Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

АКШ күчтөрү Түндүк Атлантикада Орусиянын желеги менен бараткан танкерди колго түшүрүштү


АКШнын Жээк күзөтүнүн кызматкери санкцияларды бузгандыгы үчүн 7-январда кармалган M/V Bella 1 танкерин карап турат.
АКШнын Жээк күзөтүнүн кызматкери санкцияларды бузгандыгы үчүн 7-январда кармалган M/V Bella 1 танкерин карап турат.

Кошмо Штаттардын деңиз күчтөрү Түндүк Атлантикада (Атлантика океанынын түндүк бөлүгү) Орусиянын желеги менен бараткан "көмүскө флотко" таандык танкерди колго түшүрдү. Бул кадам Венесуэладан мыйзамсыз мунай ташууга шек саналган кемелерге каршы көрүлгөн Американын чараларынын алкагында ишке ашты.

Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн Европадагы башкармалыгы 7-январда социалдык тармактар аркылуу жарыялаган билдирүүсүндө"Маринера" танкери (мурдагы аталышы "Белла-1") Исландия менен Британиянын ортосундагы Түндүк Атлантика аймагында кармалган.

Маалыматка ылайык, кеме АКШнын федералдык соту чыгарган ордердин негизинде колго түшүрүлдү. Танкерди Американын жээк күзөтүнө таандык Munro кемеси (USCGC Munro) узак убакыттан бери көзөмөлдөп келгени айтылды.

Мындан мурда орусиялык маалымат каражаттары танкердин жанында АКШнын тик учагы айланып жүргөн видеолорду жарыялап, бир катар медиалар операция жүрүп жатканы тууралуу өз булактарына таянып кабарлашкан.

Бул окуя АКШ күчтөрү Венесуэлада операция жүргүзүп, өлкөнүн лидери Николас Мадурону кармап кеткенден бир нече күн өткөндөн кийин болду. Ал рейд дүйнө жүзүндө чоң резонанс жараткан.

Акыркы апталарда АКШ күчтөрү Венесуэлага каршы кампаниянын алкагында дагы эки кемени басып алган. Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп буга чейин санкция салынган мунай танкерлеринин Венесуэлага кирип-чыгуусуна каршы "блокада" жарыялап жатканын билдирген.

"Белла-1" танкери Ирандан Венесуэлага жол тарткан жана санкция салынган бул өлкөдөн мунай жүктөө максатын көздөгөнү кабарланган. Декабрь айында АКШнын жээк күзөтү кеме Венесуэланын сууларына жакындаганда аны текшерүүгө аракет кылган. Танкер буга жол бербей, тез арада Атлантика океанына чыгып кеткен жана атын "Маринера" деп өзгөрткөн.

Андан кийин кеме Орусиянын расмий кеме реестрине катталып, экипаж мүчөлөрү анын корпусуна Орусиянын желегин боёп тартканы айтылат.

Москва андан бери расмий дипломатиялык нота тапшырып, Вашингтондон кемени куугунтуктоону токтотууну талап кылган. Кеме 2024-жылдын июль айынан бери АКШнын санкциялык тизмесинде болчу.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кеме эл аралык деңиз укугунун бардык нормаларын толук сактоо менен иш алып барганын билдирген.

Ак үй жана АКШнын Мамлекеттик департаменти бул маселе боюнча "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун суроосуна дароо жооп берген жок.

Ошол эле маалда Американын расмий өкүлдөрү танкерди Ливанда жайгашкан жана АКШ террордук уюм деп тааныган "Хезболлага" таандык компания үчүн мыйзамсыз жүк ташууга катышкан деп да айыптап жатышат.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG