"Мамилени токтотууну чечкенде коркутуулар башталган"
Бишкектеги №3 Шаардык тез жардам көрсөтүүчү балдар клиникалык ооруканасынын реаниматолог адиси болуп иштеген Айгүл Зибированын өлүмүнө жакындары ишене албай турушат.
Дарыгердин өлүмүнүн себеби катары асфиксия деген корутунду чыгарылган.
Маркумдун эжеси Мехргүл Зибирова анын өлүмүнө байланыштуу жагдайлардын баары ачык-айкын иликтениши керектигин айтып, шек жараткан бир канча жагдай бар экенин айтууда:
"Тез жардамдын бөлүм башчысы сиңдимди биринчи болуп Дүйшөн деген бала тапканын айтты. Ал бала дагы Тез жардамда фельдшер болуп иштейт. Сиңдим дарыгер болчу. Ошол жерден экөө таанышып, сүйлөшүп жүргөн. Кийин сиңдим мамилени токтотууну чечкенде, "сени жок кылам, иштетпейм, уят кылам" деген коркутууларды жибере баштаган. Бирок бул тууралуу тергөөчүлөргө айтсак телефон тазаланып калганын, андай билдирүүлөрдү табышпаганын айтышты. Сиңдим аны блокко салса ар кандай номерлерден чалып, жаза берчү экен. Мбанкта акча жибергенде билдирүү жазса болот го, ошол жерден сиңдиме 1–2 сом жиберип, билдирүү жазып турган".
Маркум Айгүл Зибирова Бишкекте каза болгон. Анын сөөгү батирлердин биринде 2-январга караган түнү табылганы айтылууда. Ошол учурда анын жанында чогуу иштеген мурунку жигити болгонун кыздын жакындары айтып жатышат.
"Ачык-айкын иликтөө жүргүзүлүшүн каалайбыз. Анткени азыр аны эч жакка кетпөө талабы менен кое беришкенин угуп жатабыз. Бизге чалып, ал Кыргыз Республикасынын аймагында жоктугун, Орусияга чыгып кеткенин, жумуштан бошонуп кеткенин айтып жатышат. Биринчи болуп бизге сиңдим иштеген Тез жардам кызматынын бөлүм башчысы кабар берди. Сиңдимдин телефону менен адегенде апама, анан мага чалышты. Токмок шаарынан келгенче сөөктү мейитканага алып кетишиптир. Бизди батирге киргизишкен жок. Өздөрү эле тинтүү жүргүзүп, баарын алып, батирге мөөр басып кетишиптир. Бизди бул тууралуу да кабардар кылышкан жок. Мындан кийин биз Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) караштуу төртүнчү шаардык бөлүмгө бардык. Мен ал жактан арыз жаздым, бизден арыдан-бери эле сурак алышты. Бүгүн гана эртең менен чалып, суракка келишибиз керектигин айтышты".
Айгүл Зибирова аталган ооруканада 2019-жылдан бери иштеп келген. Ал 31-декабрь түнү да кызматында нөөмөттө болгонун, 2-январга караган түндө каза болгону тууралуу маалымат алышканын маркумдун эмгек жамааты соцтармактарга жазышты.
Оорукананын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Кудурет Умаров буларды айтып берди:
"Анын мүнөзү шайыр, адамгерчиликтүү, сөзгө келген, эч ким менен конфликтке барбаган кыз эле. Жашоого көз карашы жакшы, алдыга койгон көп максаттары бар эле. Акыркы убактарда ал кыздын маанайы түшүп жүргөн учурларды байкаган жокмун. Жумушка график менен бекитилет, ал ошол күндөрдү калтырган эмес. Суранып ишке келбей калган күндөрү да болгон эмес. Мага эжеси чалып, ушундай окуя болуп калганын айтты. Ал 2-январь күнү кайрадан нөөмөткө чыгыш керек болчу".
Маркум дарыгер №3 ооруканадан сырткары Тез жардам клиникасында да эмгектенип келгенин кесиптештери айтып беришти. Ал эми анын өлүмүнө байланыштуу эч нерседен кабары жок экенин билдиришти.
