Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Чүйдө үй-бүлөлүк зомбулукка шек саналып 33 жаштагы адам кармалды


Кармалган шектүү.
Кармалган шектүү.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Ысык-Ата районунда 33 жаштагы адам (А.Э.) үй-бүлөлүк зомбулукка шек саналып кармалганын билдирди. Облустук милициянын маалыматында 7-январда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 31 жаштагы келин (А.З.) кайрылып, Ивановка айылындагы үйүндө үй-бүлөлүк чыр-чатак учурунда жолдошу аны сабаганын айтып, чара көрүүнү суранып арыз жазган.

Бул факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында келиндин оң тарабындагы бир кабыргасы сынганы, денеси көк ала болгону аныкталган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кыргызстанда 2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрь чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп.

Соңку жылдары өлкөдө аялдарга жана балдарга каршы зордук-зомбулук көбөйдү. Былтыр 23-декабрда эле Бишкекте 47 жаштагы Жибек Урустемованы жолдошу ажырашуу соту болгон күнү атып салган. Келин туулган күнүндө ажал тапкан. (BTo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG