Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

АКШнын Кыргызстанга виза боюнча жаңы талабы: 15 миң долларга чейинки күрөө


АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттарга кирүү үчүн күрөө төлөй турган мамлекеттердин тизмесин дагы кеңейтти. 25 мамлекет кошулган тизмеде Кыргызстан да бар. Ал тапта өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов АКШ жарандары үчүн визасыз режимди кайра карап чыгууну сунуштады.

АКШнын кирүү үчүн күрөө төлөй турган мамлекеттердин тизмеси кеңейип, ага Кыргызстан дагы кошулду. Борбор Азиядан бул тизмеде Тажикстан жана Түркмөнстан да бар. Мындан ары кыргыз жарандары B1/B2 (туристтик жана иш сапар визасы) визаларын алуу үчүн арыз тапшырып, жарактуу деп табылса 5 миңден 15 миң долларга чейин каржылык күрөө төлөөгө тийиш. Күрөөнүн так өлчөмүн маектешүүнүн жүрүшүндө консулдук кызматкер жеке тартипте аныктайт.

Бул кабар социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Айрымдар Кыргызстандын тышкы саясатын сындаса, башкалары мындай чара үчүн мигранттардын өзүн күнөөлөп жатышат. Фейсбуктагы пикирлердин айрымдарына көз чаптырсак:

"Биз кыйынбыз эле дей беребиз, мына далил... Тизме жөнүндө айтсак Кыргыз деле Бангладештей эле экен да!".

"Тартип, тазалык, мыйзам сактоочулук, илим-билим өнүкпөсө, өнүккөн өлкөнү да артка тартып, уят кылабыз".

"Элчиликти же бийликти сындардан мурда өзүбүз дагы өлкөбүздүн дүйнөлүк имижи үчүн кандайдыр бир салым кошушубуз керек. Студенттик, туристтик виза менен барып иштөө туура эмес, туугандар. Мисалы, ошол эле Орусия, Индия, Пакистандан деле мигранттар бул жакта көп. Бирок алар мыйзамдарды сакташат".

АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтында жарандары виза алыш үчүн күрөө төгө турган мамлекеттердин тизмеси жарыяланган. Андан Алжир, Ангола, Бангладеш, Бенин, Куба, Венесуэла ж.б. мамлекеттерди көрүүгө болот.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын администрациясы 38 өлкөнүн катарына Кыргызстанды да кошкон. Жаңы талап 21-январдан тартып күчүнө кирет.

Былтыр июль айынан тартып кыргызстандыктар үчүн виза мөөнөтү үч ай болуп кыскарган. Буга чейин 10 жылга берилчү. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бул чара Американын президентинин буйругуна ылайык, “Америка Кошмо Штаттарын чет элдик террорчулардан коргоо жана башка улуттук, коомдук коопсуздукка” байланыштуу кабыл алынганын билдирген.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин визалык кызмат бюросунун сайтындагы маалыматта 2025-жылы май айында кыргызстандыктарга 744 виза берилгени жазылган, ал эми апрелде 1278 виза берилген. Бул жерден майга чейин берилген визалардын саны 1000ден ашканын көрүүгө болот.

Талдоочулар виза берүүнү катаалдаштыруу бир канча себептен улам болушу мүмкүн деп айтып жатышат. Арасында кыргызстандыктар барган өлкөнүн мыйзамын көп бузары да айтылган.

Саясат талдоочу Эмил Жороев эң негизги жүйө кыргызстандыктар визага берилген мөөнөттү бузгандыгында деп эсептейт:

"Пайыздык көрсөткүч башкаларга, ошол эле Казакстанга салыштырганда көп экендигинин негизинде болуп жатат. Убактылуу туристтик виза менен киришет дагы кетпей коюшат Америкадан. Бул, албетте, мамлекетке, Кыргызстандын паспорту менен киргендерге, көлөкөсүн тийгизүүдө. Буга чейин деле тийгизип келген. Мексика аркылуу кирген кишилер жөнүндө да сөз болуп жатты эле. Кыргызстандын жарандарынын эреже бузуулары же Тышкы иштер министрлигинин аракети жоктугунан деп айтуу кыйын. Туура эмес болот. Жалпысынан АКШнын азыркы бийлигинин өтө кескин, кээде аша чапкан аракеттеринен болуп жатат. Кыргызстандан башка ондогон мамлекеттер бар. Борбор Азиядан Кыргызстанды, Тажикстанды, Түркмөнстанды кошуптур. Чоң мамлекеттерге башкача мамиле кылып жатат. Бул, албетте, биздин тышкы саясаттагы ордубузду көрсөтүп жатат".

Кыргызстандын мурдагы айыл чарба министри, учурдагы Борбор Азиянын мөмө өсүмдүктөрүн өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Тилек Токтогазиев АКШга бизнесмендер менен бат-бат каттап турат. Ал АКШдагы кыргыз элчилиги бул жаатта жакшы иштеши, алдын ала эскертүүлөргө көңүл бурушу керек эле дейт. Токтогазиев былтыр ноябрдын башында Вашингтонго Борбор Азия-АКШ саммитине кыргыз делегациясына кошулуп барган. Ошол кезде ал көптөгөн келишимдерди Өзбекстан менен Казакстан “тартып” кеткенин айтты:

"10 жылдык визаларыбыз бар эле. Ошондо кыргызстандыктар виза эрежелерин так сактап жүргөн деп айта албайм. Анда эмне, акыркы бир жылдын ичинде эле бузуп баштаган болуп калабы? Тышкы иштер министрлиги ишин жакшы жүргүзсө, балким, бул тизмеге кирбей калмакпыз. Мен АКШнын Борбор Азия менен саммитине катышып жатып Казакстан менен Өзбекстандын өкүлдөрүнүн так иш багыты, көз карашы бар экенине ынандым. Өзбекстан аябай активдүү иштеп, 22 Боинг учагын сатып алуу тууралуу келишимге кол койду".

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 8-январда АКШнын маалыматынан кийин билдирүү жасады. Мекеме кыргызстандыктарды жаңы шарттарга көңүл буруп, барган өлкөнүн мыйзамдарын сыйлап, сактоого чакырды.

"Арыз берүүчү консулдук кызматкердин тиешелүү көрсөтмөсү берилгенден кийин гана АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин I-352 формасын толтурууга жана АКШнын Каржы министрлигинин Pay.gov онлайн төлөм платформасы аркылуу каржылык күрөө шарттарына макул экендигин тастыктоого милдеттүү. Министрлик төмөнкүлөргө көңүл бурат: каржылык күрөөнүн төлөнүшү визанын берилишине кепилдик бербейт, АКШнын аймагында иммиграциялык статус өзгөртүлгөн учурда же уруксат берилген мөөнөттөн ашыкча калган учурда күрөө кайтарылбайт, көрсөтүлгөн талаптар күчүнө киргенден кийин берилген жаңы арыздарга гана колдонулат. Көрсөтүлгөн талаптарды сактабаган учурда АКШга кирүүдөн баш тартууга же чыгуу процессинин туура эмес таризделишине алып келиши мүмкүн. Айрым чет мамлекеттердин бул тизмеге киргизилиши тиешелүү мамлекеттердин жарандары тарабынан визалык режимдин бузулушунун жогорку деңгээли аныкталгандыгы менен шартталган. Ушуга байланыштуу КР ТИМи АКШга барууну пландап жаткан жарандарды визалык талаптардагы өзгөрүүлөр менен алдын ала таанышууга, виза алуу жана АКШда жүрүү шарттарын так сактоого, ошондой эле кабыл алуучу өлкөнүн визалык жана миграциялык мыйзамдарын бузбоого кайрадан чакырат".

Белгилей кетсек, күрөө төлөп, виза алгандар АКШга үч гана аэропорт аркылуу кирип-чыга алат. Алар Бостондогу Логан эл аралык аэропорту, Нью-Йорктогу Жон Ф. Кеннеди эл аралык аэропорту жана Вашингтондогу Даллас эл аралык аэропорту.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда АКШнын жарандары үчүн визасыз режимди карап чыгуу сунушун берди. Бул тууралуу ал X социалдык тармагына жазды. "Азаттыкка" берген комментарийинде ал АКШда кабыл алынган бул чечимге өкүнүүсүн билдирди:

"15 миң долларга чейин талап кылуу, биздин оюбузча, өтө эле аша чапкандык. Бул кадам өлкөлөрүбүздүн ортосундагы жогорку ишенимге жана эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлине туура келбейт. АКШ менен мамилеге биз өзгөчө маани беребиз. Кыргызстан 15 жылдан ашуун убакыттан бери АКШ жарандары үчүн визасыз режимди сактап келдик. Бул ачыктыкка, ишенимге жана жакшы ниетке негизделген саясат болгон. Азыр кыргызстандыктарга карата жаңы, өтө эле катуу, түшүнүксүз талаптар киргизилип жаткан шартта, албетте, биз да улуттук кызыкчылыгыбызды, жарандарыбыздын кызыкчылыгын коргоо максатында бул саясатты аргасыз кайра карап чыгуубуз зарыл деп эсептейм".

Байсалов АКШдан Кыргызстанга жылына 15-20 миң турист келип турарын, визанын баасы аныкталса электрондук виза менен келе берерин, бул алар үчүн кыйынчылык жаратпайт деле деп ишенерин кошумчалады.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, учурда АКШда 60 миңдей кыргыз жараны бар. Алардын арасында мигранттар жана студенттер басымдуулук кылат.

Виза үчүн күрөө. АКШнын тизмесине Кыргызстан да кирди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00


Шерине

 

XS
SM
MD
LG