Ал каза тапкан түнү жанында болгону айтылган жигит жана анын жакындары менен байланышуу аракетибизден майнап чыга элек.
Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя тууралуу тараткан маалыматында дарыгердин өлүмү боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалганын билдирди. Андан башка маалымат тарата элек.
Айгүл Зибирова 28 жашта болгон. Ал Кыргыз мамлекеттик медицина академиясын аяктаган. Бишкектеги №3 Шаардык тез жардам көрсөтүүчү балдар клиникалык ооруканасында, мындан сырткары Тез жардам кызматында, ошондой эле Кыргыз-Орус Славян университетинде эмгектенип жүргөн. Маркумдун сөөгү 2-январь күнү Токмок шаарында жерге берилди.
"Кыз-келиндер үчүн кооптуу өлкө"
Айгүл Зибированын өлүмүн тийиштүү органдар териштирип жатышат. Бул каргашалуу окуяга эмне себеп болгону, кимдир бирөөнүн катышы бар же жогу сотто аныкталат.
Бирок Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун глобалдык индекси (WPS) боюнча, Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган. Бул рейтингде 2023-жылы Кыргызстан 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеген. Ал эми 2021-жылы талдоого алынган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунга түшкөн.
Адатта бул рейтиндин биринчи саптарын Норвегия, Дания, Финляндия, Исландия, Швеция, Швейцария, Люксембург, Австрия, Нидерланды сыяктуу европалык өлкөлөр ээлешет. Ал эми эң төмөнкү саптарда Африканын бир катар мамлекеттери жана Ооганстан.
Рейтинг адатта бир катар көрсөткүчтөрдүн негизинде аныкталат. Алардын бири инклюзивдүүлүк. Мында аялдардын билим алуу мүмкүнчүлүгү, каржылык кызматтарга жетүүсү, жумуш менен камсыз болуусу, уюлдук телефон колдонуусу, парламенттеги аялдардын үлүшү эске алынат.
Албетте, тең укуктуулук да башкы көрсөткүч. Укуктук басмырлоонун жоктугу, сот адилеттигине жетүү, энелердин өлүмү деген критерийлер каралат.
Ал эми коопсуздук көрсөткүчү күйөөсүнүн же чогуу жашаган эркектин, башкалардын мамилесине, зомбулук көрсөткөнүнө, аялдардын жалпы эле коомдогу коопсуздугу жөнүндөгү түшүнүгүнө жараша аныкталат.
Отчет үчүн маалыматтар БУУнун агенттиктери, Дүйнөлүк банк, Gallup Global Poll жана башка ачык булактардан чогултулат.
2025-жылы чак түштө көчөдө кетип бараткан жеринен Ысык-Көлдө 17 жаштагы Айсулуу Мукашева уурдалып, өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө шек саналып 41 жаштагы Кумарбек Абдыров камалган. ИИМ шектүү кызды Ысык-Көлдө машинасына салып кетип, зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөндөн кийин сөөгүн Боом капчыгайына ыргытып жибергенин билдирген. Кылмышка шектүү буга чейин бир канча жолу соттолгону, бирок жеңил жаза менен кутулуп кеткени ачыкка чыккан.
2024-жылы Бишкекте 39 жаштагы Айжан Алыкулова киши колдуу болгон. Анын жакындары айыпталуучуну өмүр бою эркиндигинен ажыратууну соттон сурашкан. Жогорку билимдүү Айжан Алыкулова бир нече жыл Европада иштеп жүрүп, Бишкектен үй сатып алгандан көп өтпөй зомбулуктан улам каза тапкан. Айжандын өлүмүнө шектүү деп жарандык никеде турган 34 жаштагы Кирилл Дамиров аттуу жаран кармалган.
2021-жылы Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекованы топ балдар күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү талаадан табылган. Кыздын өлүмүнө байланыштуу иш кийин токтотулган, буга ага кол салган Теңизбаев өзүн өзү өлтүргөнү себеп болгон. Ал эми аны уурдоого катышкан беш киши 6,5-7 жылга кесилген.
Шерине