана экинчи тараптан АКШнын өкмөттөрү үчүн түзүлгөн регионалдык дипломатиялык платформа.

Мурдараак бул форматта жалаң министрлердин деңгээлинде жолугушуулар өтүп келсе, 2023-жылы сентябрда беш өлкөнүн президенти чогуу АКШ президенти Жо Байденге Нью-Йорк шаарында жолуккан. Иш жүзүндө бул чөлкөм тарыхында ушундай форматтагы биринчи жыйын болуп калган.

Экинчи ирет 2025-жылдын ноябрында беш мамлекеттин лидерлери Американын жаңы президенти Дональд Трамп менен жолугушту. Англисче business деген сөздүн баш тамгасынан аталган B5+1 форуму ошол форматты улай, кызматташууну ишкердик багытына буруу далалаты.

АКШнын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча атайын өкүлү, элчи Сержио Гор форумда буларга токтолду:

Сержио Гор
Сержио Гор

“Мен президент Трамптын түз тапшырмасы менен келдим. Америка Кошмо Штаттары бул чөлкөм менен иштешүүнү каалайт. АКШ Борбор Азияны артыкчылыктуу багыт катары көрөт жана азыркы администрациянын алдыдагы үч жылында ушул багытты кеңейтүүнү көздөйбүз. Узак убакыт бою Америка Кошмо Штаттары бул чөлкөмгө жетиштүү көңүл бурган эмес. Президент Трамптын жетекчилиги алдында биз муну өзгөртүүгө умтулабыз. Былтыр Ак үйдө өткөн C5+1 жолугушуусу бул иштин демилгеси түз эле сүйрү залдан башталарын көрсөттү. Бул өз ара пайдалуу өнөктөштүк. Бизде эң мыкты технология, эң жогорку мүмкүнчүлүк бар жана аларды бул өлкөлөр жана аймактагы өнөктөштөр менен биргеликте өнүктүрүүнү каалайбыз”.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, америкалык капитал толук кандуу же жарым-жартылай аралашкан компаниялардын саны Казакстанда 600дөн, Өзбекстанда 300дөн, Түркмөнстанда 180ден, Тажикстанда 70тен ашат.

Кыргызстанда чет элдик капитал катышкан 5 724 компания болсо, анын 73ү Кошмо Штаттардагы инвесторлорго туура келет. Расмий Бишкек океандын ары жагындагы ишкерлерди эми кен, жогорку технологиялар, өндүрүш сыяктуу тармактарга тартууга аракет көрүүдө. Соңку форумда ал тургай конкреттүү долбоорлор аталып, сунуштар берилди.

B5+1 бизнес форуму.
B5+1 бизнес форуму.

Мында иштеп аткандардан башка америкалык ишкерлердин өздөрү Кыргызстанга же Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө келүүгө канчалык кызыкдар? Муну да сурай кетпесе болбос.

Вашингтондогу Эл аралык жеке ишкердик борборунун Европа жана Евразия боюнча директору Наталия Оцел Белан мындай дейт:

Наталия Оцел Белан
Наталия Оцел Белан

“Менимче, мындагы кызыкчылыкты эки тараптуу десе болот. Борбор Азия мамлекеттери Кошмо Штаттардын бизнес чөйрөсү менен кызматташууну арттырып, өзүнө тартууга кызыкдар болууда. Демек, адегенде чөлкөм өзү кызыгууда. Америкалык бизнес деле кызыгууда, болгону Борбор Азия америкалык бизнес үчүн анча тааныш эмес базар. Бул өлкөлөр алты сектор боюнча мүмкүнчүлүктөр бар экенин көрсөтүүдө. Анын ичинде минералдарды иштетүү, айыл чарбасы, туризм, банк жана финансы, электрондук коммерция менен IT, соода жана логистика тармактары бар. Менимче, ушул багыттар кызыктуу”.

Окшоштуктар жана айырмачылыктар

Орусия Украинага басып киргенден кийин АКШ, Улуу Британия, Жапония, Европа Биримдигиндеги өлкөлөр Москва менен ачык карама-каршылыкка өткөн. Ошол эле кезде Батыш өлкөлөрү Орусиянын айланасындагы, тагыраагы Кавказдагы жана Борбор Азиядагы мамлекеттер менен мамилесин жанданткан. Борбор Азиядагы беш лидер АКШ, Жапония, Европа Биримдиги лидерлери менен чогуу кездешкени ошого мисал. Чөлкөмдүн президенттери мындан сырткары Кытайдын лидери менен да чогуу жолугушуу өткөрүп, кызматташууну күчөтүүнү макулдашты.

