Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:25

Америкага виза алуу үчүн кыргызстандыктар эми 15 миң долларга чейин күрөө төлөшү керек


АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттарга кирүү үчүн күрөө төлөй турган мамлекеттердин тизмесин дагы кеңейтти. Мамлекеттик департаменттин сайтына жарыяланган тизме 6-январда жаңыланып, 25 мамлекет кошулду. Арасында Кыргызстан да бар.

Ошентип виза үчүн жарандары күрөө төлөй турган өлкөлөрдүн саны 38ге жетти. Борбор Азиядан бул тизмеде Кыргызстандан тышкары Тажикстан менен Түркмөнстан бар.

Мамдепартаменттин сайтында белгиленгендей, тизмедеги мамлекеттердин жарандары B1/B2 (туристтик жана иш сапар визасы) визаларын алуу үчүн арыз тапшырып, жарактуу деп табылса 5, 10 же 15 миң доллар өлчөмүндө күрөө (visa bond) төлөөгө милдеттүү болот. Күрөөнүн көлөмүн маектин жүрүшүндө консул аныктайт.

Мындан тышкары, арыз ээси Ички коопсуздук министрлигинин I-352 формасын толтуруп, төлөмдү АКШнын Каржы министрлигине караштуу Pay.gov расмий платформасы аркылуу жүргүзүшү керек.

Бул чара АКШ администрациясынын мыйзамдуу жана мыйзамсыз миграцияны кыскартууга багытталган кеңири стратегиясынын алкагында кабыл алынды. Мамлекеттик департаменттин маалыматына ылайык, күрөө төлөтүү талабы туристтик же иш визасы менен келип, Америкада мөөнөтүнөн ашыкча калып кетүү учурларын алдын алуу максатын көздөйт.

Бул чечим Ички коопсуздук министрлигинин 2024-жылдагы баяндамасындагы кайсы өлкөнүн жарандары визада көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыкча калганы боюнча жүргүзүлгөн көрсөткүчтөргө таянуу менен кабыл алынган.

Күрөө төлөп, виза алгандар АКШга үч гана аэропорт аркылуу кирип-чыга алат. Алар Бостондогу Логан эл аралык аэропорту, Нью-Йорктогу Жон Ф. Кеннеди эл аралык аэропорту жана Вашингтондогу Даллас эл аралык аэропорту.

Мамлекеттик департамент күрөө визанын сөзсүз берилерин билдирбей турганын, ошондой эле кызматкердин макулдугусуз төлөнгөн каражаттар кайтарылбай турганын эскертти.

АКШ бийлиги күрөө кайсы учурда кайтарыларын да тактаган. Эгер виза ээси Америкадан уруксат берилген мөөнөттөн кеч калбай чыгып кетсе, визанын мөөнөтү бүткөнгө чейин АКШга таптакыр барбаса же чек арадан кирүүгө арыз берип, бирок уруксат ала албаса, күрөө автоматтык түрдө жокко чыгарылып, акча кайтарылат.

Ал эми виза ээси АКШда уруксат берилген мөөнөттөн ашык калып калса, өлкөдөн такыр чыкпай койсо же иммигрант эмес макам менен жүрүп макамын өзгөртүүгө, анын ичинде башпаанек алууга арыз берсе төлөнгөн каражат кайтарылбай калышы мүмкүн.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG