Шаршемби кечинде АКШ президенти Дональд Трамп жарандарга кайрылуу жолдоп, мамлекет башчылык кызматтын биринчи жылындагы жетишкендиктерди айтты. Өзүнүн сөзүндө ал мурунку президент Жо Байдендин саясатын катуу сынга алып, инфляция, мыйзамсыз миграция жана башка көйгөйлөргө аны жана Демократтар партиясын күнөөлөдү.
Трамптын айтымында, бул маселелерди азыркы администрация ийгиликтүү жөнгө салууда.
“Мен кызматка киришкенде азыр калыбына келтирип жаткан толук башаламандыкты мурастап алгам”, - деди АКШ президенти.
Ал мыйзамсыз мигранттардын өлкөгө кириши толук токтогонун билдирип, күйүүчү майдын, унаалардын жана айрым азык-түлүктүн арзандашын өз администрациясынын саясатынын жыйынтыгы катары көрсөттү.
Ошондой эле импорттук бажы төлөмдөр стратегиясынын ийгиликтүү болгонун айтып, алардын мамлекеттик казынага киреше алып келип, АКШга инвестиция тартууга жардам бергенин белгиледи. Президенттин айтымында, бир жыл ичинде инвестициялардын көлөмү 18 триллион долларды түздү.
Бажы төгүмдөрүнөн түшкөн кирешеден Трамптын администрациясы ар бир америкалык аскер кызматкерине 1776 доллардан берүүнү көздөп жатат. Муну менен АКШнын көз карандысыздыгынын 250 жылдыгын белгилөө ниети бар.
Дональд Трамп медициналык тейлөө кымбаттыгы маселесине да токтолуп, мамлекеттик медициналык камсыздандыруу үчүн бөлүнгөн каражаттарды кантип сарптоону компаниялар эмес, америкалыктар чече турган кылуу керектигин билдирди. Трамптын айтымында, кийинки жылы анын саясатынын жыйынтыктары, анын ичинде салыктардын төмөндөтүлүшү, америкалык үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү үчүн дагы даана көрүнөт.
Президенттин кайрылуусу анын рейтинги төмөндөп бараткан учурда жасалды. Трамптын экономикалык саясаты тууралуу сурамжылоого катышкандардын 36% гана оң баасын берген. Бул анын эки мөөнөттөгү президенттик учурундагы эң төмөн көрсөткүч.
Жакында өткөн губернаторлордун жана мэрлердин шайлоолорунда демократтар бир канча штатта жеңишке жеткен. Келерки жылдын ноябрдында Конгресске белгилүү сандагы мандат үчүн шайлоо өтөт жана анда республикачылар Конгресстин палаталарынын биринде көпчүлүктү жоготуп алышы мүмкүн. Америкалыктардын көпчүлүгүнүн көз карашында инфляция негизги көйгөй бойдон калууда.
Инфляция Жо Байдендин маалында жеткен эң жогорку чектен кыйла төмөндөгөн, бирок акыркы айларда бир аз жогорулады. Конгресстеги республикачылардын бул каржылоону узартуудан баш тартуу чечимине байланыштуу келерки жылы он миллиондой америкалык үчүн медициналык камсыздандырууга берилүүчү мамлекеттик субсидия кескин кыскартылат. Айрым талдоочулар белгилегендей, президент келтирген кээ бир маалыматтар чындыкка дал келбейт. Мисалы, 18 триллион доллар инвестиция деген сан ашкере көрсөтүлгөн, ошондой эле өлкө боюнча бензиндин орточо баасы президент сөзүндө айткан көрсөткүчтөн жогору.
Президенттин тарапкерлери аны өлкөнүн ички көйгөйлөрүнө көбүрөөк көңүл бурууга жана америкалыктар менен активдүү диалог жүргүзүүгө чакырууда.
Шерине