Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда АКШнын жарандары үчүн визасыз режимди карап чыгуу сунушун берди. Бул тууралуу ал X социалдык тармагына Кыргызстандын жарандарына АКШга виза алууда күрөөнүн киргизилиши тууралуу жазган пикиринде билдирди.
Эдил Байсалов “виза саясаты тең укуктуулук жана өз ара урматтоонун белгиси экенин, Кыргызстандын жарандарына тоскоолдуктар болуп жатса өлкө эч нерсе болбогондой түр көрсөтө албай турганын” кошумчалады.
АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттарга кирүү үчүн күрөө төлөй турган мамлекеттердин тизмесин дагы кеңейткен. Мамлекеттик департаменттин сайтына жарыяланган тизме 6-январда жаңыланып, 25 мамлекет кошулду. Арасында Кыргызстан да бар.
Виза үчүн жарандары күрөө төлөй турган өлкөлөрдүн саны 38ге жетти. Борбор Азиядан бул тизмеде Кыргызстандан тышкары Тажикстан менен Түркмөнстан бар.
Мамдепартаменттин сайтында белгиленгендей, тизмедеги мамлекеттердин жарандары B1/B2 (туристтик жана иш сапар визасы) визаларын алуу үчүн арыз тапшырып, жарактуу деп табылса 5, 10 же 15 миң доллар күрөө (visa bond) төлөөгө милдеттүү болот. Күрөөнүн көлөмүн маектин жүрүшүндө консул аныктайт.
Мындан тышкары, арыз ээси Ички коопсуздук министрлигинин I-352 формасын толтуруп, төлөмдү АКШнын Каржы министрлигине караштуу Pay.gov расмий платформасы аркылуу жүргүзүшү керек.
Бул чара АКШ администрациясынын мыйзамдуу жана мыйзамсыз миграцияны азайтууга багытталган кеңири стратегиясынын алкагында кабыл алынды. Мамлекеттик департаменттин маалыматына ылайык, күрөө төлөтүү талабы туристтик же иш визасы менен келип, Америкада мөөнөтүнөн ашыкча калып кетүү учурларын алдын алуу максатын көздөйт.
Бул чечим Ички коопсуздук министрлигинин 2024-жылдагы баяндамасындагы кайсы өлкөнүн жарандары визада көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыкча калганы боюнча жүргүзүлгөн көрсөткүчтөргө таянуу менен кабыл алынган.
Күрөө төлөп, виза алгандар АКШга үч гана аэропорт аркылуу кирип-чыга алат. Алар Бостондогу Логан эл аралык аэропорту, Нью-Йорктогу Жон Ф. Кеннеди эл аралык аэропорту жана Вашингтондогу Даллас эл аралык аэропорту.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШга барууну пландап жаткан жарандарды визалык талаптардагы өзгөрүүлөр менен алдын ала таанышууга, виза алуу жана АКШда жүрүү шарттарын так сактоого, Американын визалык жана миграциялык мыйзамдарын бузбоого чакырды.
АКШнын жарандары Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрө алат. (BTo)
Шерине