Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Абдрахматов "Алтай" шаарчасынын курулушу Сейсмология институту менен макулдашылбаганын айтты


“Алтай” шаарчасынын курулушун баштоо иш-чарасы. 20-ноябрь, 2025-жыл. Бишкек.
“Алтай” шаарчасынын курулушун баштоо иш-чарасы. 20-ноябрь, 2025-жыл. Бишкек.

Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов Бишкекте курулушу башталган “Алтай” турак жай шаарчасынын долбоору академиянын Сейсмология институту менен макулдашылбаганын кабарлады.

Ал кабат үйлөрдүн пайдубалы үчүн казылган жерлерге суу толуп калганы тууралуу Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, турак жай комплекси түшө турган жер сейсмикалык жактан кооптуу экенин айтты.

Сейсмология институтун да башкарган Канат Абдрахматов бул аймакта суу жер кыртышына аябай эле жакын экени буга чейин эле белгилүү болгонун, ар кандай тобокелдиктерди алдын алуу үчүн атайын инженердик чечимдер керек экенин кошумчалады.

“Кызык, мындай чоң курулуштун долбоору Кыргызстандын президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту менен макулдашылган эмес”, - деди ал.

Жакында эле социалдык тармактарда “Алтай” шаарчасынын курулушу башталган жердин асмандан тартылган видеосу тараган. Анда пайдубал үчүн казылган жерлерге суу толуп калганын көрүүгө болот. Бул шаарчадан батир сатып алгандар кооптонуп чыгышкан.

“Алтайды” куруп жаткан “Кут” курулуш ишканасы Инстаграмдагы баракчасында бул тууралуу түшүндүрмө берди. Видеодо “Алтай” шаарчасынын курулушун баштоодон мурун компаниянын инженерлери геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, жер астындагы суунун деңгээли, топурактын курамы изилденгени айтылат. Ишкана дренаждык система курулуп, суу толугу менен чыгарыларын, кардарлардын кооптонуусуна негиз жок экенин кабарлады.

Былтыр 20-ноябрда Бишкектин түндүк-батыш ыптасында 234 гектар аянтты ээлеген жаңы “Алтай” турак жай шаарчасынын курулушу башталып, ага президент Садыр Жапаров да катышкан.

Маалыматка караганда, долбоор боюнча беш кабаттуу 1551 үй курулуп, жалпы 34 004 батир пайдаланууга берилет. Курулуштун жалпы аянты 1 миллион 7 миң чарчы метрден ашат. “Кут” курулуш ишканасы батирлердин баары сатылып кеткенин маалымдады. Шаарчада мектеп, бала бакча, бейтапкана, сейил бак, спорт жана балдар үчүн аянтчалар курулат. (BTo)



Шерине

 

XS
SM
MD
LG