Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:19

"Жетиштүү коргогон эмес". Жибектин өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерлери кармалды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мындан бир нече күн мурда жаңы ажырашкан күйөөсүнүн колунан ажал тапкан Жибек Урустемованын өлүмүнө байланыштуу эки милиция кызматкери кармалганын билдирди. Алар жабырлануучу тарапты жетиштүү деңгээлде коргогон эмес деп айыпталып жатат.

Мунун алдында атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев укук коргоо органдары мындай учурлардын алдын алуу чараларын күчөтүшү керектигин айтып чыккан.

Атайын кызмат кармалгандардын бирин, Свердлов райондук милициясынын аймактык тескөөчүсүн бир нече жолу арыз жазылганына карабай, Урустемова жана анын балдарынын коопсуздугу үчүн жетиштүү чара көргөн эмес деп айыптоодо. Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын инспектору кылмышка шектүү алып жүргөн тапанчага байланыштуу кармалды.

“Анан калса, мыкаачылык менен адам өлтүрүү болгондон кийин өзүнүн кылмыштуу аракеттерин жашыруу үчүн кылмышкердин жашаган жерин текшергени тууралуу актыны мурдагы дата менен жазып, документти жасалмалаган. Тергөө ошондой эле Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын А.К. аттуу инспектору мыйзамды одоно бузуп, кылмышка шектүүгө травматикалык тапанча алып жүрүү жана сактоо мөөнөтүн узартып берип турганын аныктаган. Кылмыш болгон учурда анын мөөнөтү өтүп кеткен жана А.К. аны кайтарып алуу үчүн чара көргөн эмес”, - деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

29-декабрда эки укук коргоо кызматкерине кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына киргизилгени белгилүү болду. Ленин райондук сотунда бөгөт чаралары каралып, тергөө аягына чейин абакта калтыруу чечими чыккан.

Атайын кызмат жооптуу укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттери кылдат текшерилип, тиешелүү юридикалык баа берилерин белгиледи.

Жибектин өлүмү: эки милиция кызматкери камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:04 0:00

Бишкек милициясы шаарда 23-декабрда болгон бул окуяга байланыштуу "Адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 26-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул иште жаңы жагдайлар белгилүү болгонун, тергөөнү эми өзү жүргүзөрүн билдирген.

Жибек Урустемова күйөөсүнүн зомбулугунан улам милициянын коргоо ордери менен жүргөнү, ал эми кылмышка шектүү күйөөсү тапанчаны мыйзамсыз алып жүргөнү маалымдалган. Шектүү милициянын мурдагы кызматкери экени такталган.

Окуя болгон күнү жубайлардын ажырашууга байланыштуу соту болгон. Маркум келиндин жакындарынын билдиришинче, соттук отурумда аял жарашпай турганын, ал эми күйөөсү чогуу жашагысы келерин айткан. Маркум келин ошол күнү 47ге чыккан.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев укук коргоо органдарына кайрылуу жасады:

“Мындан ары жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары, укук коргоо органдардын жетекчилери, коопсуздук мекемелери чогуу ушул маселелерди талдап чыгышыңар керек. Айрыкча айыл жерлеринде, райондордо, зордукчул адамдарды жана ошого ыктагандарды алдын ала байкап, алар менен профилактикалык иштерди жүргүзүшүңөр керек. Качан эле бирөөнү атып өлтүрүп коюп, зордуктап койгондон кийин барып карабастан, алдын ала карашыбыз керек”.

Жибек Урустемованын уулу Бекжан бийликке кайрылып, апасы каза болгондон кийин алардын батиринин ипотека акысы төлөнбөй калышы ыктымал болуп жатканын айтып, жардам суранган. Ал ошондой эле экинчи жана үчүнчү класста окуп жаткан инилери бар экенин, аларды да багуу үчүн жогорку окуу жайдагы окуусун таштап, иштөөгө мажбур экенин белгилеген. Социалдык тармактарда ага жардам чогултуу боюнча да демилгелер көтөрүлгөн. Кийин Ташиевдин тапшырмасы менен УКМКнын кеңсесинде аны менен жолугушуу өтүп, Урустемованын балдарына ар тараптуу жардам берилери кабарланды.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр он айда зомбулукка кабылган адамдарга 14 362 убактылуу коргонуу ордери берилген – анын 13 663ү аялдар, 699у эркектер алган. Ордер алганы менен жабырлануучунун коопсуздугу сакталбайт деп сындагандар да бар. Буга 2023-жылы Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган Асел Ногойбаеванын окуясын мисал келтиришет. Ал да милицияга бир нече ирет кайрылып, беш жолу коргоо ордерин алганын айткан.

Адвокат Шердор Абдыкапаров зомбулук көрсөткөндөргө мыйзам жагынан катаал чаралар каралганын, маселе аткарууда дейт.

“Аймактык милиция кызматкери коргоо ордерин, өзүнүн жана адвокаттын байланыш номурун берип, “зомбулукка кабылсаң байланыш” деген учурда деле түшүнүктөн улам чалбай чыдап жүрө бергендер бар. Коргоо ордеринен да эффективдүү ыкма дей турган болсок, мыйзам жагынан бардык зарыл талаптар каралып, кабыл алынган. Эми аймактык милиция кызматкерлери иштетиши гана керек, ошол эле жагы калды”.

Урустемовага чейин быйыл май айында Өзгөндө 38 жаштагы Айзиректи да күйөөсү атып өлтүргөн. Бул боюнча Ош облустук соту анын күйөөсүн 18 жылга эркинен ажыраткан. Буга чейин да жолдошунун колунан каза тапкан учурлар утур-утур катталып келген. Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова бул маселе парламентте көп жолу көтөрүлүп келатканын, зомбулукка каршы комплекстүү чаралар көрүлүшү керек деген пикирин билдирди.

“Алдын алуу иштерин күчөтүү керек. Себеби биз факты болгондон кийин гана талкуулап жатабыз. Бул бир жылда эле жыйынтык бербейт, комплекстүү иштер каралышы шарт. Кечээ айым депутаттар да чогулуп талкуулаганбыз. Буга мырза депутаттар да кошулуп, айтып, президент Садыр Жапаров да Курултайда үн катты, генерал Камчыбек Ташиев да кайрылуу жасады. Менимче, бул акыркы өлүм болуп, кайра кайталанбашы керек”.

Быйыл он айда Кыргызстанда 18,2 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды, бул былтыркыдан дээрлик 28% көп. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2024-жылы Кыргызстанда 34 аял өлтүрүлгөн. Быйыл жыл башынан бери 8 ай аралыгында 21 аял зомбулуктун курмандыгы болду.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG