Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

АКШга элчи болуп Айбек Артыкбаев аттанабы?


Айбек Артыкбаев
Айбек Артыкбаев

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев жумуштан бошотулуп, Монголияга элчи болуп дайындалды. Монголияда элчилик ачылганы бул өлкөдөгү дипломатиялык миссиянын алгач болуп башкарган Айбек Артыкбаев жумуштан бошотулду.

Өкмөттөгү ишенимдүү булактар Артыкбаев АКШдагы элчи болуп дайындаларын билдирди. Мындай кадрдык өзгөрүү Борбор Азия мамлекеттери менен АКШнын алака-катышы тууралуу талкуу күчөп, бул өлкөнүн президенти Дональд Трамп мигранттарга каршы саясатын катаалдантып жаткан учурга туш келди.

Садыр Жапаровдун элчилер тууралуу жарлыгы 21-январда жарыяланды жана дипломаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктай элек болгондуктан бул коомчулукка күтүүсүз болуп, түрдүү жоромолдорго жол ачты.

Молдогазиев Монголияга, Артыкбаев Америкага аттанабы?

Алгачкылардан болуп стратегиялык маанилүү делген АКШдагы элчи Айбек Молдогазиевдин Монголиядагы элчиликке жөнөтүлүшү кызыгуу жаратты.

Молдогазиев Вашингтонго 2014-жылы декабрда аттанган. Ага чейин тышкы иштер министринин орун басарлыгын аркалап, Батыш өлкөлөрү менен алака-катышты тескеп турган. 52 жаштагы Молдогазиев Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөндөн тарта эле Тышкы иштер министрлигине кызматка орношуп, кадрдык дипломат катары иштеп келе жатат.

Ал Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн 1-катчысы, ТИМдин Эл аралык-укуктук департаментинин директору, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн башчысы болуп иштеген.

Молдогазиев андан соң министрликтеги бир катар департаменттерди жетектеген. 2017-2020-жылдары Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүндө кеңешчи болуп эмгектенген. Ал легендарлуу парламенттин депутаты, ички иштер министринин мурдагы орун басары, маркум Бейше Молдогазиевдин уулу.

Айбек Молдогазиев Кошмо Штаттарда элчинин кызматына киришкен учурда Дональд Трамп президенттикке келип, өлкөнүн ички жана тышкы саясатында кескин өзгөрүүлөрдү баштады. Трамптын администрациясынын визалык жана миграциялык саясаттагы катаал эрежелери Кыргызстанга жана кыргыз жарандарына да таасирин тийгизди. Ошол эле учурда АКШнын Борбор Азия өлкөлөрүнө кызыгуусу артып, 5+1 форматындагы саммиттин алкагында чөлкөмдөгү беш өлкөнүн лидерлерин Вашингтонго чакырды.

Ага чейин өткөн жылдын сентябрь айында Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн да Нью-Йоркко барган. Ошол сапарда Кыргызстандын лидерин Нью-Йоркто аэропорттон АКШ президентинин глобалдык өнөктөштүк маселелери боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли тосуп алган.

Кыргызстандык журналист Гүлмира Тыналиева Фейсбуктагы баракчасына элчи Молдогазиев Замполлинин сөзүн Жапаровго туура эмес которуп берип койгонун жазып чыккан. Анда Замполли Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Артыкбаев менен жакшы мамиледе тууралуу айтканын журналист белгилеген. Айбек Артыкбаев Замполли менен достук мамилери тууралуу түкшүмөлдөргө комментарий берген эмес.

Жапаров Замполли менен жолугушуу өткөрүп, Кыргызстан - АКШнын алакасы өнүктүрүүнү талкуулаган.

Өткөн жылы АКШ Борбор Азиядагы Казакстан, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр менен бир нече тармакта ири долбоорлорго кол койду. Мындай шартта соцтармактарда Кыргызстан да дипломатиялык жана экономикалык мамилени чыңдоо үчүн АКШдагы элчилик активдүү иштеши керек деген талкуулар жүргөн эле.

"АКШга эң күчтүү элчи керек"

Былтыр Борбор Азия жана АКШ саммитинин алкагындагы ишкердик форумга катышып келген мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев Вашингтон менен алаканы жакшыртууда Борбор Азиянын башка өлкөлөрү Трамптын администрациясындагы жеке байланыштарды күчөтүүгө аракет кылганы байкалганын "Азаттыкка" айтып берген эле.

Вашингтондогу бизнес форум: АКШ менен кызматташууда виза маселеси турат
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:02 0:00

Токтогазиев буга мисал катары АКШ президентинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Сержио Горду атаган эле. Ташкентте туулуп өсүп; кийин көчүп кеткен Гор Трамптын командасындагы таасирдүү фигуралардын бири экени жана расмий Ташкент аны менен жакын мамиле түзүүгө аракет кылганы буга чейин да айтылган.

Эми АКШдагы кыргыз элчиси алмашып жаткан чакта Тилек Токтогазиев "Ынтымак Ордонун" соңку чечими дал ушул жагдайдан улам болушу мүмкүн деп чечмелейт:

"АКШ деген экономикалык, аскердик жактан алганда дагы дүйнө жүзүндөгү эң күчтүү мамлекет болуп жатпайбы. Ал жакка чынында азыр эң күчтүү элчи барышы керек. Буга чейинки элчи Айбек Молдогазиев кадрдык дипломат, бул жакшы. Бирок элчи саясатчы болсо дагы дагы жакшырак болот экен деген ойдо калдым. Айрыкча чоң державалар менен алака-катышта эрктүүрөк позицияда керек болот. Анан расмий дагы, бейрасмий дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз өлкөсүнүн жана ошол мамлекеттин бийликтери менен байланышы бекем болгону жакшы натыйжа берет экен. Дипломатияда расмий жана бейрасмий жагы да бар, бул азыр кадыресе эле көрүнүш, эл аралык мамилелерде бул кадимки учурга айланып калган. Ачык жана бейрасмий дипломатиялык каналды дагы күчөтүү керек. Эл аралык мамилелерди түзүү ыкмаларын өзгөртүү керек".

Азырынча президент Садыр Жапаров Вашингтонго элчи дайындай элек. Бирок кыргыз бийлигиндеги кеминде эки булак бул орунга Айбек Артыкбаевдин дайындалышы ыктымалдыгын "Азаттыкка" билдирди.

Негизи жогоруда белгилегендей, Улан-Батордогу буга чейинки элчи Айбек Артыкбаевдин АКШдагы дипломатиялык миссияны жетектөөнү көздөп жатканы, азыркы Ак үйдөгү айрым адамдар менен байланышы тууралуу маалыматтар айтылып келген.

50 жаштагы Айбек Артыкбаев Кыргызстан Монголияда дипломатиялык өкүлчүлүк ачканда 2023-жылы августта элчи болуп дайындалган. Ага чейин тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеп келген.

Артыкбаев коомчулукка ачык делген элчилердин бири. Айрыкча кыргыз-монгол алака-катышы, тарых жана маданиятка байланыштуу журналисттерге кеңири маек куруп жүрдү. Улан-Батордогу элчиликтин демилгеси менен кыргыз окумуштууларынан турган илимий делегация Баян-Өлгий аймагында дагы барып келди.

Айбек Артыкбаев Ош технологиялык университетинин экономика факультетин 1996-жылы аяктаган. Андан кийин Кыргыз юридикалык академиясында жана президентке караштуу башкаруу академиясында билим алган. Британияда тил үйрөнүп, АКШда, Орусиянын Тышкы иштер министрилигине караштуу Дипломатиялык академиянын аспирантурасында окуган. Саясий илимдердин кандидаты.

Эмгек жолун 1996-жылы Ноокен районунун акимчилигинде баштаган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда иштеген. ТИМге кызматка 2009-жылы Курманбек Бакиев президент болуп турганда келген. Өкмөттө, жеке компанияларда иштеген. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Мекенчил" партиясынын тизмеси менен катышкан.

Айбек Артыкбаев убагында Курманбек Бакиевдин иниси, агасы бийликте жылдары Тышкы иштер министрлигинде таасирдүү саналган Адыл Бакиевдин жардамчысы болгону тууралуу дагы маалыматтар бар.

"Кыргызстан айрым мүмкүнчүлүктү колдон чыгарды"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдувахап Нурбаевдин пикиринде, элчилердин орун алмашуусу АКШ менен Борбор Азия мамлекеттеринин алака-катышына байланыштуу болушу мүмкүн. Ал расмий Бишкек Вашингтон менен кызматташууда коңшуларга салыштырмалуу айрым мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарды деп эсептейт.

Абдувахап Нурабев
Абдувахап Нурабев

"Мен дагы АКШга жаңы элчи соңку геосаясий жагдайлардан улам тандалып алды го деп ойлоп турам. Соңку кездери Борбор Азиядагы мамлекеттер АКШ менен мамилесин күчөтүп, мисалы Өзбекстан ал жакка жумушчу күчүн жөнөтүү үчүн квоталарды алып жатат, визаны жеңилдетүү маселелерин талкуулап жатат. Казакстанга болсо көптөгөн инвестиция келип жатат. Ошондуктан ал жакка күчтүү дипломатты, саясатчыны жөнөткөнгө туура келген болушу мүмкүн. Тилекке каршы, биздин жарандарга виза берүү маселесин катаалдатып койгону элчини алмаштырууга себеп болушу мүмкүн. Кыргызстан айрым мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарды. Азыр дүйнө өзгөрүп, ар кандай күтүүсүз чеимдер кабыл алынып, жаңылыктар болуп жатат. Кыргызстан ошонун баарына туруштук берип, аны менен теңме-тең кетүүдө кыргыз элчисинин ролу чоң".

Соңку учурда АКШ бийлигинин бир катар чечимдери Кыргызстанга таасирин тийгизүүдө. Алсак, ушул айдын башында Вашингтон Кошмо Штаттарга кирүү үчүн күрөө төлөй турган мамлекеттердин тизмесине Кыргызстанды кошкону маалым болгон.

Кыргызстандын ТИМи учурда АКШ өкмөтү менен визага күрөө талап кылынган жаңы жобо боюнча консультацияларды жүргүзүп жатканын маалымдаган. Министр Жээнбек Кулубаев 5 миң доллар кыргызстандыктар үчүн көп сумма экенин белгилеп, бирок ошол эле учурда Кыргызстан АКШнын ички саясатына таасир эте албасын айткан. Ошондой эле Кулубаев АКШ тарап менен сүйлөшүүлөр уланып, виза режимин жеңилдетүү боюнча консультациялар жүрүп жатканына токтолгон. Андан сырткары виза алган кыргызстандыктар ал өлкөнүн бардык талаптарын аткарып, документтерди так толтуруп, ал жактан мөөнөтүнөн кечикпей чыгып кетүүсү зарыл болуп турганын белгилеген.

Мамдепартаменттин сайтында белгиленгендей, тизмедеги мамлекеттердин жарандары B1/B2 (туристтик жана иш сапар визасы) визаларын алуу үчүн арыз тапшырып, жарактуу деп табылса 5, 10 же 15 миң доллар өлчөмүндө күрөө (visa bond) төлөөгө милдеттүү болот. Күрөөнүн көлөмүн маектин жүрүшүндө консул аныктайт.

Бул эреже 21-январда күчүнө кирери маалымдалган. 21-январдан тартып иштей турган дагы бир эреже тууралуу 14-январда маалым болду. Ага ылайык, АКШнын Мамлекеттик департаменти 75 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза берүүнү убактылуу токтотот. 75 өлкөнүн арасында Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Орусия, Грузия, Молдова, Сомали, Ооганстан, Иран, Египет, Ирак жана башкалар бар.
АКШнын консулдук кызматкерлерине ошол мамлекеттердин жарандарына виза берүүдөн баш тартуу буйругу берилгени кабарланган.

АКШнын президенти Дональд Трамп Газа байланыштуу түзүлгөн "Тынчтык кеңешине" Борбор Азия жумуриятынын Казакстан менен Өзбекстандын президенттерин чакырган. Садыр Жапаровдун администрациясы Вашингтондон чакыруу келген-келбегени тууралуу маалымат берген эмес.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG