Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:24

Венесуэла оппозициясынын лидери Мария Корина Мачадо тез арада мекенине кайтарын билдирди


Венесуэладагы оппозиция лидери Мария Корина Мачадо. 28-июль, 2024-жыл.
Венесуэладагы оппозиция лидери Мария Корина Мачадо. 28-июль, 2024-жыл.

Венесуэла оппозициясынын лидери Мария Корина Мачадо мүмкүн болушунча тез арада мекенине кайтып барарын билдирди. Ал АКШ президенти Дональд Трампты Николас Мадурону бийликтен кулатканы үчүн мактап, оппозиция эркин шайлоодо жеңишке жетүүгө даяр экенин кошумчалады.

Fox News телеканалына курган маегинде 58 жаштагы Мачадо эркин жана адилет шайлоодо анын кыймылы 90 пайыздан ашуун добуш алат деп ишендирди.

Ошол эле учурда Трамп Венесуэлада шайлоо өткөрүүдөн мурда өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу зарыл экенин айтып, кыска мөөнөттө добуш берүү мүмкүн эмес деп эсептерин билдирген. Анын айтымында, адегенде өлкөнүн негизги көйгөйлөрүн чечүү керек.

Мачадо Венесуэланын убактылуу президенти катары ант берген Делси Родригеске да катуу сын айтты. Ал Родригести коррупцияга, куугунтукка жана баңги аткезчилигине айыптап, анын Орусия, Кытай жана Иран менен жакын байланыштарын эске салды.

Мачадо учурда кайсы жерде экенин жана Венесуэлага кантип кайтып келери тууралуу так маалымат берген жок. Азырынча Мадуронун Социалисттик партиясынын тарапкерлери бийликти көзөмөлдөп турушат.

Жергиликтүү укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, учурда да 900гө жакын саясий туткун түрмөдө отурат. Дүйшөмбү күнү Мачадонун Vente Venezuela кыймылы демократияны калыбына келтирүүнүн алгачкы кадамы катары аларды дароо бошотууну талап кылды.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG