"Эстесем жүрөгүм түшөт..."
Жылаңачтап, чоң кишинин жанына жаткырган... Сыра ичирип, видеого тарткан... Бетине көбүрүүчү курулуш каражатын чачып мазактаган... Уктап жатканда электрошокер менен ойготуп, коркуткан, буту менен тепкилеген...
Ушунун баарын чөнтөк телефонго тартылган видеолордон даана көрүүгө болот.
Үрөй учурган бул окуялардан жабыркагандар өзүлөрү да эстеп, айтып беришти. Интернетке чыккандан башка да видеолорду көрсөтүштү, аны тынч көрүп олтуруу мүмкүн эмес.
"Электрошокердин үнүн уксам эле жүрөгүм түшөт", - дейт көптөн бери кордук көрүп, эки ай мурун качып чыкканын айткан Денис. Ал жүзүн жашырып коюуну өтүндү. Башынан өткөн окуяны эстегенде үнү титиреп, денесин майда калтырак басты.
Денис 15 жашында акча табуу үчүн Виталий деген кишиге жумушка орношкон экен. Айтымында, анын кол алдында төрт жыл иштеген, мазактоо биринчи күндөн тартып эле башталган.
"Бир жолу көлгө бардык. Ошол жактан ал менден бир фондо, кандайдыр бир поза менен сүрөткө түшүп бер деп суранды. Мен каалабадым, баш тартып, "кылгым келген жок" дедим. Ал болсо "азыр сага тамекинин чогун басып өчүрөм" деди. Мен "жасабайм" десем артыман ээрчип келип, тамекисин тартып бүтүп, чогун төшүмө, аркама басып өчүрдү. Медициналык экспертизага бардым, ал жактан өлчөп, текшеришти. Жаракат бар экенин тастыктаган кагаз колумда".
Денистин айтымында, Виталий өз үйүнүн короосунда машина оңдоо менен алектенет, тааныш-билиштери аркылуу жаш балдарды топтоп, иштетет.
Ысык-суукка карабай балдарды түнгө чейин кармап иштеткенин айткан Денис алардын айлык акысын бербей, үйүндөгү кара жумушту да жасатарын, эртеси таң атпай кайра ишке саларын кошумчалады. Ал эми мазактаган видеолорун, Денистин айтымында, ал досторуна көрсөтүп турчу:
"Мен уктап жатканда, мисалы, жаныма келип, электрошокерди бетиме такап коркутчу. Ошонун баарын видеого тартып, WhatsApp группага салчу. Пластмасса октору бар тапанча сатып алган, ал да оорутат, катуу тиет. Бир жолу досу келип калды, өзү электрошокер, досу тапанча алды. Мен болсо кыймылдаткыч чогултуп жаткам. Экөө мени бурчка кысып, бири тапанча менен, экинчиси электрошокер менен коркутту. Бир жолу колуна чоң бурама алып, мени көздөй ыргытканда башыма тийди. Ушунчалык катуу тийгендиктен кан аркамдан агып жатканын сездим. Ачуум келип "бул машинага мындан ары жолобойм" деп, кетип баратсам, чоң күрөк алып, артымдан келип, маңдайыма уруп жиберди".
Жабыр тарттым дегендердин дагы бири Сергей (аты өзгөртүлдү). Ал Виталийге унаасын оңдотуу үчүн бергенин, улам бир тетикке деп акча котортуп турганын, бирок иш убагында жасалбагандыктан акчасы менен унаасын доолаганда аны сабап кетишкенин айтып берди:
"Мен техниканы анча түшүнө бербеген адаммын, ал убакта түшүнгөн эмесмин. Мага машина керек болуп, ал мага өзүндө бар башка унааны сатып алууну сунуштаган. Ошол жерден дагы эле баягы окуя кайталанды. Ал кайрадан биз макулдашкандан да көбүрөөк акча талап кыла баштады. Акыры мени алдап жатканын түшүнгөнүмдө ал өзүн машинанын ээлерибиз деп тааныштырган кайсы бир адамдарды чакырды. Алар мага кол салып, сабап, Виталийге акча которууга мажбурлашты".
Акчасын алдатып, унаасыз калганын айткан бул адам 2024-жылы Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылганын, бирок иш акырына чыкпай, жабылып калганын билдирди.
"Тамаша үчүн тартылган видеолор болчу..."
Биз жабыркагандар айтып жаткан жерге барып, Виталий деген кишиден дагы комментарий алууга аракет кылдык.