Эл аралык ишкер кеңештин жетекчиси Аскар Сыдыков кепке кошулду:

Аскар Сыдыков
Аскар Сыдыков

“Албетте, буга геосасий шарттар таасир этпей койбойт. Борбор Азияга азыркы учурда АКШдан эле эмес, Евробиримдиктен, Кытайдан, араб өлкөлөрүнөн, башка чоң чөлкөмдөрдөн да назар көбүрөөк бурулууда. Бул глобалдык тренддин бир бөлүгү. Андан сырткары АКШ экономикага көбүрөөк басым жасап, көп өлкөлөрдө минералдык ресурстарды иштетүүгө кызыгууда. Кыргызстанга америкалык ишкерлер көп келиптир. Демек, аларда кызыкчылык бар. Так ошол кызыкчылыктын орундатып, биз да керектүү жана даяр долбоорлорду сунуштап, болгон күч аракетибизди жумшообуз зарыл”.

Деген менен Борбор Азиянын беш мамлекетинде саясий, экономикалык, мыйзамдык жана башка айырмачылыктар көп. Экөө Евразия экономикалык биримдигине кирсе, үчөө кирбейт. Бир жагында авторитардык башкаруу күчтүү болсо, экинчи жагында салыштырмалуу демократиялык башкаруу артыкчылык кылат. Экономикасы да биринде либералдуу болсо, экинчисинде көзөмөл көп. Чарбасынын масштабында да да айырмачылыктар бар.

B5+1 бизнес форуму
B5+1 бизнес форуму

Ушунун баары чөлкөмдөгү беш мамлекетти башка ири өлкөлөр менен бир бүтүн катары экономикалык кызматташтыгын өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк береби? Бул да талаштуу суроо.

Өзбекстандан келген ишкер, Финтех ассоциациясынын жетекчиси, бир нече компаниянын өкүлү Атабек Насыров “Азаттыкка” бул суроого минтип жооп берди:

Атабек Насыров
Атабек Насыров

“Постсоветтик мейкиндикте акыркы мезгилде көп өлкөлөр кооперация кылуу үчүн ар кандай бирикмелерди жана башка бизнес форматтарды түзүүгө умтулуп келатышат. Ошондуктан бул башка нерселерди да алга жылдырууга тоскоол болбойт. Саясий талаада да, экономикалык талаада ар бир мамлекеттин өз көз карашы бар. Ага карабай ар кандай форматтагы кызматташуулар, ар кандай уюмдар биздин, Борбор Азия мамлекеттеринин ийгиликтүү илгерилөөбүзгө жолтоо боло албайт. ЕАЭБ болобу, же башка уюмдар болобу, карама-каршылыктар болбойт. Мени азыр Борбор Азиядагы бир тууган мамлекеттер чет элдик инвесторлор үчүн биргелешип кандай шарттарды түзө алабыз, саясий-экономикалык картаны кантип чогуу түзөбүз, ушул нерсе көбүрөөк ойлонтот. Чет элдик инвесторлорго биз бүтүн чөлкөм катары кызыктуубуз. Анткени, чөлкөм катары биз чоңбуз. Жалгыз кызыктуу эмеспиз, анда базарыбыз кичине болуп калат”.

Башка жагынан алганда, айырмачылыктар кээде бири-бирине кызматташууга да түртүшү мүмкүн. Айталы, географиялык шарттар.

Мурдагы айыл чарба министри жана Мөмө өсүмдүктөр өндүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын президенти Тилек Токтогазиев мындай пикири менен бөлүштү:

Тилек Токтогазиев
Тилек Токтогазиев

“Биз Кыргызстанда өндүрүлгөн товарды АКШга жеткирүү үчүн Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан аркылуу Каспийден ары Азербайжан, Грузия же Түркия аркылуу деңизге чыгып, анан жөнөтүп жатабыз. Бул транспорттук коридор маселеси. Ошондуктан биз бири-бирибиз менен интеграцияны аябай күчөтүшүбүз керек. Чек арада кезектер турбашы керек, мыйзамдар шайкеш келтирилиши керек, муну үчүн бири-бирибиз менен иштешүүбүз керек. Ошону тууралаганда бизде ылдам жеткирүү пайда болот. Албетте, ар бир өлкө өз кызыкчылыгыбызды эске алуубуз керек, бирок жалпы кызыкчылык да болушу кажет. Мисалы, жогорудагы жол узагыраак болуп атса, анда биз Кытай аркылуу, Пакистан аркылуу да транзит жолдорун өркүндөтүшүбүз керек. Бул жерде географиялык шарт бизди чырмап турат. Бирок ошол эле Өзбекстанга Кытайга чыгуу үчүн биз керекпиз, биз Европага чыгуу үчүн Өзбекстан бизге керек. Ошондуктан алар биздин каттообузду жеңилдетсе, биз алардын логистикасына көмөк кылуубуз кажет. Биз бири-бирибизге байланышта экендибизди сезип, кийинки кадамдарыбызды ошого жараша көрүшүбүз зарыл”.

Бишкектеги B5+1 бизнес форуму 4-5-февраль күндөрү уланат. Мындай форматтагы форум алгачкы жолу 2024-жылы Казакстандын Алматы шаарында өткөн.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG