Өспүрүм балдар мазакталганы тартылган видеолорго байланыштуу шектүү кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу 6-январдын кечинде борбор калаанын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, ал 32 жаштагы Ф.Р. аттуу жаран.
Аталган факт боюнча райондук милициянын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш ишин козгогону, шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылды.
"Социалдык тармактарда белгисиз эркек адам бир нече жаранга карата физикалык жана психологиялык зомбулук көрсөткөн видео тарады. Милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгү аныктап, 1993-жылы туулган Ф.В. аттуу жаран Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармочу жайына камака алынды. Учурда тергөө иштери улантылууда", - деп билдирди мекеме.
Ошону менен катар милиция адамдын денесине, психологиялык абалына зомбулук, агрессия көрсөтүү, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүү мыйзам алдында жоопко тартылуучу аракет экенин эскертти.
WhatsApp тайпаларда уландарды бирөө кемсинтип, мазактап, ар кандай ыкма менен коркутуп жаткан видеолор тараган. Алардан балдарды жылаңачтап, чоң кишинин жанына жаткырган, мажбурлап сыра ичирип, бетине көбүрүүчү курулуш каражатын чачып, уктап жатканда электрошокер менен ойготуп, буту менен тепкилегенин жана башка кордоону көрүүгө болот.
Маалыматка караганда, мунун баары Бишкектин четиндеги айылдардын биринде жайгашкан менчик үйдө болуп келген. (RK)
Шерине