Үйдөн аны менен чогуу жашаганын айткан келин чыгып, өзүн Елена (аты өзгөртүлдү) деп тааныштырды.
Ал социалдык түйүндөргө тараган видеолор тамаша иретинде эле тартылганын, ал эми кол алдындагы балдар Виталийден өч алып жатканын айтты. Эмнеге байланыштуу өч алуу экенин ал ачыктаган жок.
"Эч нерсе болгон эмес, ал жерде эч кандай кылмыштуу нерсе жок. Баарын жөн гана өч алуу үчүн ушундай кылып көрсөтүп жатышат. Бул боюнча биз декабрь айында райондук ички иштер башкармалыгына барганбыз, иш жабылган. Мунун баары Инстаграм үчүн идея болчу, жөн эле видео тартып, күлүп, тамашалаш үчүн эле", - дейт Елена.
Шектүү колго түшүрүлдү
Кылмышка шектүү кармалганын Бишкектин Свердлов райондук милициясы 6-январдын кечинде билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал 32 жаштагы Ф.Р. аттуу жаран.
Аталган факт боюнча райондук Ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш ишин козгогону, шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалымдалды.
"Социалдык тармактарда белгисиз эркек адам бир нече жаранга карата физикалык жана психологиялык зомбулук көрсөткөн видео тарады. Милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгү аныктап, 1993-жылы туулган Ф.В. аттуу жаран Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармочу жайына камака алынды. Учурда тергөө иштери улантылууда", - деп билдирди мекеме.
Бишкектин четиндеги айылдардын биринде болгону айтылып жаткан окуялар, өспүрүмдөрдүн мазакталышы, видеолор тууралуу коомчулукка белгилүү болгондо милиция алгачкы расмий маалыматын берген.
"Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кылмыш-процессуалдык кодекстин алкагында чечим кабыл алынат. Аталган факт Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын көзөмөлүндө", - деп билдирген райондук милициянын басма сөз кызматы 6-январда эртең менен.
Факт Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын атайын журналына катталганы, бардык тийиштүү аракеттер көрүлүп жатканы, окуяга тиешеси бар делген адамдар аныкталып, суралганы, зарыл экспертизалар дайындалганы маалымдалган.
Балдар айыптап жаткан киши өзү окуя тууралуу азырынча эч нерсе дей элек. Жактоочусунан жана жакындарынан да комментарий боло элек.
Кулчулук жана кыйноо
Зомбулуктун балдарга карата түрлөрү чөнтөк телефонго тартылган видеолор социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратууда.
Алардын биринен колуна стакан карматып, сыра ичирип жаткан баланын жаш курагы 7-8де экенин көрүүгө болот.
Укук коргоочу, "Кылым шамы" борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук баракчасына пост жазып, Ички иштер министрлигин шектүүнү кармоону талап кылган.
Ал "Ким экен бул зөөкүр, кармалдыбы?" деп суроо коюп, видеодо болуп жаткандарды накта кулчулук жана кыйноо деп атаган.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын соңку билдирүүлөрүндө айтылгандай, былтыр 10 ай ичинде аялдардын жана балдардын укугу бузулганы тууралуу 129 арыз түшкөн, 2024-жылы 12 ай ичинде мындай арыз-даттануулар жалпысынан 135 болгон. Жашы жете электерге каршы кылмыш, Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 74-беренесине ылайык, жаза чарасын оорлото турган жагдай экенин омбудсмен белгилеген.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2-январдагы жалпы коомдук коопсуздук, үй-бүлөлүк зордук-зумбулукка каршы эскертүүсүндө кайсы адам болбосун, ага каршы күч колдонуу, коркутуу, психологиялык басым жасоо жана кемсинтүү мыйзам бузуу болуп саналарын белгиледи.
"Милиция аялдарга, балдарга жана улгайган жарандарга карата зомбулук фактыларына өзгөчө көңүл бурат. Ар бир мындай билдирүү принципиалдуу түрдө каралып, ыкчам чаралар дароо көрүлөт", - деп айтылды ИИМдин билдирүүсүндө.
ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда балдарга карата ыдык, сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук көбөйдү. Бул тууралуу "Биринчи радиого" курган маегинде министрликтин өспүрүмдөр менен иштөө башкармалыгынын башчысы Нуржан Адылова билдирди:
"Балдарга карата зомбулук күчөп жатат. Бул чындык. Биз ата-энелерге, жер-жерлердеги тийиштүү мекемелерге алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Тааныштары, туугандары жасаган сексуалдык ыдыктын, кылмыштардын саны өстү деп айта алам".
Шерине