Орусиянын соккуларынын кесепетинен Украинанын Днепропетровск жана Запорожье облустарынын эң зарыл инфраструктурасы жабыркап, электр энергиясы авариялык негизде өчүрүлдү. 8-январь түнү бул облустар жарыксыз калганын Украинанын Энергетика министрлиги, Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров, Днепропетровск облустук кеңешинин башчысы Николай Лукашук жана башка жетекчилер кабарлашты.
Энергетика министрлиги орусиялык чабуулдардын айынан бул эки аймак "таптакыр жарыксыз" калганын билдирди.
Запорожьенин башчысы облустагы ооруканаларды суу менен камсыздоо системасы генератордун жардамы менен иштеп жатканын айтты.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү электр энергиясын толук калыбына келтирүү иштери жүрүп, бригадалар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын кабарлады.
Поезд каттамы үзгүлтүккө учурабаганы, тийиштүү кызматтар ыкчам чара көрүп, айрым жерлерде резервдик каражаттар тартылып жатканы айтылды. (RK)
Шерине