Сириянын түндүгүндөгү Алеппо шаарында өкмөттүк күчтөр менен күрт куралдуу түзүмдөрүнүн ортосунда кагылышуулар кайрадан башталды. Салгылашуулар экинчи күн катары менен уланып, артиллерия да колдонулууда.
Жергиликтүү булактардын маалыматына караганда, алгачкы күнү кеминде алты адам каза тапкан. Reuters агенттиги кабарлагандай, түн салыштырмалуу тынчтык өткөнү менен, 7-январда атышуулар кайра күчөдү.
Алеппонун саламаттык сактоо башкармалыгы дагы төрт адамдын каза болгонун, 18 киши жаракат алганын билдирди.
Сириялык күрттөр жарандык согуш маалында өлкөнүн түндүк-чыгышында жана Алепподо автономдуу аймактарды түзүшкөн. Алардын куралдуу түзүмдөрү Сирия демократиялык күчтөрү — Дамасктагы жаңы бийлик менен түзүлгөн макулдашууга ылайык, 2025-жылдын аягына чейин бирдиктүү сириялык армияга кошулушу керек болчу. Тараптар бул пландын ишке ашпай калышына бири-бирин күнөөлөшүүдө.
Дамаск армиясы Алеппонун Шейх-Максуд жана Ашрафия райондорунда мыйзамдуу аскердик буталарга сокку уруп жатканын билдирсе, күрт күчтөрү жаңы кагылышууларга өкмөттү айыптады. Коопсуздук кырдаалынын курчушуна байланыштуу Алепподо аэропорт жабылып, бир катар көчөлөр жана Түркияга кеткен жол тосулду.
Бийлик жарандарды эвакуациялоо үчүн гуманитардык коридорлорду ачкан. Жарандык коргонуу кызматынын маалыматына ылайык, жаңжал болуп жаткан аймакатан болжол менен 10 миң адам чыгып кеткен.
Шерине