Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:08

Шаардык милиция чет өлкөлүктөр жанында документтерин алып жүрүшү керектигин эскертти


Кыргызстанда тигүү цехинде иштеп жаткан мигранттар. Архив.
Кыргызстанда тигүү цехинде иштеп жаткан мигранттар. Архив.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы чет өлкөлүк жарандар тек-жайын тастыктаган документтердин түп нускасын жанына алып жүрүүгө милдеттүү экенин эскертти. Мекеме борбордо “Нелегал” рейддик иш-чара жүрүп жатканын, анын алкагында 35тен ашык чет өлкөлүк жаран текшерүү жана мыйзам чегинде чечим кабыл алуу үчүн шаардык милицияга жеткирилгенин кабарлады.

Чет элдиктерде паспорт (же тек-жайын тастыктаган башка документ), Кыргызстанда иштөөгө же окууга жарактуу визасы (визалык режим колдонулган учурда), ошондой эле миграциялык каттоого коюлгандыгы тууралуу документи болушу керек.

Бишкек шаардык милициясы иш берүүчүлөргө жана билим берүү уюмдарына чет өлкөлүк жарандардын паспортторун жана башка жеке документтерин алып коюуга же сактоого тыюу салынганын билдирди.

Кыргызстанда соңку жылдары Индиядан, Пакистандан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйдү. Алардын көпчүлүгү курулуш, тейлөө жана тигүү цехтеринде эмгектенет.

2025-жылдын 1-январынан тартып чет элдик жаран же анын жумуш берүүчүсү квота жана эмгек визасын алуу үчүн дароо эле “Электрондук виза" (www.evisa.e-gov.kg) порталы аркылуу “Бирдиктүү уруксатты” алууга кайрыла алат. Документти карап чыгуу мөөнөтү жети күнгө чейин кыскарган. Чакыруучу тарап чет өлкөлүк жарандын Кыргызстандын аймагында мыйзамдуу жүрүүсүн камсыздоо максатында кепилдик үчүн акча төлөйт. Виза же уруксат кагазынан баш тартылган учурда акча кайтарылбайт. (BTo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG